Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:05

Асад оппозиция менен диалогго барбайт


Президент Башар ал-Асад Дамасктын опера театрында сүйлөп жаткан учур. 6-январь, 2013
Президент Башар ал-Асад Дамасктын опера театрында сүйлөп жаткан учур. 6-январь, 2013

Президент Асад жекшембиде Сирия элине телекайрылуу жасады. Батыштын “кол баласы” болбогон күчтөр менен сүйлөшкөнгө даярдыгын айтты.

2012-жылдын ноябрынан берки биринчи кайрылуусунда президент Асад улуттук элдешүү боюнча конференция өткөрүүнү жана жаңы конституциянын долбоорун иштеп чыгууну сунуштады. Ошондой эле Батыштын “кол баласы” болбогон күчтөр менен сүйлөшкөнгө даярдыгын, 21 айдан берки согушту токтотуунун негизги шарты - көтөрүлүшчүлөрдү сырттан каржылоону токтотуу экенин айтты. Ал адаватчыларды “ал-Каиданын террорчулары” деп атады.

Президент Башар ал-Асад Дамасктагы опера театрына чогулган эл алдында жасаган телекайрылуусунда 2011-жылдын март айынан бери Сирия жери жана эл азап тартып жатканын баса белгиледи:

- Бүгүн мен сиздердин жана өлкөмдүн уулдарынын жүздөрүн көрдүм. Алар ый-муңга толгон. Мен Сириянын балдарынын көзүн көрдүм. Мен чыныгы жылмаюну жана тунук күлкүнү көргөнүм жок. Мен күлгөн балдарды, алардын куурчак ойноп жүргөндөрүн көрбөдүм. Улуулардын колун кармадым. Улуу адамдар өз балдары, кыздары же неберелерине аманчылык тилеп жатышты.

Башар Асад улуттук элдешүү боюнча конференция өткөрүп, жаңы конституциянын долбоорун иштеп чыгууга үндөдү. Бирок кандай гана тынчтык сүйлөшүү болбосун, “Сирияга чыккынчылык кылгандар жок өтүшү шарт” деп, оппозиция менен эч кандай диалогго барбасын эскертти. Көтөрүлүшчүлөрдү “Батыштын тайтекелери” деп мүнөздөдү.

“Биз ким менен сүйлөшөбүз? - деп кайрылды сириялыктарга ал.- Кандын, өлтүрүүнүн жана терроризмдин тилине ишенген экстремисттик идеядагы адамдар мененби? Биз тышкы өлкөлөргө жетеленген, алардын буйругун аткарган каракчылар менен сүйлөшүүбүз керекпи? Алар диалогду токтокула деп буйруганда, диалог алардын Сирияны алсыратуу планын ойрон кылаарын, айрыкча кээ бир региондун лидерлери Сирия кризистен чыкса, саясий болочогу бүтөөрүн билишкен. Же биз Батыштын куурчактары менен диалогго барышыбыз керекпи?”
Сириялык балдар жүк тарткан машиненин үстүндө отурушат. Алеппо. 2-январь 2013
Сириялык балдар жүк тарткан машиненин үстүндө отурушат. Алеппо. 2-январь 2013

Асад оппозиция ондогон жылдардан бери келаткан үй-бүлөлүк башкарууга каршы саясый күрөш жүргүзүп жатканын танып, аларды “адам канын күсөгөн кылмышкерлер” жана "жихадчылар" деп атады. Анын айтымында, 21 айдан бери өзү башында турган бийликке каршы күрөшүп жаткан оппозициялык күчтөрдүн революцияга эч кандай жакындыгы жок экен:

- Алар муну революция дешет. Бирок алардын революцияга эч кандай тиешеси жок. Революцияга ойчулдар керек, революция идеяга таянат. Кана ойчулдар? Ким билет революциянын башчыларын? Революция танууга эмес, билимге жана акыл-эске негизделет. Революция элди кылымдарга арта түртпөй, алдыга жылуусуна негиз болот. Революция коомго жарык алып келет, бийликти элден бөлүп салбайт. Революция өз элине каршы тыш өлкөдөн импорттолбойт, ал элдик кыймыл болот.

Сирия оппозициясы кайрылууну сындашып, президент сунуш кылган тынчтык планы кризисти токтотуунун акыркы мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарат дешти. Оппозиция өлкөдөгү согушту басуунун бирден бир жолу - Башар Асаддын президенттиктен кетиши деп санашат.

Сирия оппозициясынын улуттук коалициясынын өкүлү Валид Буннинин билдиришине караганда, Ассаддын демилгеси өлкөдөгү жарандык согушту токтотуу боюнча Улуттар Уюмунун атайын чабарманы Лахдар Брахиминин дипломаттык аракеттерин жокко чыгарууга багытталган.

Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча комиссары Кэтрин Эштондун өкүлү Брюсселде жасаган билдирүүсүндө Биримдик Асаддан мурдакыдай эле бийликтен кетип, саясый трансформацияга жол ачуусуну талап кыла берерине токтолду.

Британиянын тышкы иштер министри Уилям Хейг президент Асаддын демилесин “эки жүздүүлүк” деп сыпаттады.

Улуттар Уюмунун эсептөөлөрүнө караганда, Сирияда Асаддын өкмөтүнө каршы көтөрүлүш башталгандан берки урушта 60 миңдей адам набыт болгон.

XS
SM
MD
LG