Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:33

Чымын жуткуч чөп бешке чейин санайт


Чымын жутчу венеринанын фотосүрөтү
Чымын жутчу венеринанын фотосүрөтү

Чымын жегич чөп жалбырагына бут койгон курт-кумурсканы колдон чыгарбас үчүн бешке чейин санап туруп, анан капканын жабат. Оорукчан клетканы өлтүрчү нанобөлүкчө жасалды. Жалкоо сперматозоидди "чукулап", жумуртка клеткасына киргизчү робот-киборг жасалды.

Чымын жутчу венерина (илимий аталышы -Dionaea muscipula) жалбырагына аяк таштаган курт-кумурскаларды жеп, жан багат. Анын түгүнө курт-кумурскалар тийгенде анда адамдын нерв системасындагы сигналдарга окшош импульсттар пайда болуп, капкагы жабылат да олжону аш кыла баштайт. Капкан кыймылга келип, ашказандагы тамакты сиңире баштаганга чейин беш аракет жасалат. Ал үчүн абдан көп энергия жумшалат.

Венерина ашыкча күч жумшабас үчүн тузакка түшкөн жандыктын чоңдугун эсептеп туруп аракет кылганын Германиянын Вюрцбург университетинин Райнер Хедрих (Rainer Hedrich) жетектеген илимпоздору аныкташкан. Англиянын Нью-Гэмпшир университетинин изилдөөчүсү Уэйн Фагерберг: “Арийне, чымын жегич чөптүн "1, 2, 3, 4” деп эсептегенге мээси жок. Бирок санап жатпайбы”, - дейт New Scientist журналына. "Ошон үчүн чымын жечү чөп жалбырак-тузагына илинген олжо коркуп чабалактай баштаганда, аны түгү менен сезет да жасмон кислотасын - гормонду бөлөт. Курмандыктын тыбырчылаганына карай анын чоңдугун аныктайт жана аны аш кылып, сиңиргенге керектүү ферменттерди ошого жараша бөлөт" деп айтылат макалада.

Вирусту өлтүрчү нанобөлүкчө

Коркунучтуу вирусту жок кылуу үчүн денеге киргизилген микроорганизмдин организминдеги нанобөлүкчөлөр жарыктын жардамы менен башкарылат. Же ал жарык менен кыймылга келип, кесел клеткага чабуул жасайт. Колорадо Боулдер университетинин (University of Colorado Boulder, USA) илимпоздору ойлоп тапкан бул технологиядан дени сак клеткалар жабыркабайт.

Эбола вирусу микроскоптон караганда. Shutterstock
Эбола вирусу микроскоптон караганда. Shutterstock

Nature Materials журналында чыккан макалада айтылгандай, бул эксперимент ийгиликтүү улантылса, келечекте нанобөлүкчөнү адамдын организмине ийне сайып киргизип дарылоого мүмкүнчүлүк пайда болот. Жаңы нанобөлүкчө алтын өңдүү стафилококк жана сальмонелланын бактериясын 92 пайыз эффективдүү өлтүрүүгө, пневмониядан айрылууга мүмкүндүк берет.

Тукумсуздукту жок кылчу робот-киборг

Немис окумуштуулары иштеп чыккан технология кайсы бир сперматозоидди башкарылма робот-киборго айлантып, жумуртка клеткасынын ичине киргизгенди мүмкүн кылды. Ал үчүн сперматозоидге экзоскелет капталат. Экзоскелет металл жалатылган полимерден жасалып, сперматозоиддин куйругунда пружина сыңары айланып турат. Багытталган магнит талаасы экзоскелетти өз огунда айлантып, алдыга түртүп кыймылдатат. Мындай сперматозоид жумуртка клеткасына өтө ылдам жетет, микрокыймылдаткычы ага клетканын ичине киргенге жардамдашат. Бул уруктанууну жеңил кылат. Көпчүлүк учурда 200-500 миллион сперматозоиддин арасынан жумуртка клеткасына ашып кетсе 100ү жетет жана алардын анча-мынчасы гана жумуртка клеткасынын ичине кире алат. "Тукумсуздуктун бир себеби кээ бир адамдарда сперматозоид жарамдуу экенине карабай көп кыймылдабай жалкоо болгондуктан уруктанууга үлүш кошпойт" дешет окумуштуулар. (Дрездендеги Наноилимдердин интегралдык институнун (Institute for Integrative Nanosciences) ачылышы жөнүндө караңыз: Daily TechInfo.org)

Айдоочулар космос аркылуу байланышат

Toyota компаниясы спутник менен түз байланыша алчу автомобиль жасады. Мындай автомобилдин прототиби Детройтто (АКШ) болгон эл аралык автосалондо көрсөтүлдү.

Эл аралык Түндүк Америка автосалонунда көрсөтүлгөн Toyota FCV Plus автомобили. 12-январь 2016
Эл аралык Түндүк Америка автосалонунда көрсөтүлгөн Toyota FCV Plus автомобили. 12-январь 2016

Азыр автоунаалар башка тарап менен уюлдук байланыш системасы аркылуу байланышат. Ал бардык жерлерди тегиз камтый албайт. Спутниктик байланыш үчүн параболикалык антенна чоң болгондуктан, аны жеңил машинага орнотуу мүмкүн эмес. Жапондордун Toyota жана Kymeta корпорациялары чогуу иштеп чыккан жалпак антенна гексагон формасында болуп, туурасы 16 сантиметр.

Ал жеңил машиненин төбөсүнө опоңой орнотулуп, айдоочуларды космос аркылуу байланыштырат. Ошон үчүн бул антенна аба ырайынын катаал шартына карабай, дүйнөнүн кайсы бурчу менен болбосун сүйлөшүүнү жана чоң көлөмдөгү маалыматты жиберүүнү мүмкүн кылат.(Караңыз: GeekWire.com). Аны келечекте робот-автокөлүктөрдү алыстан башкарганга колдонсо болот.

XS
SM
MD
LG