Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:26

Тажикстан ЕАЭБге ашыкпайт


Тажик президенти Эмомали Рахмон менен Орусиянын президенти Владимир Путин
Тажик президенти Эмомали Рахмон менен Орусиянын президенти Владимир Путин

Орусия Думасынын комитет төрагасы Тажикстан жакынкы күндөрү ЕАЭБге кирүүгө арыз берет деп билдирүү таратты. Бирок тажик бийлиги кирүүгө ашыкпасын, ириде Кыргызстан менен Армениянын тажрыйба, жагдайларын иликтерин белгилеп, өз шарттарын коюуда.

Орусия Мамдумасындагы экономикалык кызматташтык комитетинин төрагасы Леонид Слуцкий жакында КМШ өлкөлөрү ичинен Тажикстан ЕАЭБге кирүүгө өзгөчө кызыкдар болуп жатканын билдирген.

Слуцкий азыр тажик экономикасы биримдикке мамыр-жумур болууга даяр эмес, бирок кошулса өнүгүүгө жол алып, өзгөчө эмгек миграциясына байланышкан маселелери чечилерин белгиледи.

Бирок Тажикстандын Стратегиялык изилдөөлөр борборунун директорунун орун басары Сайфулло Сафаров анын айтканын жокко чыгарып, азыркы жагдайда Тажикстан ЕАЭБге ашыкпасын айтты:

- Эгер Орусия Тажикстан биримдикке мүчө болгон биринчи жылдары күтүлгөн чыгымдардын ордун толтуруп берсе, эч кандай маселе жок. Тагыраак айтканда, бюджетибизге түшүп турган бажы алымдарынын көлөмүн толуктап турушу керек. Анткени уюмга мүчө болгондо бажы алымдары түшпөй калат.

Быйылкы бюджетке бажыдан 685 млн сомони түшөрү эсептелген. Бул 6 млрд сомго жакын акча. Экономисттердин эсебинде, Тажикстан биримдикке кирсе, бул сумманын ири бөлүгү бюджетке түшпөй калат.

Экинчиден, орус товарлары өлкөнү каптап, атамекендик өндүрүш ага такат бере албай калат, деген коркунуч да күч. Мындай абал Кыргызстан эле эмес, Казакстанда да байкалууда дешет тажик эксперттери.

Миграция темасын Орусия саясий оюн катары колдонууда. Алгач тосмолорду жаратып, басым көрсөтүп, кайра мындай кылсаңар жоебуз деп атпайбы. Миграциялык кызыкчылык кыска мөөнөттүү маселе. Бирок, ал узак мөөнөттүү келечекке таасир эткени жатат.
Бахром Шарифов

Түрдүү кызматтагы орус аткаминерлери Тажикстандын мүчөлүк маселесин биринчи эле жолу көтөрүп жаткан жок. Орусия таасири астындагы өлкөлөрдү кошууга ынтызарлыгын дайыма эле туюнтуп келет.

Үч жыл мурда Тажикстандын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги өлкөнүн ЕАЭБге мүчөлүгүнүн оң-терс жактарын иликтөө үчүн жумушчу комиссия түзгөн.

Тажик экономисти Бахром Шарифов ал топ иш жыйынтыгын өкмөткө көрсөтө электигин, ага чейин деле биримдиктин оң-терс жактары башкалар тарабынан иликтенбегенин айтты.

Мындан улам субъективдүү пикир, акыркы жагдайларга баам салуу менен Шарифов Тажикстан ири инвестицияларга муктаж экенин белгилеп, биримдик аны камсыздай албасын айтат. Бул маселенин алдында миграциялык жеңилдик темасы убактылуу көрүнүш дейт:

- Ал эми миграция темасын Орусия саясий оюн катары колдонууда. Алгач тосмолорду жаратып, басым көрсөтүп, кайра мындай кылсаңар жоебуз деп атпайбы. Миграциялык кызыкчылык кыска мөөнөттүү маселе. Бирок, ал узак мөөнөттүү келечекке таасир эткени жатат. Акыркы жылдары мигранттар которгон акча азайганы менен экономика акырын алга жылууда.

Өнүгүүгө башка булактар табылып атат. Эл аралык фонддордун ишмердүүлүгү жанданды. Шанхай кызматташтык уюму, Азия банкы, Ислам дүйнөсү активдешти. Демек, бир эле түйүнгө байлануунун зарылдыгы жок. Экинчиден, Евразия экономикалык биримдиги курамындагы майда өлкөлөрдүн башка жактан инвестиция тартышын чектебеши керек.

Евразия экономикалык биримдигин Бажы биримдигиндеги Орусия, Беларус, Казакстан тарабынан түзүлүп, өткөн жылдын 1-январынан тарта иштөөдө. Кийин ага Армения, анан Кыргызстан кошулган.

Тажик эксперттери аны Евробиримдик сыяктуу уюмдарга окшоштурушат. Бирок, мында теңдик принциби сакталбай, Орусия башкы ролду ойноп, максат-багыттарды аныктап жатканын, жеке тышкы саясатын тарапташтарына таңуулап жатканын белгилешет.

Бирок ЕАЭБдин уставында өлкөлөр экономикалык жактан гана кызматташып, товарлар, капитал, кызмат көрсөтүүлөр, жумушчу күчтөр биримдик ичинде эркин жүгүртүлөт жана аракеттенет деп жазылган. Арийне, Кыргызстандын мисалында мындай шарт толук аткарылбай жатканы белгилүү.

XS
SM
MD
LG