Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:37

Сирия: тынчтык жараянга кадам ташталабы?


БУУнун Коопсуздук кеңеши.
БУУнун Коопсуздук кеңеши.

Сириядагы жарандык согушту токтотуп, саясий жараянды баштоо боюнча жаңы аракеттер бүгүн БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынында талкууланганы жатат.

Мунун алдында Коопсуздук кеңеши Сирия менен Ирактагы “Ислам мамлекети” тобун каржы булактардан ажыратуу чаралары каралган резолюцияны жактырды. Документти АКШ менен Орусия биргелешип даярдаган.

Коопсуздук кеңешинин 18-декабрдагы отурумуна АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри өзү төрагалык кылганы жатат.

Кеңештин отурумун утурлай Сирияда ок атышууну токтотууга жана саясий сүйлөшүүлөргө колдоону бекемдөө аракетинде Сирия боюнча эл аралык топтун жыйыны да өткөнү турат.

- Венадан Парижге, Эр-Рияддан - Москвага, бүгүн болсо Нью-Йоркто - конференциялардын үч континентте өтүп жатышы жарандык согуштун беш жылынан жана Сирияда 300 миң адамдын өмүрү кыйылгандан кийин эми өзгөрүү болушу керектигине биз канчалык маани берерибиздин белгиси. Нью-Йоркто биз оппозициянын көз караштарын жана Венадагы саясий тегерек үстөлдө талкуулагандарды бириктирип жатабыз. Бизден талап кылынган эң маанилүү иш бир жагынан Асад режими менен экинчи жагынан оппозициянын куралдуу топторунун ок атышууну токтотутушуна жетишүү боюнча кошумча чаралар , - деди немец тышкы иштер министри Франк Вальтер Штейнмайер Нью-Йорктон кабарчыларга.

Баяндамчылар БУУдагы бүгүнкү жыйындын маанисин дагы бир факт арттырып турганына көңүл бурушууда. Сириядагы жаңжал дүйнөдөгү качкындар менен жер которууга мажбур адамдардын санын быйыл жаңы рекорддук деңгээлге, 60 милллион кишиге чыгарды.

Бүгүнкү жыйындын өтүшүнө жол ачуу максатында АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри апта башында Москвага келип, президент Владимир Путин менен сүйлөшүп кеткен эле.

Ал жолугушуудан соң АКШ менен Орусия Сирия боюнча “орток таяныч” таба баштаганы айтылган.

Путин кечээги жылдык басма сөз жыйын учурунда билдиргендей, Керри ага Москвадагы сүйлөшүүдө БУУнун Коопсуздук кеңешинин Сирия боюнча резолюция долбоорун көргөзгөн.

Путиндин айтымында, анын айрым жоболору дагы иштөөнү талап кылганы менен жалпысынан кабыл алына турган сунуштар.

Орус президентинин ишениминде, Керри даярдаган план Сирия президенти Башар Асад үчүн да кабыл алынарлык болуш керек.

Асадын айласын табуу

Путиндин бул сөздөрү Асаддын саясий болочогу боюнча Орусия менен АКШ жана анын өнөктөштөрү ортосундагы узактан берки талашты чечүүнүн түйүнү табылышы мүмкүндүгүн каңкуулоодо.

Керри Путин менен кездешкен учур. 15-декабрь, 2015-жыл.
Керри Путин менен кездешкен учур. 15-декабрь, 2015-жыл.

Жон Керри өзү Москвада болгон учурунда Кошмо Штаттар Сирияда “режим алмаштырууну” көздөбөй турганын, бирок Асад келечекте Сириянын лидери боло албасын айткан.

Бул билдирүү АКШын Асад бийликтен токтоосуз кетиши керек деген узактан берки туруму бир аз жумшарганын ишарасы катары каралууда.

Ак үйдүн өкүлү Жош Эрнест эки күн мурда Вашингтондун Асад жана анын бийликтен кетүү мөөнөтү боюнча турумун мындайча тактады:

- Ал (Жон Керри) Асад өлкөнү башкаруу үчүн легитимдүүлүктү жоготконун ачык айтты. Асад кетиши керек деген биздин турумубуз өзгөргөн жок. Бул маселе Нью-Йорктогу кеңири сүйлөшүүлөрдө каралат. Кошмо Штаттар, эл аралык коомчулуктун калган бөлүгү же Сирия эли үчүн өлкөдөгү баш-алмандык жана кыянатчылык президент Асаддын бийлик мөөнөтү бүтүшү үчүн дагы беш-алты жылга уланышын элестетүү кыйын.

Эл аралык медиада айтылып, жазылып жаткан айрым божомолдорго караганда, АКШ өз тарабынан Асад Сирияда жаңы шайлоого чейин алып баруучу өткөөл мезгилге аралашуусуна, ал эми Орусия Асад өткөөл мезгил бүткөндө кызматтан чегинүүсүнө көнүшү ыктымал.

Дипломаттар өткөн айда Венада макулдашкан план боюнча Асаддын режими жана козголоңчулар алты ай ичинде өткөөл өкмөттү курашы, ал эми бир жарым жыл ичинде улуттук шайлоону өткөрүшү керек.

АКШ дипломаттары Коопсуздук кеңеши бүгүн тынчтык сүйлөшүүлөрүн уюштуруу жана Сирияда ок атышууга жетишүү боюнча аракеттерди колдойт деп үмүттөнүүүдө.

Бирок ок атышуунун токтошу “Ислам мамлекети” тобу көзөмөлдөгөн аймактарды камтыбайт.

ИМдин акчасын азайтуу аргасы

Коопсуздук кеңешине мүчө 15 өлкөнүн каржы министрлери кечээ аталган экстремисттик топту каржы булактардан ажыратуу чараларын күчөтүүнү караган жаңы резолюцияны бир добуштан жактырды.

ИМ тобунун негизги кирешеси кара май соодасынан түшөт.
ИМ тобунун негизги кирешеси кара май соодасынан түшөт.

АКШ менен Орусия биргелешип даярдаган документте быйыл февралда жактырылган резолюциянын талаптары аткарылбаганына тынчсыздануу билдирилди.

Ал резолюцияда “Ислам мамлекети” же “ал-Каидага” байланышы бар “ал-Нусра” тобунан мунай сатып алгандарга каршы санкция киргизилери эскертилген.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG