Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:08

Төлөгөнов: Текебаевди кармоо жөн окуя эмес


"Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен президент Алмазбек Атамбаев.
"Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен президент Алмазбек Атамбаев.

Cаясат таануучу Медет Төлөгөнов "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин кармалышынын артынан курчуган жагдай боюнча пикирин билдирди.

Төлөгөнов: Менин пикиримде бул жараян - өткөн жылы оппозициялык көз караштагы саясатчыларга жана оппоненттерге каршы күч органдары аркылуу басым көргөзүү аракетинин курчуган чагы. Бул жерде күнөөлүү жана күнөөсүз тарапты издөө азырынча эрте. Анткени, “Мегаком” жана башка маселелерге байланыштуу тактоону талап кылган айыптоолор болуп жатпайбы.

Бирок жараяндын өзү тууралуу сөз кылуу маанилүү. Текебаев катардагы депутат эмес, же болбосо оппозицияда жүргөн жөнөкөй саясатчы эмес. Ал белгилүү, тажрыйбалуу саясатчы. Аны аэропортто учактан түшкөндө кармоону, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине алып келип камоону жөн эле катардагы окуя деп айтууга болбойт.

Мисалы, “Белизгейт” же башка айыптоолор коюлган окуялар "шоу" деп сыпатталып, ал нерсе адамдын абройун төгүү, моралдык басым жасоо аракети катары бааланат. Мындайча айтканда, салыштырмалуу жеңил, көнүмүш күрөш. Ал эми, 26-февралдын түнүндө Текебаевдин кармалышы - ошол жеңил басым жасоонун чектен чыгышы. Бул абал кандайдыр бир терең бурулуштун башаты деген ойго жетелеп, керек болсо чоочутат.

“Азаттык”: Текебаевдин партиялаштары жана айрым саясатчылар бул жагдайды одоно мыйзам бузуу катары сыпаттап жатышат. Укуктук жаатта сиздин көз карашыңыз кандай?

Төлөгөнов: Укуктук жактан чынында мен анык пикир айта албайм. Анткени, юрист эмесмин. Бирок бейтараптуу оюмду билдире алам. Дегеле саясатчыларга кылмыш иштерин козгоо жараяндарына байланыштуу суроолор көп. Соңку алты-жети жылдагы окуяларды ала турган болсок, бийликчил Социал-демократтар партиясы фракциясынын депутаттарына каршы кылмыш иши болбоду. Музаффар Исаковго жакында козголгон кылмыш ишти айтпаганда, албетте.

Басым көргөзүү алгач өткөнкү чакырылыштагы “Ата Журт” фракциясындагыларга каршы башталды. Эми “атамекенчилер” менен уланып жатат. Укуктук жаткан көп маселелер бар. Текебаев кармалгандан соң адвокат менен байланышууга уруксат берилбегени айтылды. Бул албетте адам укугун да бузат, өлкөнүн мыйзам нормаларына, эл аралык стандарттарга туура келбейт.

“Азаттык”: Муну көпчүлүк президент Алмазбек Атамбаев менен депутат Өмүрбек Текебаевдин тирешинин жеткен чеги деп жатышпайбы. Тараптардын ымалага келүүсүнө ишеним барбы?

Төлөгөнов: Чынында бул абал президент менен Текебаевдин ортосундагы жеке тиреш экени байкалат. Экөө тең эски саясатчы, канча оор күндөрдү бирге өткөрүштү. Тил табышып кетеби же жокпу, бул да ачык маселе болуп турат. Акыркы жарым жылда мамилеге жарака кетпедиби. Президенттин эгемендик майрамында айткан сөздөрүнөн соң курчуп, экөө бири-бирин ачыкча күнөөлөп, айыптоонун ар кандай жолун пайдаланышты.

Бирок, Алмазбек Атамбаев быйыл мөөнөтү бүтүп жаткан президент катары, биринчи кадамды жасаганы - максатка ылайыктуу. Тактыдан кетип жатып, артында чуулгандуу маселелерди калтырбашы керек. Балким, мамлекет башчынын ичинде капачылыгы бардыр. Бирок президент катары маселени жайгарышы зарыл. Ымалага келүү боюнча Текебаевге караганда, Атамбаевден көп нерсе көз каранды.

“Азаттык”: Текебаев президенттин дарегине сын-пикирлерди айтып, мамлекет башчыга байланыштуу мыйзамсыз аракеттери жөнүндө жарыялаганда, коомчулук арасында анын өзүн сындагандар болду. Эмне үчүн мурда унчукпай, эми айтып жатат деген таризде. Бул пикирлер боюнча сиздин оюңуз кандай?

Төлөгөнов: Мен деле азыркы жагдайда Текебаевди актоодон алысмын. Анткени, 2010-жылдан кийин саясатчылар арасында тандалма айыптоолор жүрүп жатканда “Ата Мекен” бийликчил системанын курамында болгон. Партия мүчөсү Аида Салянова баш прокурор кызматын аркалаган. Басым көргөзүү машинасы иштеп жатканда алар унчукпай, ошол жагдайга макул болушту. Эми өздөрү ушундай абалга тушугушту. Демек, өзгөрүүлөр ишке ашпаганында алардын да күнөөсү бар. Бул жаатта Текебаевдин тамаркасына да таш түшөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG