Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:01

Адамдын мээсинин эс тутуму мурда эсептелгенден бери дегенде эле 10 эсе чоң экен. Бал аары эртеңки жумушту бүгүн бүткөрөт. Дүйнөдөгү биринчи айдоочусу жок автокөлүк жолоочуларды ташый баштады. Асман көлүктөрү-дрондор алыскы жайлоолорду тейлейт.

Бал аары эртеңки жумушту бүгүн бүткөрөт. Бал аарылар келерки күнү жамгыр жаачу болсо, алдыңкы күнү жан алы калбай кеч бешимге чейин иштешет. Xu Jiang He жана коллегалары (Наньчан шаарындагы Цзянси айыл чарба универитети) 300 аарыга радиотолкун аркылуу таанычу тогоо тагып, 34 күн бою байкоо жүргүзүшкөндөн кийин ушундай тыянак чыгарышты. Бал аары эртең жамгыр жаай турганын абанын нымдуулугуна, температурасына жана атмосферанын басымына карай аныкташы мүмкүн, -

Дарактын гүлүнүн ширесин чогулткан бал аарылар.

Дарактын гүлүнүн ширесин чогулткан бал аарылар.

дешет кытайлык окумуштуулар. Иллинойс Урбан-Шампейн университетинин профессору Жин Робинсон (Gene Robinson), жаан-чачындуу күнү бал аарыларга ашыкча азык түлүктүн кереги жок, жыйнап-топтоо алардын көнгөн адаты экенин айтат. Алардын жүрүм-турумуна гүлдөрдүн ачылганы да таасир этиши мүмкүн. Эгер кытайлык окумуштуулардын илимий ачылышы туура болсо, аба ырайынын өзгөрүүсүн алдын ала билгенге жана бал аарылар эмне үчүн гүлдүн ширесин жыйнап жатып тамактанганын түшүнгөнгө жардамдашат, дейт америкалык биолог (Newscientist.com.).

Асман көлүктөрү-дрондор алыскы жайлоолорду тейлейт. Google компаниясы интернет өнүкпөгөн аймактарды байланыштырууну көздөгөн Sky Bender долбоорунун үстүндө иштөөдө. Internet Live States изилдөөсү боюнча, 2015-жылы дүйнөнүн 40 процентинде гана интернет байланышы бар. Бул жерлерди интернет менен камтуу үчүн Google асман көлүктөрү-дрондорду жана миллиметрлик радиотолкундарды пайдаланууну мерчемдөөдө. Сиэттлдеги Вашингтон университетинин профессору Жак Руделлдин (Jaques Rudell) айтуусунда, азыр уюлдук телефондор пайдаланган спектр жык-жыйма болгондуктан, мм толкундарды колдонуунун артыкчылыгы чоң болот. Thegardian.com сайты жазганга караганда, жаңы долбоор зымсыз интернет байланышынын 5G желесине (муунуна) пайдубал курат. Ал азыркы 4G желесинен кеминде 40 эсе ылдам болот жана секунадасына бир нече гигобайт маалыматты берүүгө мүмкүн.

Адамдын мээсинин эс тутуму мурда эсептелгенден бери дегенде эле 10 эсе чоң экен. АКШнын Техас университетинин (Остин шаары) окумуштуулары мээнин нейрондору, синапстары, дендриттери жана аксондорунун өзүнчө моделин түзүп, изилдеп көрүшкөндөн кийин ушундай жыйынтык чыгарышты. Мээнин эс тутумга жооптуу бөлүгү гиппокамп деп аталат. Нейрондун эс тутумунун көлөмү анын синапстарынын санына жана көлөмүнө жараша болот. Аларды жаңы жол менен эсептөө бир синапстын эс тутуму 4, 7 битке барабар экенин аныктаган, а жалпы мээнин эс тутуму 1 петабайт. 1 петабайт = 1000 терабайт же 1 000 000 000 000 байт. Бул АКШ Конгрессинин китепканасындагы бардык маалыматтан төрт эсе чоң. Жаңы илимий ачылыш сөздү жана сүрөттөгү заттарды таанычу, бирок энергияны аз пайдаланчу суперкомпьютерди жасаганга жардамдашы мүмкүн, деп белгиленет Salk.edu сайтына чыккан макалада.

Нидерландияда дүйнөдөгү биринчи айдоочусу жок автокөлүк жолоочуларды ташый баштады. “WEpod” алты адамды коомдук жолдо 200 м аралыкка күндүзү ташууда. Ал 8 км/саат ылдамдык менен жүрүүдө. Бирок ылдамдыгын 25 км/саатка чейин тездете алат. Авторобот бир айлык сыноодон кийин 6,4 км аралыкта жүрө баштайт. “WEpod” кадимки автомобилдер сыяктууе GPS-навигатор, заттарды үч өлчөмдө көрсөтчү блок жана радар менен камсыздалган. Автокөлүк алдагы жабдуулар менен өз ордун, жолдогу тоскоолдуктарды, автоунааларды жана башка нерселерди аныктайт. Айдоочусуз автомобилди Нидерландиянын Делфт техникалык университети иштеп чыккан жана аны жасаганга 3 млн евро сарпталган. (Булагы:telegraph.co.uk, Wepods.com)

Шамалдан ылдам «буудан». АКШдагы атактуу Массачусеттс технологиялык институтунун студенттери жүргүнчүлөрдү ташуучу капсюлду куруу жана аны аны сыноо укугун жеңип алышты. Магниттик жолдо жүрчү капсюль- көлүк Hyberloop деп аталып, анын концепциясын канадалык-америкалык миллиардер-ойлоп тапкыч Илон Рев Маск сунуш кылган. Формасы октой көлүктүн диаметри 3, 66 м болуп, 20-30 адам саатына 1127 км ылдамдыкта ташылат. Маск айтканга караганда, сынак өткөрүү үчүн 1,5 км атайын жол курулат жана бул дизайн 200 км жолго жарайт.

Texas A&M университетинде болгон бул дизайн сынакка 26 өлкөнүн (анын ичинде Индия, Өзбекстан) жана АКШнын университеттеринен 115 команда катышты. Эң мыкты деп табылган калган төрт дизайндын бирөө Нидерландиянын, үчөө АКШнын командаларына таандык. Конкурсту SpaceX компаниясы каржылады.

Пневматикалык ноолор азыр банктарда жана башка мекемелерде ич ара кат ташууда колдонулат (Кабардын булагы: AP, Arttechnica.com.)

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG