Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:16

Тажикстан мигранттарына жумуш издейт


Орусиядагы тажик мигранттары.
Орусиядагы тажик мигранттары.

Тажикстандын бийликтери 2016-жылы Орусияда иштегендердин саны азайганын айтууда. Ошондуктан эмгек миграциясынын алтернативалуу жолдорун издеп, учурда Түштүк Корея, Германия, Польша менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын билдирди.

19-январда Эмгек жана миграция министри Сумангул Тагойзода өткөн жылдын жыйынтыктары боюнча маалымат жыйынын өткөрдү.

- 2016-жылы акча табабыз деп Орусияга 504 миңден ашуун жараныбыз кеткен. Алдыңкы жыл менен салыштырганда бул 6 процентке аз. Казакстанга болсо, тескерисинче, мурдагыга караганда 13 процентке көп же 12 миң тажикстандык иштегени барган, - деди министр.

Буга чейин тажик бийликтери 300 миңден көп жаран Орусиянын миграция мыйзамдарын бузгандыгы үчүн депортацияланганын маалымдашкан.

Эксперттер, арийне, Орусиядагы эмгек мигранттарынын чыныгы саны мындан эки эсе көп, бир миллионго чукулдайт дешет жана агымдын азайышын ал өлкөдөгү экономикалык кризис жана жергиликтүүлөрдүн гастарбайтерлерге терс мамилеси менен түшүндүрүшөт.

Эмгек миграциясы боюнча талдоочу Рахмон Улмасов "Азаттык" радиосунун кабарчысы менен маегинде иш издеп Казакстанга жөнөгөн тажиктер көбөйгөнүн, ал жердеги миграциялык саясат алда канча жумшагыраак экенин белгилейт. Анын үстүнө Казакстанда эмгек мигранттарына кастык маанай сезилбейт:

- Менин билишимче, кээ бир тажиктер Казакстандын айрым облустарында жер аянттарын ижарага алып, айыл чарба иштери менен алектенишет, жакындары менен жердештерин чакырып кетишет. Мекенине көбүнчө акча которбой эле, айыл чарба продукциясын, мисалы, буудай жөнөтүшөт. Бул – Тажикстан үчүн да, Казакстан үчүн да пайдалуу.

Көз карандысыз эксперт Абдуфаттах Шафиев болсо Казакстанга акча табууга Орусиядан депортациялангандар жөнөшөөрүн белгилейт. Анын айтымында, ал өлкөдөгү миграциялык эрежелер анча деле жумшак эмес, чет элдиктердин иштөө уруксаты жок болсо, бир айда бир жолу Кыргызстан менен чек арадан өтүп, кайра Казакстанга кирүүгө милдеттүү.

- Тажикстандык мигранттар Орусиядагыдай эле курулуш, соода, айыл чарба тармактарында иштешет, - дейт Шафиев.

Министр Тагойзода пресс-конференцияда тажик бийликтери эмгек миграциясынын альтернативалуу багыттарын издеп жатышканын айтты.

- Ушу тапта жарандарыбызды Катарда жумушка орноштуруу боюнча долбоор даярдалып жатат. Тажикстандыктарды чет өлкөлөрдө жумуш менен камсыз кылуу агенттиги Европанын Польша, Германия өңдүү мамлекеттери менен сүйлөшүү жүргүзүүдө, - деген министр Душанбе тиешелүү сүйлөшүүлөрдөн кийин Түштүк Кореядан жумуш орундарына квоталарды күтүп жатканын да кошумчалады.

Министрликтин маалыматы боюнча, былтыр Тажикстан чет өлкөлүк 11 миң 300 кишиге иштөө уруксатын берген. Ал негизинен Кытай жана Ооганстан жарандары. Миграция мыйзамдарын бузгандыгы үчүн 204 киши айыппул төлөп, өлкөдөн чыгарылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG