Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:58

Сирия Орусияга ыраазы


Сирия -- Президент Башар ал-Асад Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков менен. Дамсак, 17-сентябрь, 2013.
Сирия -- Президент Башар ал-Асад Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков менен. Дамсак, 17-сентябрь, 2013.

Сириянын президенти Башар ал-Асад өз бийлигин колдогону үчүн Орусияга ыраазычылык билдирди.

Орусия анын алдында Асаддын өкмөтү жүздөгөн киши өлдү делген химиялык чабуулду Сириянын оппозициясы жасагандыгын ырастаган далилдерди жибергенин билдирген.

Президент Башар ал-Асад Сириянын башкы сүрөөнчүсү болгон Орусияга өз өкмөтүн колдогону үчүн рахмат айтып, «Орусия жаңы глобалдык тең салмактуулукту жаратып жатат» деп агынан жарылды. Асад бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков менен шаршембиде Дамаскта сыналгыдан көрсөтүлгөн жолугушуусунда сүйлөдү.

Мунун алдында Рябков орусиялык маалымат каражаттарына Асаддын өкмөтү 21-августтагы химиялык чабуулду согушкерлер уюштургандыгын ырастаган далилдерди жибергендигин айткан эле. Дипломат бул материалдар «өтө дыкаттык менен» текшерилет деп сөз берди.

Рябков ошондой эле Сирия байтактысынын чет жакасындагы чабуул тууралуу Бириккен улуттар уюмунун отчетун «саясатташкан, бир тараптуу» документ деп сынга алды. Батыш өлкөлөрү отчетто чабуул Сирия өкмөтүнүн колунан келгени далилденгенин айтууда.

Рябков Дамаскиге Сириянын химиялык куралдарын жок кылуу тууралуу Вашингтон менен Москванын ортосунда түзүлгөн келишимди талкуулоо үчүн барды. Келишим августтагы чабуул үчүн Сирияны АКШ баштаган согуштук операцияда жазалоо коркунучун алдын алуу максатында түзүлдү.

Рябков Сириянын расмий өкүлдөрүнө келишимдин баштапкы шартын «так жана дароо» аткаруу зарыл экендигин айткандын кошумчалады.

Ал арада БУУнун химиялык курал комиссиясынын жетекчиси Аке Селлстром анын командасы Сирияга алдыдагы жумаларда кайтып келип, 21-августка чейин баштаган иликтөөсүн улантаарын бышыктады. Селлстромдун делегациясы Дамаскка 18-августта барып, март айында Алеппо шаарында химиялык курал колдонулганын иликтеп баштаган. Дамасктын оппозиция көзөмөлдөгөн Гута конушу 21-августта химиялык курал менен аткыланганда, БУУнун өкүлдөрү баш калаада болчу.

Шейшембиде БУУнун Коопсуздук Кеңешинин беш туруктуу мүчөсүнүн өкүлдөрү Сириянын химиялык куралын жок кылуу тууралуу АКШ менен Орусиянын ортосунда түзүлгөн келишимди аткаруу боюнча резолюцияны талкуулашты.

НАТОнун жетекчиси Андерс Фог Расмуссен Лондондо сүйлөгөн сөзүндө Сирияга күч колдонуу мүмкүнчүлүгү сакталышы керек деди:

- Бул ирет дипломатиянын жолу болгондугунун себеби, согуштук операция болоору реалдуу коркунуч эле. Дипломатиялык жана саясий процесстин алдыга жылып турушу үчүн согуш ачуу мүмкүнчүлүгү сакталып калышы керек.

Соңку маалыматтарга караганда, шаршембиде кайра уланган сүйлөшүүдө бирок көп жылыш болбой жатат.

XS
SM
MD
LG