Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:00

Мургаб: Той-аш чектелгени мал көбөйдү


Мургабдык кыргыздар ат чабышта, 2009-жылдын 19-июлу.
Мургабдык кыргыздар ат чабышта, 2009-жылдын 19-июлу.

Тажикстанда 2007-жылы май айында “Салттарды, салтанаттарды жана тойлорду өткөрүүнү тартипке салуу тууралуу” мыйзам кабыл алынган.

Ага ылайык, өлкөдө той-топурларды өткөрүүгө бир топ чектөөлөр кирген. Бул мыйзамдын Тажикстандын кыргыздар жыш жашаган Мургаб районуна да таасири тийип жатканына кезинде ал жерге барган кабарчыбыз күбө болгон эле.

Мургаб району.
Мургаб району.

Мургабдагы көп балалуу Ырыс Эшмамбетова уулун үйлөп, кызын күйөөгө берди. Мыйзамга ылайык келинине мурункудан аз калың төлөдү:

- Ушул мыйзам деп миң сомони, төрт кой, бир топоз бердик. Азыр калың аз эле. Машинелерди жасап, шаан-шөкөт менен көчөгө да чыгарбадык, азыр кээ бирлери тийип алгандан кийин деле ошентип чыга беришет. Эртең кызымдын тою болот. Ал деле чыкпайт.

Жергиликтүү элдин көпчүлүгү той-топур өткөрүүнү чектеген мыйзамды колдоп жатышат. Мургабдык Чынара аттуу кыздын айтымында, Тажикстанда айрыкча кыргыздарда калың өтө арбын төлөнчү:

- Бизде калың укмуштуудай көп берилчү. Топоздорду, койдон кыркты, дагы бир канча миң доллар пул берилет. Тажиктерде андай жок. Тажиктерде кийим-кече гана берет. Аш өткөргөндө төрт кой, топоз союлат эле. Элди аябай көп чакырат эле. Мисалы канча мечит болсо ошол жактагы адамдардын баарын чакырчу. Азадар болуп кийинет го, ошол адамга баштан-аяк кийгизишчү. Азыр бирден көйнөк, бирден жоолук гана беришет. Бир, же эки кой союлат.

Мургаб районун акими Майрамбек Тойчиев мыйзам кабыл алгандан бери аймакта бир топ оң жылыштар болгонун айтат:

- Мыйзам ишке киргенден бери үйлөнгөндөрдүн саны көбөйүп, ажырашкандардын саны азайды. Малдын башы аябай өскөн. Өзүбүздүн эле районду алсак, топоздун саны он бир, койдун саны отуз төрт пайызга өскөн. Бизде, кыргыздарда ысырапкерчилик абдан көп эмеспи. Тойго байланыштуу чыгымдар арбын болгондуктан, кээ бир үй-бүлөлөр уулун үйлөнтөм деп карыз алып, уулун үйлөнткөндөн кийин “кара короо” болуп такыр жайдак калып, баласы эки айдан кийин ажырашып кеткен үй-бүлөлөр да болгон. Азыр болсо мындай көрүнүштөр жок.

Бирок бул мыйзамга баары эле тегиз кубанган жок. Мисалы Мургабда өтө белгилүү, түзүлгөнүнө он жылдан ашкан “Беш мырза” ырчылар тобу эки жылдан бери той-топурга барбай калды. Ушунун айынан топ жоюлган жатат дейт “Беш мырзанын” башчысы Мамасалы Сатаров:

- Мурда тойлордо бизди - “Беш мырзаны” сөзсүз чакырышчу. Биздин өзүбүздүн жабдыктар, өзүбүздүн ырлар бар. Той-тамаша кылып “Беш мырза” ырдап, тойду тойдой өткөрөт элек. Ырдалбасын, ыр болбосун деп, эми биз тойлорго чакырылбай калдык.

Тажикстандын мыйзамына ылайык, тойлор үч сааттан ашык созулбашы керек. Чакырылган адамдардын саны 200дөн көп болбоого тийиш. Үйлөнүү тоюна кеткен каражатты бала да, кыз тарап да бирдей чыгарып өткөрөт. Ыр-күүлөр дээрлик болбойт.

Тойлорго барып, той көркүн ача албай калган Мургабдагы “Беш мырза” тобу бул салтанатта балким соңку жолу ырдап аткандыр. Андай эле киреше тапкысы келсе, Кыргызстанга келишсе болот, бул жакта аш-тойлорго чек жок эмеспи.

XS
SM
MD
LG