Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:27

"Комсомольская правда" Тажикстанды таарынтты


"Комсомольская правда" гезити Бишкекте эркин сатылат.
"Комсомольская правда" гезити Бишкекте эркин сатылат.

Орусиянын «Комсомольская правда» гезитин Тажикстанда сатууга тыюу салынды. Тажик бийликтери гезиттин акыркы сандарында тажиктерди шылдыңдаган макалалар чыккандан улам ушундай кадамга барганын билдиришти.

Орусиялык гезиттин жетекчилиги тажик бийлигинин доосу суу кечпейт дейт.

Жакында Орусиянын «Комсомольская правда» гезитинде Тажикстандын азыркы турмушу тууралуу кеңири макала жарыяланды. Сандан-санга уланган көлөмдүү макала гезиттин Сергей Пономарев аттуу атайын кабарчысы Тажикстанга саякаттап келгенден кийин чыккан. Макаланын автору Москва-Тажикстан каттамындагы учакта жалаң «Равшан жана Жамшуттардын» арасында жалгыз гана жаркын жүздүү баратты деп, макаланы өзүн мактоодон баштаган.

- «Равшан жана Жамшуттун» өлкөсүнө саякат. Тажикистан: Москвадан Тажикстандын түндүгүндөгү байыркы Хожентке бараткан учакта славян түстүү жалгыз менин жүзүм жаркырап турду. Калгандары бүтүндөй «Равшан жана Жамшуттар».

Владимир Сунгоркин
Владимир Сунгоркин

Адамдын өңүнө асылуу менен башталган макалада тажик мигранттары мекенине келип, кытай өндүрүшүнөн чыккан арзан кийимдерди киерин ачуу какшык менен сүрөттөп чыккан.

Андан соң тажик ысымдары акырындап орусча «ов», «ова» деген мүчөдөн арылып, «зода», «фар» деген улуттук мүчөлөрдү ала баштаганын да сындаган. Орусиядагы тажик мигранттарынын расмий жана бейрасмий санын атап, тажик мигрантынын Орусияда жасаган оор кылмышы тууралуу чакан баянды кыстара кеткен. "Комсомольская правданын" Тажикстандагы өнөктөшү Шариф Хамдампур 21-июлда маалымат жыйын куруп, мындан ары ал гезитти басууну жана таратууну токтотконун жарыялады.

Шариф Хамдампур
Шариф Хамдампур

- Макаланы окуп чыгып ал журналисттик этикага эле эмес, кесиптик талаптарга да жооп бербей турганын аңдадым. Макалада тажик элин шылдыңдоо фактылары бар. Бүт тажик улутун «Равшан жана Жамшут» деп атап жатышат. Мен мындай маанидеги макалаларды токтотуп, анын авторуна чара көрүлүшүн гезиттин жетекчисинен сурандым. Алар эки саат ичинде жооп беребиз деген бойдон эч кандай реакция кылышкан жок. Ошондон эки күндөн кийин мен ал гезиттин ишмердүүлүгүн токтотуу чечимине келдим.

Пономаревдун Тажикстан тууралуу макаласы «Комсомольская правданын» он санына катары менен жарыяланган. Автор ал макалада орус бийлигине кайрылып, Тажикстандын жетекчилигин алмаштырууну да сунуштап жиберген. Тажик тарап ал макалага карата нааразылыгын биринчи чыгарылыштан кийин эле билдирген. Бирок гезит Пономаревдун сандан санга уланган макалаларын жарыялоону токтоткон эмес.

Макаланын автору Сергей Пономарев
Макаланын автору Сергей Пономарев

Эми тажик тарап гезитти Тажикстанда басууга жана таратууга тыюу салгандан кийин аталган гезиттин жетекчилиги өздөрүнүн расмий сайты аркылуу чыр тууралуу жообун жарыялашты. Анда башкы редактор Владимир Сунгоркин макаладан шылдыңдоону көрбөгөнүн айтат.

- Биринчи макаладан кийин эле тажик бийлиги ал макаланы сайттан алууну талап кылышты. Болбосо нааразылык нота жиберерин, гезиттин Тажикстандагы редакциясын жабышарын оозеки эскертишти. Бирок мен башкы редактор катары алардын талабын аткара албайм. Анткени ал макаладан улутту таарынта турган шылдың же кемсинтүүнү көргөн жокмун. Биз эртең барып гезитти чыгарууга да даярбыз. Бул биз үчүн таптакыр принципиалдуу маселе эмес. Анткени биз тажик бийлиги үчүн эмес, Орусия тууралуу кызыккан азыраак гана эл үчүн иштейбиз.

Сунгоркин Украина чатагы учурунда улуттук кызыкчылык үчүн иштерин айтып, украин бийликтеринин пикирине гезиттен орун бере албастыгын орус телеканалдарынан ачык айткан болчу.

Адистер «Комсомольская правда» гезитин Орусиянын бийлигине кызмат кылган пропагандалык басылма деп атап келишет. Ал гезитте жарыяланган бир нече макалалардын жалган экени аныкталып калгандан кийин муну олуттуу мамилеге татыксыз "сары гезит" деп атап жүрүшөт.

Орусиялык «Комсомольская правда-Тажикстан" тиркемеси 2006-жылдан бери басылып келет. Бул гезит он жыл ичинде Тажикстанда 5 миңдей окурман тапкан. Учурда Тажикстанда Орусиянын «Аргументы и факты» гезити басылууда. Аталган гезиттер Кыргызстанда да басылып чыгат. Ал тургай Кыргызстандагы мамлекеттик мекемелер жыл бою сатып алууга жазылышат.

XS
SM
MD
LG