Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:08

Коопсуздук кеңеш Сириядагы абалды талкуулап жатат


БУУнун коопсуздук кеңеши ушул сааттарда Сирияда согушту кантип токтотуш боюнча атайын элчиси Кофи Аннандын сунушунун долбоорун талкууламакчы.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Улуттар уюмунун атайын өкүлү Кофи Аннандын аракеттерин колдой турганын билдирди. Бирок сунуштар Сириянын режимине ультиматум иретинде айтылбашы керек, дейт Лавров.

"Ошентип Коопсуздук кеңеши атайын билдирүү жасоонун алдында эки шарт аткарылышы зарыл, - деп билдирди орус тышкы иштер министри. - Биринчиден, Кофи Аннандын сунуштары жарыяланышы, басылышы керек. Экинчиден, Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши аларды Сириянын режимине ультиматум катары эмес, бардык сириялыктар, өкмөт жана оппозициялык топтор бүт маанилүү маселелер боюнча тил табышышы үчүн негиз боло алат деген таризде кабыл алышы керек".

Сирияда президент Башар ал-Асад оппозицияны күч менен басканын айыптаган Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин резолюциясына буга чейин Орусия менен Кытай вето салып, добуш берүүдөн өткөрбөй коюшкан.

БУУнун башкы катчысы Пан Ги Мун шейшембиде: “Сириядагы кыргын чыдагыс болуп баратат”, - деп, бир жылга созулган кан төгүүлөрдө 8000ден ашуун адам өлгөнүн билдирди.

"8 миңден ашуун адам өлдү. Кырдаал такыр чыдагыс, кабыл алгыс болуп баратат", - деди Пан Ги Мун.

Ал эми БУУнун мурдагы баш катчысы, азыр анын Сирия боюнча атайын өкүлү Кофи Аннан Коопсуздук кеңешин кызыл кыргынды токтотуш үчүн анын планына биригүүгө чакырды.

Аннандын тынчтыкка жетишүү планы азырынча ачык жарыялана элек. Бирок айрым маалымат каражаттары анда кыргынды токтотуп, жабыр тарткан аймактарга гуманитардык миссияны киргизүү, соңку бир жылда камалгандарды бошотуп, өкмөткө каршы көтөрүлгөн шаарлардан аскерлерди чыгарып кетүү пландары киргизилгенин айтышат.

Аннан өткөн дем алыш күндөрү президент Башар Асад менен сүйлөшүп, Сирия боюнча беш тараптуу эксперттер тобуна байкоочулар мииссиясын жиберүүнү талкуулоону сунуш кылды.

Сириянын мурдатан берки өнөктөшү жана ага курал саткан Орусия атышуулар болгон аймактарга гуманитардык миссияны кирип, жаракат алгандарды чыгарып кетиш үчүн күнүнө эки саат урушту токтото туруу чакырыгына дүйшөмбүдө кошулду.

Бул тууралуу ал күнү Москвада Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров эл аралык “Кызыл чырым” комитетинин президенти Якоб Келленбергер менен жолугушкандан кийин жарыяланды.

“Кызыл чырым” уюмунун расмий өкүлү Хичам Хассан эми гуманитардык иштер үчүн күнүнө андай мүмкүнчүлүк берилер-берилбеши Сириянын өкмөтүнөн көз каранды деди.

"Биздин талкуулардан качан натыйжа болоорун билбейбиз, бирок алдыдагы эки күн ичинде ага тийиштүү жооп болот го деп үмүттөнүп турабыз. Ал жерге гуманитардык жардамды жеткирүү өтө зарыл, ошон үчүн сунуш киргизилди. Негизги эле маселе – бул боюнча чечимди Сириянын өкмөтү менен оппозиция кабыл алышы керек. Азыр алар менен сүйлөшүүлөр болуп жатат", - деди Хассан.

Ал арада Сириянын бир топ шаарларында өкмөттүк аскерлер менен оппозициянын ортосундагы атышуулардан шейшембиде 34 адам набыт болгону кабарланды.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG