Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:53

Тажикстан: АКШ да, Орусия да машыгуу өткөрүүдө


Тажик аскерлери. 2013-жыл.
Тажик аскерлери. 2013-жыл.

Тажикстанда 27-мартта АКШ жана Орусиянын күчтөрүнүн катышуусундагы эки башка аскердик машыгуулар башталды.

Тажик-АКШ машыгуусу 7-апрелге чейин уланарын АКШнын Дүйшөмбүдөгү элчилиги билдирди. Маалыматка ылайык, террорчулукка каршы күрөштүн алкагында өтө турган машыгууга 150 америкалык, 100 тажикстандык аскер катышат.

Элчиликтин бул билдирүүсүнөн көп өтпөй, Орусиянын жана Тажикстандын 40 миңге чукул аскери 27-марттан 31-мартка чейин машыгуу өткөрөрү белгилүү болду. Ага ылайык, машыгууга катышкан аскерлердин эки миңдейин орус күчтөрү түзөт.

Кыргызстандын кошунасы болгон Тажикстан Ооганстан менен 1300 чакырым аралыкта чектешет. Андыктан аймакта Тажикстан экстремисттик топтордун коркунучуна кабылуу ыктымалдуулугу жогору өлкө катары саналат.

Америка Кошмо Штаттарынын Дүйшөмбүдөгү элчилиги тараткан бирдирүүдө Тажикстанда башталган антитеррордук аскерий машыгуулар пландалган иш-чара экени айтылат. Ошондой эле окуулар тажик тарап тандаган аймактарда өтүп жатканы белгиленген. Элчиликтин маалымат кызматынын өкүлү Жефф Райденаур Тажикстанда үчүнчү өлкөнүн да машыгуулары өтүп жатканы жөнүндө АКШ тарап кабардар болбогонун "Азаттык" радиосунун тажик кызматына билдирди:

- АКШ-Тажикстан биргелешкен машыгууларды өткөрүү буга чейин пландалган. Бул Орусиялык аскерлер дагы өткөрүп жаткан аскерий окуулар менен эч кандай байланышы жок.

Анткен менен Тажикстандагы орус күчтөрүнүн өкүлү дагы ушул күндөрү өтүп жаткан машыгуулар буга чейин белгиленгенин билдирүүдө. Орусиянын Борбордук аскердик округу ырастагандай, бул машыгуу үчүн Кыргызстандагы Кант аскердик базасынан 25-мартта бир канча аскердик учактар жеткирилди.

Тажикстандын эки өлкө менен удаа өткөргөн машыгууларын эксперттер ар кандай жоромолдошууда. Аскерий серепчи Рашит Ганинин пикиринде, эки өлкө биргелешкен аскерий машыгууларды өткөрүү үчүн бир нече ай мурун макулдашат. Эки тарап машыгуу аймагын аныктап, колдонуучу техниканы, аскерлердин саны сыяктуу маселелерди талкуулайт.

- Мындай иш-чара бир нече ай мурун сүйлөшүлөт. Бирок, азыркы түзүлгөн кырдаалга анча таң калыштын кереги жок. Себеби, Тажикстан аскерий жаткан көп жактуу кызматташууну каалайт. АКШ, Орусия экөө тең экстремизм менен күрөшүп келе жатат. Эки тарап тең Ооганстандагы абалды жакшы түшүнөт. Андыктан бул жаатта атаандаш эмес, биргелешип иштейт десек болот.

Ал эми айрым серепчилердин пикиринде, машыгуулар мамлекеттин аскерий күчүн көрсөтүү менен коштолот.

- Албетте бул өзүн көрсөтүүчү учур. Москва өзүнүн Тажикстанда, Борбор Азияда бар экенин дагы бир ирет көрсөтөт. Бул Орусиянын кызыкчылыктары бар аймак экенин айткысы келет - деди аймактагы маселелерге адистешкен эксперт Мерхот Шерифчон.

Азырынча Тажикстандын күч түзүмдөрү эки өлкө менен удаа өтүп жаткан машыгууларга комментарий бере элек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG