Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:00

Сүрөтчү Асатилла Тешебаев 1982-жылы Москвадагы Бүткүл союздук мамлекеттик киномотография институту - ВГИКке киргенден бери Кыргызстандан сыртта жашайт.

Апрель-май айларында Москвадагы ЦДХда (Центральный Дом художника) кыл калем чеберинин жеке көргөзмөсү болду. Көргөзмөнү уюштуруучулардын бири, узак жылдардан бери Москвада эмгектенген Долон Жумабаев акыркы чейрек кылымда Орусиядагы береги атактуу көргөзмө залында кыргыз сүрөтчүсүнүн жеке көргөзмөсү биринчи жолу болгонуна чоң кубанычта экенин айтты:

- Буга дейре ЦДХда кыргыз художниктеринин персоналдык көргөзмөсү болгон эмес. Көргөзмөнү көргөнү биринчи эле 80ге жакын кыргыз келди. Алардын 5 проценти искусствону профессионалдык жактан түшүнсө, калгандары түшүнбөсө керек. Ошентсе да алар ЦДХда кыргыздын сүрөттөрү турат деп толкундашып, абадан сүйүнүп, ыраазы болуп кетишти.

Көргөзмөнү уюштурууга Кыргызстандын Москвадагы мурдагы элчиси Райымкул Аттокуров жетектеген фонд да көмөктөшкөн.

Асатилла Тешебаев ВГИКти бүтүп, Бишкекке келип бир жыл “Кыргызфильм” студиясында эмгектенет. Бул арада Токтогул Сатылганов жөнүндө тартылган “Кербез” (Неистовый беглец) көркөм фильминде костьюм боюнча сүрөтчү болуп иштеп, артисттер тасмага анын эскизи боюнча тигилген кийимдерди кийип тартылат.

Фильмдин режиссеру Георгий Николаенко, сценарийин Кадыркул Өмүркулов жазган. Ананэле Асатилла Тешебаев күтүүсүздөн кайра Москвага аттанып кетет. Анын себебин өзү мындай деп түшүндүрдү:

- Бир жыл Физкультура институтунун жатаканасында жана башка жерлерде жашап жүрдүм. Анан киностудиянынын директоруна кирип, бир бөлмө квартира бериңиз, бала-чакамды алып келейин дедим. Ал бере албайм дегенинен анда мен кетеримди айттым. “Мейли, айланып тегеренип бир күн кайра келесиң да,” - деди. Кайда бармак элек. Келебиз да деп, ошо бойдон Москвага жүрө бергем.



Асатилла Тешебаев 1990-жылы кыргыз кесиптештеринин арасынан алгачкылардан болуп, Батыш Европага барып сүрөт тартып, тиричилик кылат. Ага дейре Москванын ортосундагы атактуу Арбат көчөсүндө чет элдик туристтердин сүрөтүн тартып жүргөн сүрөтчү Швецияга кантип барып калганы жөнүндө минтип эскерет:

- Арбатта мени менен Нурлан Мамров деген жигит сүрөт тартчу. Өзү Москва университетинин физика факультетинде окучу. Ага мен үйрөтүп жүрдүм. Бир күнү ага бир чет элдик келип, менин сүрөтүмдү тартып бер десе, Нурлан ойлонуп көрөйүн дейт. Демейде, художниктер кардарга желимдей жабышып алып, акыры ийдирчү. Тиги киши тегеренип жүрүп, кайра Нурланга келип, сен мага жактың, кааласаң бир досуң менен Швецияга чакыруу жасап берем дейт. Ошентип Швецияга чыгып кетип, төрт жыл иштедим.


Сүрөтчүлүк өнөрдүн негизин Бишкектеги Чуйков атындагы Мамлекеттик көркөм өнөр окуу жайында өздөштүргөн Тешебаевдин дүйнө кезген сапары Швеция менен эле бүтпөдү. Түркия, Германия дагы башка өлкөлөрдө кыдырып жүрүп, 1996-жылы Венага токтоп, кийинчерээк Грац шаарында жашап калат.

Австриянын художниктер союзунун мүчөсү болуп кабыл алынат. Анын ондогон эмгектери европалыктардын үйүнө көрк берип турат. Буга чейин сүрөтчүнүн чыгармалары бир катар Европа өлкөлөрүндөгү, ошондой эле Нью-Йорктогу Бродвей галлереясында көргөзмөлөргө кюлган. Художниктин Москвага кайтып келүүсүнө үй-бүлөсүн сагынуу, жаш курагы себеп болгон:

- Австрияда он жыл жүрдүм. Тамагымды өзүм бышырам, кир-когумду өзүм жууйм. Чөнтөктө акча бар. Тамагыңды жеп, каалаган жагыңа басасың. Бирок жалгыздык, кусалык, сагыныч. Маалыматка ачкасың. Кийин “скайп” пайда болгондон кийин балдарым менен бир-эки саат отуруп, кезектешип күнүгө сүйлөшөм. Бир жолу белим кармап калып, керебетимден муздаткычка 5 мүнөттө араң жеттим. Ошондон кийин өзүмө өзүм: “Кимдин баласысың? Каякта жүрөсүң? Улутуң ким?” деп суроо бердим. Бул жактын акчасын да көрдүм, маданиятын да көрдүм. Турмушун ичинен да, сыртынан да билдим. Ушинтип жүрүп, бир күн болбосо бир күн тоголонуп кетчү болсом, жөлөп тургузчу кимим бар дедим. Москвада үй-бүлөм, бала-чакам, неберелерим бар болсо, мага эмне жетишпейт. Бакыт топтолгон акчада эмес, жаныңдагы балдарыңда, аялыңда, досторуңда деп анан келе берүүнү чечтим...

