Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:45

Генетиктер жүгөрүнүн түшүмдүүлүгүн бир жарым эсеге көбөйтүштү. Австралиянын 353 жылдык картасы түбөлүккө сакталат. Адамдын окуу жөндөмү анын гени менен эле аныкталбайт.

Робот шеригин “канмайданда” жалгыз таштабайт

Эгер роботтордун жолунда чоң тоскоолдук кездешсе же алар аңга түшүп кетсе, бири-бирин түртүп атып, тоскоолдуктан өтүшөт, чуңкурдан да чыгып кетишет. Мындай “жолдошчулукка бекем” роботтор Беркли шаарындагы Калифорния университетинин Biomimetric Millisystems лабораториясында жасалды.

VelociRoACH деп аталган бул роботтор магнит бириктиргич жана микро өткөргүч менен жабдылган. Башкаруу системасына киргизилген алгоритмдер береги роботтордун жуп-жуп болуп иштөөсүн программалайт. Жолдошун артынан түртүп, аңдан чыгууга жардамдашып жаткан робот шеригине зым аркан менен чиркешип алат. Аңдан чыккан робот микро өткөргүчтү пайдаланып, шеригин сыртка тартып алат. Мындай алгоритм менен программаланган роботтордун өз ара көмөктөшүүсү 50% ийгиликке жетишүүдө. Бул роботтордун тарыхындагы биринчи өз ара жардамдашуусу десек болот. Келечекте мындай достукка бекем роботторду техногендик кырсык болгон жерде, космосто кеңири пайдалануу мүмкүн жана алар катаал шартта адамдарга караганда алда канча үзүрлүү иштери кажетсиз. Biomimetric Millisystems лабораториясында 2 метрге чейинки бийиктикке бүргөдөй секирип чыкчу коңуз-робот да жасалды. (Булагы: robotics.eecs.berkley.edu)

Генетиктер дыйканчылыкка кызыга башташты

Илимпоздор жүгөрүнүн түшүмдүүлүгүн 1,5 эсе көбөйтүштү. Жүгөрүнүн сотосу же мардегинин чоңдугун "fea3" гени аныктай турганын биологдор далилдешкен. Бул генди илимпоздор жасалма жол менен мутация кылганда, жүгөрү чоң эмес, тескерисинче, кичинекей сото берген (Мутация— тукум куума информацияны алып жүрүүчү ДНКнын молекулаларындагы өзгөрүүлөр). Көрсө жалбырактар сөңгөк клеткасына сигнал жиберип, данды азайтууну буйруйт экен. Мындан кийин биологдор мутацияны биринчи жолкудан бир кыйла күчсүз кылышканда, жүгөрүнүн мардеги чоң болуп өнгөн жана даны 150% арбыган. “Өсүмдүк сөңгөк клеткасын өтө көп иштеп чыгат. Анын натыйжасында мардекте ашыкча көп дан пайда болот да сото аларды жарык, ным жана азык-түлүк заттары менен камсыздай албай калат”, -дейт Нью-Йорктогу Cold Spring Harbor лабораториясынын изилдөөчүсү, профессор Дэвид Жексон (David Jackson). Анын айтымында, окумуштуулар алдагыдай мутацияны пайдаланып, башка дагы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн жогорулатуу мүмкүн деп ойлошот. Алар эми "fea3" генинин аллелдерин (аллель-бул бир эле гендин түрдүү формалары) жүгөрүнүн түшүмдү мол берчү түрлөрүнө жана башка дан өсүмдүктөрүнө пайдаланып көрмөй болушту.

Америкалык окумуштуулар 2015-жылы CLAVATA3 генинин түзүлүшүн башка гендин жардамы менен өзгөртүү аркылуу сөңгөк клеткасын көбөйтүп, жомоктогудай килейген жашылчаларды өстүрүшкөн.

Австралиянын 353 жылдык картасы түбөлүккө сакталат

Австралиянын биринчи картасын Мельбурн университетинде эксперттер анализдеп, абалын баалашууда. Топографиялык жол менен жасалган жана узун-туурасы 1,5 метрден чоңураак картаны Голландиянын Чыгыш Индия компаниясынын картографы Жон Блау (Joan Blaeu) 1663-жылы түзгөн. Ал карта кийин Австралиянын бардык карталарына, анын ичинде 1770-жылы атактуу Жеймс Кукка Австралиянын толук картасын жасоого негиз болгон. Атактуу деңиз саякатчысы жана изилдөөчү Абел Тасман колдонгон алдагы картада Австралия Жаңы Голландия деп аталат. Тасман экспедиция маалында чогулткан материалдар Австралия өзүнчө материк экенин далилдөөгө мүмкүндүк берген. Баа жеткис карта 2010-жылы Швецияда табылып, аны үч жылдан кийин Австралия сатып алган.

Мельбурн университетинин Маданий матриалдарды сактоо борборунун жетекчилеринин бири Либба Мильцердин айтуусунда, Австралиянын жээктери жана өзгөчөлүктөрү курамында жез бар көк жашыл сыя менен боёлгондуктан тарыхый картанын кагазы бузулуп кеткен. АбельТасман 1642-жылы 24-ноябрда өз экипажы менен Тасманияны кандай көргөнүн көөнө картадан көрүүгө болот.

353 жылдык картанын абалын эксперттер баалаган соң аны Австралиянын улуттук китепканасынын үч адис-консерватору кеминде жарым жыл бою калыбына келтирет (Булагы Australian Geographic, ABC.net.au).

Адамдын окуу жөндөмү анын гени менен аныкталбайт

1. Адамдын окуу (үйрөнүү); 2) Өз алдынча окуп, билим алуу жана 3) Жаңы маалымат кабылдоо жөндөмүнө гендердин 74 түрү жооптуу. Муну америкалык илимпоздор Даниэл Бенджамин (Daniel Benjamin), Дэвид Чезарини (David Cesarini) жана Филипп Коеллингер (Philipp Koellinger) баштаган эл аралык окумуштуулар тобу масштабдуу изилдөөнүн натыйжасында аныкташты. 15 өлкөдөгү европеид расасындагы адамдардын 74 генин изилдөө алардын окуу (үйрөнүү) жөндөмү 0,43% - 1% чейин гана айырмаланарын көрсөткөн.

Бул жааттагы 2013-жылкы биринчи изилдөөгө 101 миң адам тартылып, илимпоздор алардын билим деңгээлине байланышкан үч генетикалык түрдү табышкан. Экинчи жолу болсо 294 миң адам изилденген. “Адамдын окууга жөндөмү көбүнесе чөйрөсүнө, ал өсүп тарбияланган чөйрөгө багыңкы. Мында ар бир адамдын генетикалык өзгөчөлүктөрү да роль ойнойт. Ошентсе да гендин ролу мурда көбүбүз эсептегендей өтө эле маанилүү эмес. Генетикалык айырма адамдардын окуу (үйрөнүү) жөндөмүн бир аз гана аныктайт,”- деп эскертет АКШдагы Корнелл университетинин доценти Д. Бенджамин. (Бул изилдөөнүн натыйжасы “Аккан арыктан суу агат” деген кеп дайыма эле туура чыкпасын да көрсөтөт десек жаңылыштык болбойт).

Изилдөө адамдын окуу (үйрөнүү) жөндөмүнө байланыштуу көпчүлүк гендер адамга туулгандан баштап эле таасир эткенин, бул гендер аны башка бирөөдөн өзгөчөлөп турганын көрсөткөн. Гендик өзгөчөлүк Альцгеймер, шизофрения жана жээликме депрессиялык психоз сыяктуу дарттын жаралышына өбөлгө түзөрү да аныкталган.

“Кесипкөй синоптиктер аба ырайын 95% жакын туура болжолдошот,- дейт Д. Бенджамин. -Синоптика илими социалдык генетика илимине караганда алда канча так болжол жасайт.” Илимпоздун айтуусунда, жогоруда аталган 74 ген кимде көп болсо, аларга мектеп деңгээлинде билим алууга расмий каралгандан көп убакыт кетет. Бирок бул 74 ген билим гени эмес. (Караңыз: www.theatlantic.com)

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG