Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:02

Судандагы митингде 35 киши мерт болду


Судан. 4-июнь, 2019-жыл.
Судан. 4-июнь, 2019-жыл.

4-июнда Судандын Аскердик кеңеши негизги оппозициялык коалиция менен буга чейин түзүлгөн бардык макулдашууларды жокко чыгарып, тогуз айдын ичинде шайлоо өткөрүүгө убада берди.

Судандын баш калаасы Хартумда күч кызматтары менен демонстранттардын ортосунда тиреш күч алды. 3-июнда Коргоо министрлигинин алдында өтүп жаткан митингди таратыш үчүн коопсуздук күчтөрү ок атты. Ошентип, тынч митинг катары пландалып жаткан акция кан төгүү менен жыйынтыкталды.

Күбөлөр туш келди ок атылганын, каза тапкан адамдардын саны көп болгонун айтып жатышат. Кабарларга караганда бери дегенде 35 адам мерт болуп, 100дөн ашуун адам жараат алды.

Митингдин катышуучуларынын бири Валид Фарук коопсуздук күчтөрүн айыптады:

«Биз, Судан эли, коопсуздук күчтөрү тынч митингдин катышуучуларын күч колдонуу менен таратканы үчүн жооптуу деп эсептейбиз. Коопсуздук күчтөрү Судан элине чыккынчылык кылды».

Митингдин башкы уюштуруучулары – Судандагы Кесипкөйлөр ассоциациясы Өткөөл аскердик кеңешти «демонстранттарга карата ырайымсыз күч колдонуп жатат» деп айыптады. Аскердик кеңеш бардык дооматтарды четке кагууда.

Судандын өткөөл кеңешинин төрагасы, генерал-лейтенант Абдел Фатта ал-Бурхан Суданды коргоо максатында күч колдонулганын билдирди:

«Аскердик кеңеш Нилдин көчөлөрүн тазалоо боюнча операция маалында болгон кан төгүүгө жана анын кесепеттерине өкүнүчүн билдирет. Бул окуялар башында пландагандай болбой калды. Биздин өмүрүбүздөн жана улутубуздан баалуу нерсе жок экенин билебиз. Улутубузду сактап калуу баарыбыздан курмандыкты талап кылууда. Ыңкылап кан төгүү менен башталды. Куралдуу күчтөр, коопсуздук күчтөрү жана өкмөттүк күчтөр элдин коопсуздугу үчүн жоопкерчилик алышкан эле. Алар Суданды башкарыш үчүн эмес, коргоп калыш үчүн биригишти. Суданда бийликке жетүүнүн жалгыз жолу – шайлоодо добуш берүү».

Генерал-лейтенант Абдел Фатта ал-Бурхан шайлоо өткөнгө чейин өлкөнү башкара турган убактылуу өкмөт чукул арада түзүлөрүн билдирди.

Өткөөл аскердик кеңештин (ӨАК) чечими акциялардын башында турган оппозицияны нааразы кылды. Оппозиция лидерлери өздөрүн жаңы администрациянын курамына киргизүүнү жана бийликти үч жылдык мөөнөткө жарандык башкарууга өткөрүп берүүнү талап кылууда. Ошондой эле оппозиция тогуз айдын ичинде шайлоо өткөрүү тууралуу аскердик бийликтин пландарын четке какты.

«Биз Өткөөл аскердик кеңештин башчысынын билдирүүсүндө айтылгандардын баарына каршыбыз», - деди демонстранттардын башында турган «Эркиндик жана өзгөрүү үчүн күчтөр» бирикмесинин лидерлеринин бири Мадани Аббас Мадани.

Оппозиция митингде күч колдонулганын кескин айыптап, бийликти жарандык коомго өткөрүп бериш үчүн нааразылык акцияларын күчөтөөрүн айтышты. Митингде кан төгүүнү Европа өлкөлөрү, АКШ жана Африка Биримдиги да сынга алышты.

Суданда былтыр декабрда каршылык акциялары алгач азык-түлүктүн кымбатташына, накталай акчанын жетишсиздигине байланыштуу башталып, кийин президентти кетирүү тууралуу талаптарга өсүп жеткен.

Ошентип апрелде өлкөнү 30 жыл бою башкарган президент Омар аль-Баширдин бийлиги кулатылган. Бирок анын ордун ээлеген аскердик бийликти демонстранттар колдобой, жарандык өкмөт келишин талап кылып, көчөдө кала беришкен. Ошентип, Суданда демонстранттардын лидерлери менен өткөөл аскердик өкмөт кризисти жөнгө салууда мунаса таба албай жатышат.

Судан 1993-жылы «террорчуларды каржылаган мамлекет» катары АКШнын «кара тизмесине» кирген. 2017-жылы АКШ Суданга каршы 20 жылдан берки соода эмбаргосун алып салып, «террорчулардын демөөрчүсү» тизмесинен чыгаруу тууралуу сүйлөшүүлөрдү баштаган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG