Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:50

Грей: Социалдык медианы чектөө кыйын


Иллюстрация
Иллюстрация

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев мамлекеттик кызматкерлердин интернеттеги социалдык баракчаларды колдонуусуна тыюу салууну сунуштады. Бул аракеттен майнап чыгабы?

“Азаттык” социалдык түйүндөр боюнча британиялык эксперт Адам Грейди кепке тартты.

Адам Грей: Чектөөлөр иштеп кетет деген көз караш бар. Бирок бул кыска мөөнөттүк гана чечим. Эң мыкты ыкма – билим берүү. Адамды мажбурлаганча социалдык медианы колдонуудан кандай пайда аларын үйрөтүү керек. Адатта мындай чектөөлөр киргизилгенде кызматкерлер тескерисинче, ага каршы чыгат. Алар башка ат менен баракча ачып алышы мүмкүн. Анткени алар социалдык медиадагы баарлашууну токтоткусу келбейт.

“Азаттык”: Башка өлкөлөрдө мамлекеттик кызматкерлердин социалдык медианы колдонуусуна чектөө коюлган учурлар болгонбу?

Эгер катардагы кызматкер социалдык түйүндөрдө туура иштөө өтө пайдалуу экенин айтса, эч ким ага ишенбеши мүмкүн. Бирок иш берүүчүлөр айтса, кызматкерлер ишенет.

Адам Грей: Андай учурлар көп кездешпегендей. Мамлекеттик кызматкерлер тыюу салынганы үчүн эмес, өзү ошондой чечкени үчүн социалдык түйүндөрдү жумуш маалында колдонбоого аракет кылышат. Анткени алар туура эмес сөздөрдү айтып алабыз деп кооптонушат. Андыктан алар атайылап социалдык тармактардан алысыраак турган учурлар бар.

“Азаттык”: Эл аралык компаниялардын мисалдарын карасак, жумуш менен социалдык түйүндөрдү колдонуунун ортосунда тең салмакты кантип тапса болот?

Адам Грей: Менимче, азыр өз кызматкерлеринин социалдык медианы колдонуу сааттарын чектеген компаниялар көп. Бирок өтө ийгиликтүү компаниялар өз ишин жайылтуу багытында социалдык түйүндөр эң кубаттуу курал экенин моюга алышат. Эгер катардагы кызматкер социалдык түйүндөрдө туура иштөө өтө пайдалуу экенин айтса, эч ким ага ишенбеши мүмкүн. Бирок иш берүүчүлөр айтса, кызматкерлер ишенет.

Кыргызстанда бир катар саясатчылар интернет түйүндөрүндө өз баракчаларын ачышкан.
Кыргызстанда бир катар саясатчылар интернет түйүндөрүндө өз баракчаларын ачышкан.

Андыктан аларды социалдык баракчаларды туура колдонууга шыктандыруу - тыюу салууга караганда кыйла пайдалуу. Бирок кызматкер теңсалмактуулукту таба билиши зарыл. Анткени ал социалдык түйүндөрдү колдонуу менен бирге ишти да кылышы керек. Менимче, келечекти көрө билген компаниялар кызматкердин жумушта канча саат өткөргөнүнө эмес, канча иш жасаганына көңүл бурушат. Алардын эрежеси боюнча, жумушуңду бүтүрсөң, социалдык түйүндөрдү колдоно берсең болот.

“Азаттык”: Мамлекеттик кызматкер, же компаниянын жумушчусу катары социалдык түйүндөрдү колдонууда жоопкерчиликтин ролу канчалык?

Адамдар социалдык тармактарды туура колдонгонду үйрөнүшү керек. Алар интернеттеги социалдык тармактардын күчүн, кооптуу жактарын, эмнеге этият мамиле кылуу керектигин билгени жакшы.

Адам Грей: Жоопкерчиликтин ролу ар дайым бар. Сиздин максатыңыз - аны колдонуу аркылуу эл менен баарлашып, алардын көз караштарын өзгөртүү. Бирок ага сезимталдык менен мамиле кылуу керек. Себеби чоң ката кетирип алышыңыз мүмкүн. Андыктан адамдар социалдык тармактарды туура колдонгонду үйрөнүшү керек. Алар интернеттеги социалдык тармактардын күчүн, кооптуу жактарын, эмнеге этият мамиле кылуу керектигин билгени жакшы. Антпесе интернетте жагымсыз талаштарга да жол ачылып кетиши мүмкүн.

“Азаттык”: Маалымат технологияларынын улам өнүгүп, жайылып жатканын эске алганда социалдык түйүндөр азыркы дүйнөнүн бир бөлүгүнө айланды деп айтсак болобу?

Адам Грей: Сөзсүз түрдө. Көп өлкөлөрдө адамдар социалдык тармактар аркылуу жан багат. Ал жактан жумуш табат. Андыктан социалдык тармактарды жашоодон ажыратып салуу барган сайын кыйындап баратат. Интернеттеги социалдык каналдар аркылуу өтө көп нерселерди жасап жатабыз. Мындан улам адамдар мындай каналдарды өкүнүп калбагыдай кылып колдонгонду үйрөнүшү керек.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG