Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:26

Москва Сириядан ажырагысы келбейт


Министр Сергей Лавров Сириянын Элдик Кеңешинин өкүлдөрү менен Москвада жолукту. 11-июль, 2012-жыл
Министр Сергей Лавров Сириянын Элдик Кеңешинин өкүлдөрү менен Москвада жолукту. 11-июль, 2012-жыл

Сириянын оппозиция анабашчылары Орусиянын тышкы иштер министри менен жолугуп, Москваны Башар Асаддын режимин колдоодон баш тартууга көндүргөнгө аракет кылды.

Сириянын оппозициячыл кыймылы – Элдик Кеңештин жетекчиси Абделбасет Сейда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен шаршембиде Москвада жолукту. Сүйлөшүүдөн кийин Сейда журналисттерге билдиргендей, Орусия негизинен Сирия боюнча мурдагы көз карашынан кайткан жок. Оппозициячылар Орусия Батыш жана арап өлкөлөрүнө кошулуп, Асаддын режимин алмаштыруу керек деп айтат деп үмүттөнүшкөн. Анын ордуна министр Лавров сириялык оппозиция ичинде ынтымак бар-жогуна кызыкты.

"Бизди баарынан да оппозициячыл кыймылдын ичиндеги жагдай кызыктырат. Сириянын Элдик кеңеши башка оппозициячыл уюмдар менен кандай мамиледе? Четтеги болобу, өлкөнүн ичиндеги болобу, бардык кыймылдарды бириктирип, өкмөт менен сүйлөшүү баштоого кудурети жетеби, ушуларды билгибиз келет. Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши жактырган Кофи Аннандын планы ушундай эмеспи", - деп жыйынтыктады сөзүн Лавров.

Абделбасет Сейда "Сириядагы окуялар – саясатчылардын ич ара күрөшү эмес, элдик ыңкылап жүзөгө ашууда. Орусияда бир кезде ушундай окуялар демократиялуу өнүгүүгө жол ачкан" деп белгиледи.

Ал жетектеген Сириянын Элдик кеңеши көп жылдан бери Түркияда жайгашкан уюм. Ал эми Асаддын өкмөтү ондогон жылдардан бери курал-жарак, аскердик техниканын баарын Орусиядан сатып алат. Андан сырткары Сирияда Орусиянын аскер-деңиз базасы жайгашкан. Ал – Москванын мурдагы Советтер Союзу аймагынан сырткары чет жактагы жападан жалгыз базасы.

Азырынча Сирияда Улуттар уюмунун коопсуздук кеңешинин 300 байкоочудан куралган миссиясы ишин улантууда. Алардын мөөнөтү 20-июлда аяктагандыктан Москва бул миссиянын кызмат мөөнөтүн узартуу сунушун киргизгени кабарланды.

Британияда жайгашкан Сириядагы адам укуктарына көз салуучу бейөкмөт уюм былтыр мартта башталган куралдуу кагылышуулар 17000ден ашуун адамдын өмүрүн алганын маалымдайт. Сириянын өзүндө жайгашкан уюмдар азырынча бул маалыматты текшерип тактай элек.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG