Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:57

Тажик согушунун сабактары


"Өңүт" берүүсү 1992-97-жылдагы Тажикстандагы жарандык согушка чекит койгон Тынчтык келишиминин 15 жылдыгына арналды.

Элге бүлүк салган жарандык согушту эстегенде Зарина Зухурова бүгүнкүгө чейин эрксизден жакасын кармайт:

- Биз агам экөөбүз студент элек. Дүйшөмбү шаарындагы бирден бир нан заводго нан сатып алганы барып турчубуз. Бир мертебе келсек, эл аябай көп экен. Баары эле нанга жетпей калам деп, чаң-тополоң түшүп жатты. Капылеттен автоматтын тытыраган үнүн эшитип, коркконубуздан баарыбыз туш-тарапка бытырап качтык. Биз агам экөөбүз октон бекинүү үчүн мына бул арыкка жыгылдык. Ошол кезде бет алдымда жолбун октон бир киши өлдү.

1992-97-жылдары Тажикстанда болгон жарандык согушта 60 миңдей адам өлүп, 100 миңдей адам дайынсыз жоголду. 55 миң бала жетим, 20-30 жаш ортосундагы 25 миңдей аял жесир калды. 1 миллион 200 миңдей адам там-жайын таштап, бозгун болуп кетти.

Ич ара согушта өлтүрүлгөн адамдар боо-боо менен көмүлгөн мазарлардын бири жакында эле табылды.

Бийлик деп элди садага чаап...

Өлкөгө айрым эсептөөлөр боюнча 1992-95-жылдары эле кеминде 7 миллиард доллар чыгым келтирген согуштун башатында 1991-жылкы президенттик шайлоонун жыйынтыгына ынанбаган оппозиция тарапкерлеринин агылып көчөгө чыгуулары, бийлик жактоочулары менен тирешүүлөр жатат.

Нааразы тарапты соолуктуруу үчүн тажик жетекчилиги өкмөтчүл күчтөрдү куралдандырса, оппозиция Ооганстандагы Ахмад Шах Масуд башындагы козголоңчулардан жардам сурайт.

1 миллион 200 миң адам коңшу өлкөлөрдөн баш паанек тапкан

1 миллион 200 миң адам коңшу өлкөлөрдөн баш паанек тапкан

Бийлик үчүн күрөш өлкөнү жаатташтырып, Дүйшөмбү шаарынын Озоди аянтында өкмөттү колдогон Куляб, Хоженд жана Гисар топтору толкуса, Шахидон аянты Каратегин, Бадахшан жана Хоженддин Матчин районунан чыккандардан чайпалат.

Идеологиялык жактан оппозицияны либералдуу реформачылар менен исламчылар колдойт. 7-майда жаңы курама өкмөт түзүлүп, көпчүлүк портфелдер оппозицияга тиет. 7-сентябрда Набиев президенттиктен күчтөп кетирилгени менен, уруш оту өлкөнү каптай баштаган.

Тажикстандагы согуштун ыраатын карап отуруп, анын тилсиз оттой өлкөнү каптоосуна болжогон портфелине жетпеген мансапкорлор, калкты каратегинчи, памирлик, кулябдык деп “жиликтеп бөлгөн” жикчилер менен каршы тараптын же оппозициянын талабына этибарга албаган амалдар-жетекчилердин да жоопкерчилиги чоң.

Бишкектин салымы зор

1993-жылдын ортосунда Жогорку Сот оппозициячыл партиялардын ишмердигин тыйгандан кийин төрт саясий кыймыл Бирдиктүү тажик оппозициясын түзөт. Саид Абдулло Нури башындагы бул оппозиция менен тажик Эмомали Рахмон башындагы бийликтер 1994-жылдын апрелинен 1997-жылдын майы ортолугунда Тажикстанды тоз-тополоңго салган согушту токтотуу үчүн сегиз айлампа сүйлөшүү өткөрөт.

Анын бурулуш учуру жөнүндө Тажик ортолук сегиз айлампа менен өткөн сүйлөшүүнүн алты айлампасына катышкан Эрик Асаналиевдин пикири:

Эрик Асаналиев, КРдын Беларус, Литва жана Латвиядагы толук ыйгарымдуу элчиси

Эрик Асаналиев, КРдын Беларус, Литва жана Латвиядагы толук ыйгарымдуу элчиси

- Менин оюмча, сүйлөшүүнүн эң башында эле эки тарап башкы саясий маселе боюнча - Тажикстан ислам партиясын таануу жөнүндөгү протоколго кол коюш керек болчу. Себеби чатактын баары ушул маселеде. Бул маселеде эки жак бири-биринин пикирине макул болбой жаткан.

Ошол 1994-жылы сүйлөшүү башталып, 1997-жылы майда Бишкекте өткөн кездешүүгө чейин бул талашты жөндөө такыр мүмкүн болбоду. Мына ошол Бишкек сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгы негизинде ошол эле жылы 27-июнда Москвада Тынчтык жана улуттук элдешүү жөнүндөгү жалпы келишимге Биргелешкен тажик оппозициясы жана тажик өкмөтү кол койо алды.

Ошон үчүн “Саясий маселелер жөнүндө” Бишкекте кол коюлган протокол- сүйлөшүүдөгү бурулуш учур болду демекмин. Үч күн, үч түн сүйлөшкөн бул сүйлөшүү тажик оппозициясы менен тажик өкмөтү арасындагы эң кыска сүйлөшүү да. Анткени бөлөк сүйлөшүүлөр 1 жумадан 10 күнгө чейин созулса, Ашхабад сүйлөшүүсү бир жылга жакын уланган. Бишкек сүйлөшүүсү ушунча ылдам жүргөндүктөн, кээ күнү таң эртең башталып, эртеси күндүн таңына чейин созулчу
.

Эркик Асаналиев азыр Кыргызстандын Беларустагы элчиси.

Тажик өкмөтү менен Биргелешкен оппозиция ортосундагы сүйлөшүүлөргө кепил катары сегиз өлкө: Ооганстан, Иран, Казакстан, Кыргызстан, Пакистан, Орусия, Түркмөнстан жана Өзбекстан катышкан. Ал эми 1997-жылдын жайында маанилүү сүйлөшүүлөрдүн бири Бишкекте өтөт. Мына ошол сүйлөшүүдөгү Кыргызстандын ролу тууралуу профессор Ибрагим Усмоновдун кеби:

- Тажиктер аралык сүйлөшүүнүн татаал бир учурунда Кыргызстандын ал кездеги тышкы иштер министри Роза Отунбаева сүйлөшүүдө биз, ошондой эле өкмөт жактаган позицияны жигердүү колдогону али эсимде. Сүйлөшүүлөрдөгү маанилүү протоколдордун бири - саясий суроолор боюнча протокол Бишкекте даярдалып, ал жерде кол коюлган.

Биздин делегация Бишкекке 1997-жылы 16-майда келип, 19-майга чейин болгон. Ошол кезде президент Аскар Акаевдин энеси өлүп, азада эле. Ага карабастан, кыргыз президенти тажик президенти менен чогуу болду; оппозициянын жана өкмөттүн делегациясы менен талбай аңгемелешип жатып, биз Бишкекте келишимге кол койо алдык. Болбосо, 18-майда эртең менен үч жылда жетишкен макулдашуулар жокко чыккандай абалга жеткенбиз.

Ошондо дал Аскар Акаевдин аракети менен кичинекей, бирок маанилүү документке кол коюлду. Ал документте Тажикстандагы партиялар кандай болору, оппозицияга өткөөл өкмөттө тийчү орундар, улуттук элдешүүдөгү оппозициянын орду, сөз эркиндиги жана маалымат эркиндиги кандай болору аныкталган. Кыргызстан сүйлөшүүдөгү өтө маанилүү байкоочулардын жана тынчтык сүйлөшүүсүнүн гаранттарынын бири болгон
.

Ошентип тажик өкмөтү менен Биргелешкен тажик оппозициясы 1997-жылдын 18-майында Бишкекте “Саясий маселелер жөнүндө” протоколго кол коюшат. Ибрагим Усмонов бардык сүйлөшүүлөрдүн катышуучусу жана сөз болгон протоколдун долбоорунун негизги автору саналат.

Көпчүлүк байкоочулардын ырасташынча, мына ушул Бишкек протоколу кийинки жылы 27-июнда Москвада тажик өкмөтү менен оппозициянын Тынчтык жана улуттук элдешүү жөнүндөгү жалпы келишимге кол коюсуна жол ачкан.

Тажик аралык сүйлөшүүлөргө Бириккен улуттар уюму менен Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму да арачылык кылган. Бул жараяндагы гарант өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргызстандын ролу жөнүндө Эрик Асаналиев мындай дейт:

- Ошол кезде Борбор Азия жана Орусиянын лидерлери абдан активдүү позицияны карманышып, кайра-кайра БУУга, ЕККУга чейин кайрылып, Тажикстандагы чатакты токтотууга аракет кылышканын баса белгилөө зарыл. Сүйлөшүүлөрдө эки жак жакын арада мунасага келбеси жана талаштары жөндөлбөсө айкын болгондон кийин - бөлөк өлкөлөр грант катары чыгышкан. Грант мамлекеттер: Ооганстан, Иран, Пакистан, Казакстан, Кыргызстан, Түркмөнстан жана Орусия сүйлөшүүнүн жүрүшүнө жакындан туруп көз салабыз, өз макулдугубуз аркылуу сүйлөшүүнүн жүрүшүнө аракет кылабыз дешип, өздөрүнө милдеттенме алышкан. Ошон үчүн грант болушкан. Сүйлөшүү бүтүп, тынчтык келишимине кол коюлган соңку үч жыл ичинде да, анда каралган шарттардын аткарылышына БУУнун жетеги астында мына ошол грант өлкөлөрдүн ишинин жыйынтыгында түзүлгөн Байланыш тобу көзөмөлдөп турган.

Согуштун сабактары

Серепчилердин айтышынча, Тажикстандагы жарандык чатакты жөндөөнүн тажрыйбасы калабанын Борбор Азияга жайылып кетүүсүнө мүмкүнчүлүк берген жок. Бирок коңшулаш өлкөлөргө Тажикстандагы согуштун эпкини жетти. Кыргызстанда 1992-97-жылдары миңдеген тажик бозгундар убактылуу баш паанек тапты. Алардын айрымдары азыр да Ата журтуна кайтып кете элек.

Тажикстандагы ич ара согушка 15 жыл мурда 27-июнда чекит койгон келишим, кээ бир саясатчылардын баамында, Биргелешкен тажик оппозициясы ар кандай жүйөлөрдү айтып, мунасага барбайт деген кепти жокко чыгарды, дейт ташкендик талдоочу Фарход Талипов:

- Бул өтө зарыл келишим болчу. Бир нече жыл созулган жарандык согуштун токтошуна алып барды. Тажик оппозициясы менен өкмөт арасында келишимдин түзүлгөнү - уникалдуу тажрыйба. Себеби ошол кезде тажик оппозициясы эгерим мунасага барбайт, алар менен келишим түзүп болбойт деген сыяктуу сөздөр уу-дуу айтылып жаткан. Ага карабай, тынчтык келишимине эки жак кол койду. Бул келечекте өлкө тынч өнүгөт, тажик эли жаңы өкмөттүн айланасына топтолуп, мамлекетте өнүгүү уланат деген үмүттү жаратты.

Тынчтык келишимине ылайык, оппозициянын таанымал өкүлдөрү өкмөткө кирди. Оппозициянын 4,5 миңдей жоокери милиция, армиянын катарына алынып, анын 5 миңден ашуун мүчөсү мунапыс менен жоопкерчиликтен бошотулду.

Тажикстандагы жарандык согуштан коңшу өлкөлөр кандай сабак алыш керек деген суроого профессор Ибрагим Усмонов мындай пикирин билдирди:

- Жарандык согуштун негизги сабагы мында: адамдар кандай гана эркиндик, кандай гана маселе үчүн күрөшпөсүн, ал коомдун өнүгүүсүнө кызмат кылып, бул өлкөнүн адамдарыны бүлүнтпөшү керек. Кайсы бир баалуулуктарды талап кылган адамдар, башка адамдар тутунган баалуулуктарды сыйлашы зарурат. Себеби адам өз каалаганын талап кылып жатып, башка бирөөлөрдүн укугун унутпашы керек. Жарандык уруштун жана бир сабагы бул: ким тынчтыкты кааласа, ким кызматташууну кааласа, алар экинчи тараптын талабын урматтоого тийиш. Анткени сиз эгер өзүңүздү сыйласаңыз, башка бирөөнү да сыйлашыңыз шарт. Сиз муну менен теңдикти камсыз кыласыз. Сиз муну менен эки жакка бирдей мүмкүнчүлүк түзөсүз.

Өлкөдөгү башаламандык, борбордук бийликтин алсыздыгы Тажикстанда түрдүү куралдуу топтордун күчөтүп, ооруканалар менен мектептер кыйратылган же таланып-тонолгон.

Тынчтык келишимине жараша түзүлгөн Элдешүү комиссиясы 1997-2000-жылдардагы өткөөл мезгилге мерчемделген иш-чаралардын аткарылышын көзөмөлдөөдө чоң роль ойногон.

Фарход Талиповдун сөзүнө караганда, Тажикстандагы жарандык согуш кайсы жерде бийлик борпоң, алсыз болсо, аны деструктивдүү жана тышкы күчтөр пайдаланганга аракет кылат. Ушундан келип, тажик аралык согуш региондогу коопсуздуктү камсыздоо мамлекеттер аралык маселе экенин көрсөттү дейт өзбекстандык серепчи:

- Жарандын согуштун башкы сабагы - Борбор Азия мамлекеттери эгемендикке бир нече жыл илгери жетишкендиктен, буттарына али ишенимдүү тура электигин көрсөттү. Бул өңүттөн алганда, алар коопсуздугуна шек келтирчү түрдүү коркунучтарга, күтүүсүздүктөргө туш келиши мүмкүн жана аларга каршы даяр турушу шарт. Региондо диний экстремисттик топтордун пайда болушу толук ыктымал.

Анын дагы бир маанилүү сабагы: Тажикстандагы жарандык согуш тажиктердин ички иши же ага гана таандык иш эмес экени жана калабанын кандайдыр бир өлчөмдө Ооганстандагы окуялар менен байланышы болгону белгилүү. Ооганстанды солкулдатып жаткан окуялар Борбор Азияга багытталган болушу этимал. Ал жараяндарды тутандыруу үчүн чөлкөмдөгү ачык чек аралар, күчсүз территорияларды пайдаланууга аракет кылышат. Ал кезде мындай чек ара Ооганстан-Тажикстан ортосунда бар эле.

Тажикстанда согуш чыкканда, ал Кыргызстан менен Өзбекстандагы кырдаалга таасир этери да белгилүү болгон. Бул жагдай Борбор Азия өлкөлөрүн коопсуздук чараларын биргелешип жүргүзүүгө үндөйт. Региондогу бир мамлекетте туруктуулук бузулса, коңшу өлкөлөр тынч отура албайт. Демек коопсуздук маселесине Борбор Азия өлкөлөрү жоопкерчиликтүү мамиле жасап, региондун коопсуздугу жөнүндө ойлонуулары абзел
.

Көрүнүктүү адамдардын өмүрү кыйылган

Туура 15 жыл мурда Биргелешкен тажик оппозициясы менен президент Эмомали Рахмон башындагы бийлик эки жак элдешкенин тастыктаган расмий документке кол койгону менен дале өлкөдө өкмөткө толук баш ийбеген аймактар бар.

Мындайда "жакшы согуштан жаман тынчтык артык" деп койот. Бирок кайра-кайра “кандуу булоон кайра кайталанбас үчүн эмне кылуу керек?” деген суроо коңгуроо кагат.

Саясатчы-илимпоз Ибрагим Усмоновдун оюнча, бийлик коогалаңга түрткү бербес үчүн бардык жарандарына, ишенимине жана саясий көз карашына карабай бирдей мамиле кылуусу шарт.

- Менин оюмча, биздин өлкөлөр акыркы жыйырма жылда колдонууга алган демократияга таянбаш керек. Бийлик демократияны бардык жарандарга бирдей камсыздап, демократияны бизде бар дөөлөттөргө каршы койбошу абзел. Тескерисинче, биздин баалуулуктарыбызды өнүктүрүп отуруп, демократияга жеткирүү зарыл. Согуш аркылуу ээ болгон, ага-инилердин канын төгүп жатып жеткен демократия - демократия боло албайт деп ойлойм.

Улуттук биримдик күнү жыл сайын 27-июнда белгиленип келет. 27-июнь, 2006-жыл

Улуттук биримдик күнү жыл сайын 27-июнда белгиленип келет. 27-июнь, 2006-жыл

Тажикстандагы жарандык согуш жылдарына байкоо салган адам саясий күрөштөн башталган чатакта көзүнө кан толгон наамарттар не журналистти, не бийлик адамын, не карапайым кишини аябаганын аңдайт. Алардын айрымдарынын ысмыдарын атай кетели: 1992-жылы 5-майда Жогорку Кеңештин алдындагы “Садио мардум” гезитинин редактору, депутат Мурадулло Шерализода чак түштө парламенттин короосунда атып өлтүрүлөт.

Августта башкы прокурор Нурлло Убайдуллаевди, күзүндө белгилүү ырчы Кароматтулло Курбоновду жана 11 кишини согушчандар жайран кылышат.

1994-жылы мартта оппозиция менен сүйлөшүү алдында вице-премьер Моеншо Назаршоевду, 1996-жылы июлда чак түштө академик-философ, 76 жаштагы Мухаммад Осимини атып кетишет. Осими Тажикстандын Илимдер академиясын 23 жыл жетектеген.

Ошол эле жылы Тажикстандагы белгилүү дарыгерлер Юсуф Исхаки жана Минхож Гулямовду Рахмон Сангиновдун желдеттери тындым кылат.

Белгилүү тажик публицисттери Отахон Латифи, Сайф Рахимов, Мухиддин Олимпур да бул тизмеде.
XS
SM
MD
LG