Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:08

Сириядагы согуштук аракеттерге катышып жүргөн кыргызстандыктар тууралуу иликтөө жарыяланды. Анда Сирияга кеткендердин жашы, үй-бүлөлүк абалы жана башка социалдык өзгөчөлүктөрү талданган.

Татьяна Дроздина - Болгариядагы Климент Архидский университетинин профессору.

Ал январдын аягында Кыргызстандан Сириядагы согуштук аракеттерге катышып жүргөн адамдардын жакындары менен жолугуп, иликтөө жүргүзгөн. Анда кыргызстандыктардын “Ислам мамлекети” террордук тобу сыяктуу уюшмаларга кошулуп кетишинин себептери талданган.

Иликтөө алкагында Жакынкы Чыгыштагы террорчул топтун катарында согушуп жүргөн 30 адамдын өмүр баяны анализге алынган.

Алардын 22си тууралуу жакындары айтып берсе, үчөө менен иликтөөчүлөр өздөрү байланышып, маектешкен. Ал эми бешөө тууралуу маалымат каражаттарына жарыяланган макалалар пайдаланылган. Алардын жетөө Чүй облусунун тургундары, калгандары түштүк облустардан болгон.

Дроздинанын айтымында, Сирияга кеткендер арасында ар кыл топтогу адамдар бар:

- Алардын арасында эркектер, аялдар, ошондой эле өз эрки менен барбаган балдар да бар. Жашоосуна нааразы болгондор, диний көз карашынын айынан кеткендер болгон. Арасында акыл-эси жайында эмес адамдар да кездешет.

"Ислам мамлекети" тобунун согушкерлери

"Ислам мамлекети" тобунун согушкерлери

Буга чейин Сирияга кеткендердин көпчүлүгү жетишпеген турмуштун айынан, билими төмөн, түшүнүгү тайкы, үй-бүлөсү жок, динге өтө берилген адамдар кетип жатат деген кептер айтылып жүргөн. Бирок Татьяна Дроздина мындай стереотиптер ар дайым эле туура эмес экенин айтууда:

- Ош шаарына барганымда мага жарандар жакырчылыктын айынан кетип жатышат деп айтышты. Бирок карап көргөнүбүздө кеткендердин арасында материалдык жактан кыйын абалда калганы үчүн кеткендер жокко эсе. Тескерисинче, кеткендердин социалдык-экономикалык абалы ортоңку деңгээлде.

Сирия, Алеппо шаары

Сирия, Алеппо шаары

Иликтөөгө ылайык, Сирияга кеткендердин көпчүлүгү 22-28 жаш арасындагылар. Алардын көпчүлүгү үй-бүлөлүү. Эки-үчтөн баласы барлар да бар. Ошондой эле иликтөөчүлөр согушка билими жоктор кетип жатат деген жоромолду да четке каккан. Маалыматка караганда, иликтөөгө алынган 30 адамдын төртөө жогорку билимдүү, калгандары орто билимге ээ адамдар.

Аялдар арасында болсо турмуштан жолу болбой, күйөөсү менен ажырашкандар көпчүлүктү түзөрү дайын болгон.

Согушка тарткан түрдүү себептер

Ошондой эле дин боюнча түшүнүгү да ар кандай болуп чыккан. Иликтөөгө тартылгандардын үчтөн бири гана терең диний билими болбосо, калгандары дин тууралуу маалыматы жокко эсе экени аныкталган.

Сирияга кеткендердердин көпчүлүгүнө таандык сапат - адамдардын спорт менен машыкканы деп көрсөтүлгөн.

Ал эми согушка кетишине түрткү катары иликтөөчүлөр эки себепти көрсөткөн.

Айрым кыздар күйөөгө тийүү үчүн да кетүүдө

Айрым кыздар күйөөгө тийүү үчүн да кетүүдө

Биринчиси - кандайдыр бир деңгээлде динге байланышкан идеологиялык себепти бетине кармап, "Ислам мамлекети" менен бирге "каапырларга" каршы согушууну көздөсө, экинчиси - эч кандай диний негизге ээ эмес. Жөн гана социалдык адилетсиздикке каршы туруу үчүн акыйкаттык үчүн күрөшүүм керек деп кетишүүдө. Мындайга азгырыкка Орусияга барып иштеп, ар кандай кыйынчылыкты башынан өткөргөндөр көбүрөөк тартылышкан.

Ошол эле учурда Сирияга барып үй-бүлө кургусу келгенин айткан кыздар да чыккан.

Согушка аттандардын дагы бир окшоштугу Кыргызстандын ичинде эмес, сыртында жүрүп радикалдашуу идеясына берилгени белгиленет. Алар чет өлкөлөрдө иштеп жүрүп же диний окуу жайларда билим алып жатып, дал ушундай террорчул топтордун “кылтагына илинген”.

Качкындар лагеринде жашаган аял

Качкындар лагеринде жашаган аял

Татьяна Дроздина өз иликтөөсүндө Кыргызстандагы радикалдашууга интернет жана социалдык тармактар чоң рол ойноорун көрсөткөн. Социалдык тармактарда атайын адамдар отуруп, жаштарды тийиштүү пропагандалык маалымат менен сугарып турган. Дал ошолор кийинчерээк азгырылган адамдардын Сирияга барышын уюштурууга жардам берген.

Иликтөө жыйынтыгында окумуштуулар мындай адамдарды радикалдашуудан сактоо үчүн өкмөткө стратегиялык иш-пландарды иштеп чыгууну сунуштаган.

УКМКнын маалыматы боюнча, Кыргызстандан 200гө жакын адам Сириядагы согуштук аракеттерге катышып жүрөт. Анын ичинде 30га чукул аял бар. Буга чейин онго чукул жарандын согушта жүрүп каза болгону кабарланган. Алгач кыргызстандыктардын Сирияга кетүү агымы түштүк аймактарда көп катталса, акыркы кезде түндүктө да байкала баштаганын адистер белгилешет.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG