Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:14

Тажик оппозиционери көп аял алганы үчүн айыпка жыгылды


Саидиброхим Назар
Саидиброхим Назар

Тажикстанда сот Ислам кайра жаралуу партиясынын төрагасынын кеңешчиси Саидиброхим Назарды көп аял алганы үчүн акчалай айыпка жыкты. Бул өлкөдө көп аял алгандарды жазалаган биринчи чечим эмес. Буга чейин да Хатлон облусунда эки же андан көп аялы бар 25 адам айыпка жыгылган.

Дүйшөмбү шаарынын Исмоил Сомони райондук соту Саидиброхим Назарды көп аял алган деген айып менен 60 миң тажик сомонисине айыпка жыкты. Бул он миң долларга жакын акча болот. Бул тууралуу өткөн жумада Тажикстандын биринчи каналындагы "Ахбор" маалымат берүүсүндө көрсөтүлгөн. Анда Назардын төрт аялы бар экени, алар менен жалпы чарба жүргүзгөнү, аялдарынын бири орус улутунан экени айтылат.

Соидиброхим Назар өзү да көп аял алганын четке какпайт. “Азаттыктын” тажик кызматына маегинде ал буларды айтты.

- Мен муну четке какпайм. Мен алар менен жашап, бала-бакыралуу болсом эмнеге четке кагат элем? Бирок азыр төрт эмес, эки эле аялым бар. Бирөө менен ажырашып кеткем, а орус аялымдын көзү өтүп кеткен. Сотто болсо баарын кошо эсептеп туруп, мени төрт аялдуу кылып салышты.

Канткен менен Назар соттун бул чечимине каршы арызданбасын, анткени мыйзамда көп аял алууга тыюу салынганын айтып, мыйзамды бузганы үчүн жаза алганын кошумчалады. Ошондой эле ал эми ар кимден акча сурап, жаза пулдан кутулууга аракет жасарын айтты.

Эки айдай мурда Назар бир аял менен сексуалдык мамиледе болгону тартылган тасма жайылып кетиши менен аты чыккан эле. Бул тасма тажик коомчулугунда чоң талкууну жараткан. Ал анда бул тасманын жайылышын абийирсиздик деп атап, өз никесиндеги аял менен жалдап алган батирде болгонун айтып чыккан эле.

Назар мүчө болгон Тажикстан ислам кайра жаралуу партиясы соңку сот чечими боюнча эч кандай комментарий берген жок. Аталган партия өлкөдө кадыр-баркы бар оппозициялык саясий кыймылдардын бири деп эсептелет, 45 миңдей мүчөсү бар. Парламентин буга чейинки үч чакырылышында ылдыйкы палатадан орун алып келген. Бирок быйыл 1-мартта өткөн соңку шайлоодо беш пайыздык босогону багындыра албай калды. Жашы 50дөн ашып калган Саидиброхим Назар өткөн кылымдын 90-жылдарында бул партияны түптөгөндөрдүн бири, Тажикстандагы белгилүү оппозициялык саясатчы.

Саидиброхим Назар канткен менен Тажикстанда көп аял алганы үчүн жазаланган биринчи киши эмес. Былтыр сентябрда Хатлон облусунда бир убакта эки же андан ашык аял менен жашаган 25 киши соттолуп, кылмыш кодексинин 170-беренесине ылайык, айып пулга жыгылган. Тажикстандын мыйзамдары боюнча, көп аял алган жарандар алты айдан беш жылга чейин эркинен ажыратылат же 40 миң сомониден жогору айып пул төлөшөт. Бул деген 8-16 миң доллар.

Тажикстандай эле Кыргызстандын мыйзамдары да бир эле мезгилде бир нече аял алууга тыюу салат. Маселен өлкөнүн Кылмыш-жаза кодексининин 153-беренесинде мындай деп жазылган: "Эки же андан көп аял алганда, башкача айтканда, жалпы чарба жүргүзүп, эки же андан көп аялдар менен чогуу жашаганда, эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат". Бирок Кыргызстанда бул берене менен эч ким жазалана элек.

Деген менен саясатчылардын, ишкерлердин же дагы башка таанымал адамдардын арасында эки же андан ашык аялы барлар бар экени коомчулукта көп эле айтылып келет. А түгүл мындан бир канча жыл мурда көп аял алууну мыйзамдаштыруу демилгеси да көтөрүлүп, ал жарандык коомдун катуу сынына кабылган.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG