Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:51

Сирия боюнча мунаса табылбады


Сергей Лавров (оңдо) менен Лоран Фабиус Москвадагы сүйлөшүүдөн кийинки маалымат жыйынында, 17-сентябрь, 2013
Сергей Лавров (оңдо) менен Лоран Фабиус Москвадагы сүйлөшүүдөн кийинки маалымат жыйынында, 17-сентябрь, 2013

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Сирияда өткөн айда химиялык куралдын колдонулганы “провокация” дегенге “олуттуу негиздер” бар деди. Эки күн мурун жарыяланган БУУнун баяндамасын Батыштагы айрым өлкөлөр “газ чабуулуна Сирия өкмөтү жоопкер экенин айгинелейт" деп сыпатташкан эле.

Бүгүн Москвада Франциянын тышкы иштер министри Лоран Фабиус менен сүйлөшүүлөрдөн кийинки маалымат жыйынында Лавров “Бириккен улуттар уюмунун инспекторлорунун отчету Орусиянын бүт суроолоруна жооп бере албаганын” айтты.

"Бизде бул провокация болгонуна ишендире турган олуттуу негиздер бар, бирок биздин айрым өнөктөштөр заматта эле “муну режим гана жасай алмак” дегенге озунушту", - деди Лавров.

Бул - даана согуш кылмышы
Пан Ги Мун
Аны менен сүйлөшүүгө келген Фабиус бирок ушул эле жерде сүйлөгөн сөзүндө Улуттар уюмунун баяндамасы чындап эле химиялык куралды колдонгонго өкмөттүн гана күчү жетмектигин айгинеледи деди.

Британия, Франция жана АКШ инспекторлордун тыянагын дароо эле “химиялык куралды президент Асаддын режими колдонгонун көрсөттү” дешкен.

Бирок Орусиянын Улуттар уюмундагы элчиси Виталий Чуркин соңку баяндама 21-августта газ чабуулун ким жасаганын так көрсөтпөй турганын белгиледи.

Күнөө кимде?

Бириккен улуттар уюмунун инспекторлору Сирияда жайкын тургундарга каршы “химиялык курал салыштырмалуу ири көлөмдө колдонулганын” аныкташкан эле.

Дүйшөмбүдө инспекторлордун баяндамасын жабык жыйында Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун жарыялаган.

Эксперттер Дамасктын четиндеги Гута районунда 21-августта адамдын нерв системасын шалдыратып өлтүрчү зарин газы ракетадан атылганы жөнүндө “медициналык, химиялык жана башка далилдер” бар дешкен.

Эксперттер бирок заринди ал жерде ким колдонгонун айтууга укугу жок болчу.

Дүйшөмбүдө кечке жуук маалымат жыйынында сүйлөп, Пан Ги Мун инспекторлор дүйнөгө “бейтарап жана көз карандысыз” баасын беришкенин айтты, газ чабуулун ким жасабасын, бул “согуш кылмышы” деп каралаарын белгиледи.

Алеппо, 15-сентябрь, 2013-жыл
Алеппо, 15-сентябрь, 2013-жыл
"Бул – талашкыс жана күмөн жараткыс жыйынтык. Бул – даана согуш кылмышы, 1925-жылкы Женева протоколун жана башка эл аралык мыйзамдарды орой бузгандык", - деди Пан Ги Мун.

Орусия бирок ал иликтөө бейтарап болгонуна дале ынанбай турат. Бүгүн Москвадагы сүйлөшүүдөн кийин Лавров соңку окуя дагы тереңирээк иликтениши зарыл деп билерин белгиледи.

"Биз 21-августтагы окуя бейтарап, калыс жана профессионалдуу деңгээлде иликтенишин каалайбыз", - деди Лавров.

АКШ Дамасктын четинде ал күнү химиялык куралдан 1400дөн ашуун адам өлгөнүн, алардын 400дөйү балдар экенин билдирип келет. Анткен менен Сириянын өкмөтү өзү химиялык куралды колдонбогонун айтууда. Сирия менен Орусия азыр газ чабуулуна козголоңчулар эле барган болсо керек дешет.

Улуттар уюмунун инспекторлорунун баяндамасынын алдынан Орусия менен АКШ Сириянын бүт химиялык куралын бир жылдын ичинде жок кылууну макулдашкан. Мындай келишимге алар Сирияга сырттан аскерий чабуулду болтурбоо үчүн барышты.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG