Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:50

Путин: АКШ орой күчкө гана таянган өлкө


"Чоң жыйырманын" саммити учурунда тартылган сүрөт, 6-сентябрь, 2013-жыл
"Чоң жыйырманын" саммити учурунда тартылган сүрөт, 6-сентябрь, 2013-жыл

Орус президенти Владимир Путин АКШны Сирияга аскерий чабуул жасаса, “терроризмдин жаңы толкунуна жол ачат” деп эскертти.

The New York Times гезитинде Путин “эгер беделдүү мамлекеттер Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин уруксатысыз (Сирияга) аскерий чабуул жасаса, БУУ мурдагы Улуттар лигасынын тагдырын кайталап калышы ыктымал”,- деп жазды.

Путин Сирияга АКШ чабуул коюшу “Ирандын ядролук программасына байланышкан проблеманы чечүүгө көрүлүп жаткан аракеттерге, израил-палестин чырын чечүүгө залакасын тийгизет”,- деп билдирди. Андан сырткары, “Жакынкы Чыгыш менен Түндүк Африкадагы кырдаалды курчутат” деп эсептейт.

Сириянын химиялык куралдарын жок кылуу жана АКШнын чабуулун болтурбоо боюнча 12-сентябрда орус-америка сүйлөшүүлөрү өтмөкчү. Путиндин комментарийлери ошол жолугушуу алдында жарыяланды.

Расмий Дамаск химиялык куралдарын жок кылуудан мурда аларды эл аралык көзөмөлгө өткөрүп берүүгө макул болгон. Ал эми АКШнын президенти Барак Обама маселени дипломатиялык жол менен чечүүгө мүмкүнчүлүк берип, аскерий чабуул чечимин кийинкиге калтырганын белгиледи.

Макалада Путин Дамасктын четинде 21-августта химиялык куралды козголоңчулар колдонушканына ишенүүгө көп себеп бар деп баса белгиледи. Ал эми расмий Вашингтон 1400дөн ашуун адамды өлтүргөн чабуулду өкмөттүк күчтөр жасаганын ырастап келет.

Путин “Американын өзгөчөлүгү” тууралуу Обама ушул апта башында айткан сөздөргө кайрылган таризде, Обаманын америкалыктардын дүйнөдөгү өзгөчө ордун белгилөө аракети аны кыжаалатка салаарын билдирди. “Элге “өзгөчөсүңөр” деген дем берүү – опурталдуу нерсе. Өлкөлөр чоң, кичине, бай, кедей болушу мүмкүн. Бирок Кудай алдында баарыбыз бирдейбиз”, – дейт орус президенти.

“Дүйнө жүзүндөгү миллиондогон адамдар Американы демократиянын үлгүсү эмес, жалаң гана орой күчкө таянган өлкө катары сыпаттап жатышат”, – деп чымчылап өткөнсүдү Путин.

Обаманын администрациясы Сирияда химиялык куралдын колдонулушуна президент Башар Асаддын өкмөтү жооптуу деп күнөөлөгөн. Эки күн мурда Сирия химиялык куралы бар экенин моюнуна алган эмес.

Бүгүн орус тышкы иштер министри Сергей Лавров жана АКШнын мамкатчысы Жон Керри жолугат. Путиндин макаласы ал жолугууга кандай таасир этээри белгисиз.

Лавров бүгүн Женевадагы жолугушууда орус жана америкалык химиялык курал адистеринен тышкары, Улуттар уюму менен Араб лигасынын өкүлү Лахдар Брахими да сүйлөшүүлөргө катышат деди:

“Биз сөзсүз Сирияны Химиялык куралдар конвенциясына киргизүүнү камсыз кылышыбыз керек. Ал деген Сирия химиялык куралдарын сактаган жерин, химиялык куралдар программасын ачыкташы абзел. Ошонун негизинде адистер кандай чаралар көрүлөөрүн аныкташат”.

Ал ортодо АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Жен Псаки “Биздин максатыбыз (Орусиянын) сунушу канчалык олуттуу экенин жана ал сунуш кандайча ишке ашаарын карап көрүү. Химиялык куралдар кантип аныкталып, текшерилип, коопсуздандырылып жана кантип жок кылынарынын механизмдерин карап чыгуу” деп айтты.

Бул сунушту оппозициячыл Сирия улуттук коалициясы Асаддын режимин АКШнын соккусунан сактап калуу үчүн жасалган “саясий бурулуш” деп сыпаттады. Эркин Сирия армиясынын жетекчиси Селим Идрисс 12-сентябрда “Ал-Жазира” телеканалына сүйлөп жатып, Асадды жана анын орус өнөктөштөрүн “алдады” деп күнөөлөдү. “Биз чабуулга чакыруу менен бирге эл аралык коомчулукту бул режим алдап жатканын эскертебиз, жана Путин бул режимдин окутуучусу”-деп айтты.
  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

XS
SM
MD
LG