Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:09

Сирия качкындары жараткан оорчулук


2011-жылдан бери токтобогон согуштун айынан коңшу өлкөлөргө баш калкалап кире качкан сириялыктардын саны күн сайын арбып баратат.
2011-жылдан бери токтобогон согуштун айынан коңшу өлкөлөргө баш калкалап кире качкан сириялыктардын саны күн сайын арбып баратат.

Сириялык качкындардын маселесин тезинен чечпесе, бул көйгөй глобалдык ири гуманитардык катастрофага айланышы мүмкүн.

Бул тууралуу шейшембиде Берлинде өткөн сириялык качкындар боюнча эл аралык конференцияда айтылды. Ага чогулган ондогон өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери жана бир катар эл аралык уюмдардын өкүлдөрү сириялык бозгундардын маселесин жана аларды кабыл алып жаткан Сирияга чектеш өлкөлөрдүн буга байланыштуу көйгөйлөрүн талкуулашты.

Конференцияда Сирия менен чектеш өлкөлөрдүн өкүлдөрү эл аралык коомчулуктан жардам сурап кайрылышты. Алардын айтымында, согуш жүрүп жаткан өлкөдөн агылган качкындардын көптүгүнөн коңшу өлкөлөрдүн экономика, саламаттыкты сактоо, билим берүү системаларына кыйла күч келип, атургай жабыркоодо. Мындан улам Сирияга чектеш өлкөлөрдүн жашоочуларынын арасында нааразылык өсүп жатканын конференциянын бир катар катышуучулары белгилешти.

"Биз, кабыл алуучу тарап катары мындан ары сириялык качкындардын муктаждыгын чече албай турган абалга кептелдик”,- деген Иорданиянын премьер-министри Насер Жудех анын өлкөсү бир жарым миллиондой сириялык качкынды батырып турганын билдирди.

Насер Жухеддин мындай сөзүнө сириялык бозгундардын чоң агымына туш келген Ливан менен Түркиянын өкүлдөрү да кошулду.

Ливандын премьер-министри Тамам Салям мындан ары анын өлкөсү бозгундарды кабыл алууга мүмкүнчүлүгү жоктугун айтып, жыйында эл аралык коомчулуктан каржылык жардамдын көлөмүн көбөйтүүнү суранды:

Сирияда күнүгө болуп жаткан кандуу окуялар бир гана өз үйлөрүн, таштап качууга мажбур болгон сириялыктардын жашоосуна эле эмес, аларды кабыл алып жаткан биздин жарандарга да өз кесепетин тийгизип жатат. Акыркы эки жыл ичинде өндүрүштүн ыргагы солгундап, экономикалык ишмердүүлүк төмөндөп, жумушсуздук көбөйүп, Дүйнөлүк банк маалымдагандай, Ливан калкынын жакырчылык деңгээли дагы беш пайыз ылдый түшүп кетти, - деп премьер Салям билдиргендей, ушул тапта Ливандагы сириялык качкындардын саны бир миллиондон ашты.

Улуттар уюмунун качкындар боюнча жогорку комиссары Антонио Гуттерес да Сирия менен чектеш өлкөлөргө азыр өзгөчө жардам берүүнүн зарылдыгын баса белгиледи:

- Биз Сирияга чектеш өлкөлөрдү өз чек араларын качкындар үчүн ачууну суранабыз жана ушундай эле кайрылууну бүт дүйнө өлкөлөрүнө жолдойбуз. Анткени бул бир эле аймактын эмес, бүтүндөй эл аралык коомчулуктун жоопкерчилиги.

Ал арада Германиянын экономикалык кызматташуу боюнча министри Герд Мюллер бул суроого өзгөчө көңүл буруп, эл аралык коомчулук биригип чечпесе, "дүйнөнү кылымдын катастрофасы” күтүп турганын кошумчалады.

Кыркка жакын өлкөнүн өкүлдөрү чогулган бир күндүк конференциянын катышуучулары Сирия кризисин чечүүдө аскерий, гуманитардык да жардам жыйынтык бербестигин айтып, бул маселени жөндөөгө саясий чечимдер зарыл деген пикирге келишти.

Сентябрдан бери Сириянын Түркия менен чектеш Кобани шаарындагы радикалдык топтун мүчөлөрү менен жүрүп аткан куралдуу кармаштан улам шаар тургундарынын дээрлик көбү Түркиядан баш калка издөөгө мажбур болушту. Анкара бир жарым миллиондон ашык бозгун Түркияга качып киргенин расмий жарыялады.

XS
SM
MD
LG