Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:19

ЕККУ жыйынындагы тасма чырга себеп болду


Варшавдагы ЕККУнун жыйынында.
Варшавдагы ЕККУнун жыйынында.

Варшавадагы ЕККУ жыйынында тажик бийлиги менен оппозиция өкүлдөрү айтыша кетти. Талашка “Тажикстандагы жана чет жактагы оппозиционерлерди куугунтуктоо уланууда” аттуу тасма негиз болду.

Тажик расмий бийлиги менен оппозициясынын талашы Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Варшавадагы жыйынында орун алды. Жыйын жүрүшүндө бийликке сын айткандарды куугунтуктоо жүрүп жатканы тууралуу даректүү тасма көрсөтүлдү.

Тасманы Human Rights Watch жана Норвегиянын Хельсинки комитети укук коргоо уюмдары даярдаган. Анда тажик бийлигинин куугунтугуна кабылды делген Абубакр Азизхожаев, Умаршох Давлатов, Бузургмехр Еров, Нуриддин Макхамов сыяктуу оппозициячыл активисттердин ишмердиги баяндалган.

Талашка жем таштаган тасманын авторлорунун бири, Human Rights Watch уюмунун иликтөөчүсү Стив Свердлов фильмде Тажикстандагы адам укуктары багытындагы кризис чагылдырылганын айтты:

- Тасмада Тажикстандагы адам укуктары жаатындагы олуттуу кризис чагылдырылат. Бул акыркы 20 жыл ичиндеги эң чоң кризис десем жаңылышпайм. Биз адам укуктарын көзөмөлдөгөн жана ушул жыйырма жыл ичинде өлкөдө бир топ иликтөөлөрдү жүргүзгөн уюм катары жарандык коомдун укуктары үчүн күйөбүз. Ошол себептен өкмөткө бул кризистин деңгээлин, олуттуулугун жеткирүү үчүн чет жактагы жана өлкө ичиндеги басмырлоого дуушар болуп жаткан жарандардын үнүн эл аралык коомчулукка алып чыгууну туура көрдүк. Бул тасмадан соң көптөр, анын ичинде биздин бийликтеги өнөктөштөр бул кырдаалга көңүл бурушат деген үмүттөбүз.

“Тажикстандагы жана чет жактагы оппозиционерлерди куугунтуктоо уланууда” тасмасы:

Чет жакта бозгунда жүргөн тажик оппозициячыл активисттери ЕККУнун жыйынында аларга жасалган бийликтин басымын талкуулоону көздөшкөн. Бирок жыйынга катышкан тажик бийлигинин өкүлдөрү тасма көрсөтүлөрү менен нааразылыгын билдиришти. Бийликтин жүйөсүндө оппозициячыларды куугунтукка кабылды деген суу кечпеген доомат.

Акыйкатчы Зариф Ализода бийликтин таламын талашып, “Ислам кайра жаралуу” партиясы Тажикстанды төңкөрүш жасоого аракет кылганын кошумчалады.

Ал эми оппозициячыл активисттер өздөрү эле эмес, өлкөдө калган туугандары да басмырланып жатканын айтып жатышты. Бул тууралуу Human Rights Watch уюмунун иликтөөчүсү Стив Свердлов да “Азаттык” радиосунун тажик кызматына курган маегинде белгиледи.

- Тынч митингге чыгып, бийликке нааразылык билдирген активисттердин элүүдөй тууганы камалган. Аларга коркутуп-үркүтүүлөр болгон. Айрымдарына “эгер туугандарыңар дагы митингге чыгышса, биз силерди жок кылабыз” деп айтылган. Албетте, бул бийлик тарапка айтылган өтө олуттуу айыптоолор. Бул маселелер ЕККУнун жыйында эле эмес, Нью-Йоркто өтүп жаткан Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын алкагында да көтөрүлдү. Бул көйгөй ошол жакка чейин жетти.

Ал тапта 21-сентябрда Тажикстандын баш калаасы Дүйшөмбүдөгү ЕККУнун имаратынын алдында бийликчил “Авангард” уюмунун мүчөлөрү нааразылык акциясын уюштурду. Акцияга чыккан ондогон активисттер эл аралык уюмдан тажик оппозиционерлеринин Варшавада кандай негизде катышканы боюнча түшүндүрмө талап кылышты. Ошол эле күнү аларды Тажикстандагы ЕККУнун жетекчи орун басары Фабио Пиана кабыл алды. Пиана тажик жаштарынын кайрылуусу англис тилине которулуп, эл аралык уюмдун баш кеңсесине жөнөтүлгөнүн билдирди.

ЕККУнун имаратынын алдына чыккан жаштар
ЕККУнун имаратынын алдына чыккан жаштар

Тажикстандагы бул чыр ЕККУнун Варшавадагы жыйынына байланыштуу Борбор Азиядагы алгачкы жаңжал болгон жок. Коңшу Кыргызстанда улут аралык кагылышты уюштурууга айыпталып, сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган Кадыржан Батыровдун эл аралык уюмдун жыйынында сөз сүйлөшү нааразылык жараткан. Бул окуяны кыргыз парламенти атайын талкуулап, ЕККУга нааразылык билдирген.

XS
SM
MD
LG