Арийне, Батыш дүйнөсү худониктин көз карашына, чеберчилигине, сүрөт тартуу манерасына жана көркөм табитине өз таасирин тийгизди. Бул жөнүндө москвалык искусство таанучу Григорий Гинзбург мындай байкоосу менен бөлүштү:

- Тешебаевдин сүрөттөрүнөн Европанын таасири сезилет. Анын айрым картиналарынан темир мору, үзүк сызык жана башка түрдөгү технократиялык символдорду көрүү мүмкүн. Алар декорация сыяктуудай. Ал символдордун артынан адамдын жүзү, инсандын тагдыры калкып чыгат. Мунун баары бүгүнкү күндүн темасы, адамдардын технотагдыры.

Бирок да Асатилла Тешебаевдин сүрөттөрүнүн мазмуну, духу, темалары Ата Журту менен байланышкан, - деп улантты сөздү орусиялык-италиялык ФЕРРОНИ академиясынын академиги Григорий Гинзбург:

- Анын чыгармачылыгы бир нече багытта өнүккөн. Алар бир жагынан улуттук мазмунга шайкешип турат. Андай эмгектеринин сериясы реалисттик манерада тартылып, кыргыздардын турмуш-тиричилиги менен байланышкан. Экспозициянын ортосундагы триптихинин арт жагы килем формасында тартылган. Бул формат, албетте, кыргыз эпостору жана элдин руханий, маданий дөөлөттөрү менен байланышкан. Экинчи жагынан, анын сүрөттөрү көркөмдүк жана философиялык мазмуну боюнча, художниктин күчтүү жарандык позицияда турганын күбөлөйт. “Шахматист” деген эмгеги мага өзгөчө жакты. Картинанын бетинен түбөлүктүүлүккө моюн сунбай жөргөмүштүн желесиндей жарака кеткен. Кезектеги жүрүштүн үстүнөн ойлонуп отурган адамдын алдында байыркы кум саат. Саат жарым убактысын сарптап койгон. Художник өмүрүнүн теңин жашап койгон. Бирок чыгармачылык жана ийгилик үчүн убакыт бар. Бул терең философиялуу сүрөт.

Сүрөткер өзү картиналарында адамдын бул тириликтеги өз орду, өз махабаты үчүн умтулуусун, ички дүйнөсүн ачып берүүгө аракет кыламын дейт.

Григорий Гинзбургдун баамында, сүрөтчүнүн дагы бир өзгөчөлүгү социалдык тема аз чагылдырылган азыркы заманда адамдардын өмүрүнө байланыштуу сюжеттерге кайрылуусу.

- Граждандуулук темасы москвалык жана орусиялык художниктерде эми гана антип-минтип ойгонууда. Бул бир жагынан өткөн тарыхка кайрылуу. Тамыры тээ эзелки тарыхый окуялар менен байланышкан эмгектерди Илья Глазунов атындагы академиянын бүтүрүүчүлөрүнүн эмгектеринен көрөбүз. Бирок алар карт тарыхта болгон окуяларга бүгүнкү турмуштун сюжжеттерини кошуп тартышат. Ал эми Асатилла Тешебаев азыркы жашоонун проблемаларын түз чагылдырат. Мисалы, үй-бүлөнүн ажырашканы жөнүндөгү картинасында ата-энелер менен балдарынын ортосундагы байланыш жоголот. Мен мындай ачуу теманы орусиялык сүрөткерлерде көргөн жокмун. Болбосо бул биз үчүн да абдан актуалдуу.

Асатилла Тешебаев 30 жылдан ашык өмүрүн Ата Журтунан алыста жашаганы менен кыргыз бойдон кала берерин, Кыргызстанды башка эч бир өлкөгө алмаштырып болбосун айтат:

Асатилла Тешебаев

Асатилла Тешебаев

- Эми биз кай жерде жашабайлы кыргыз бойдон кала беребиз. Ата Мекенибиз Кыргызстан. “Ат айланып казыгын табат” дегендей, кайсы бир күнү Ата Мекенибизге барсак керек деп ойлойм. Ата Журтуңду башка эч бир мамлекет менен алмаштырып болбойт.

Асатилла мырзанын аялы Москвада поликлиникалардын биринде иштейт. Улуу кызы Махабат Жалпы орусиялык мамлекеттик салык академиясын бүткөн. Капитан. Москвада эмгектенет. Бала-чакалуу. Экинчи кызы Анара художник-дизайнер. Испанияда өткөн дизайнерлердин сынагында биринчи орунду жеңген. Азыр үй-бүлөсү менен Кыргызстанда жашайт. Үчүнчү кызы Эльвира Г.В. Плеханов атындагы экономикалык университетти аяктап, “Европа” банкында иштейт. Уулу Тимур мектепте окуйт. Баары Москвада төрөлгөн.

Асатилла Тешебаев тарткан сүрөттөр

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG