Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:30

Кинорежиссер Эмил Жумабаев кечээги жана бүгүнкү кыргыз интеллигенциясы, алардын бүгүнкү абалы тууралуу "Азаттыкка" маек куруп, акыркы жылдары пайда болгон "мырк" түшүнүгүн жана алардын кимдер экенин чечмелеп берди.

“Азаттык”: Сиздин “ЦентрАзия” сайтына курган “Бишкек мырктардын басымынан деградация болууда” деген маегиңиз коомчулуктун бүйүрүн кызытты. Чын эле сиз айткан “мырктардын” айынан Бишкек эгемен мамлекеттин борбору катары касиетинен ажырап баратабы?

Жумабаев: Маектин жарык көрүшүнө “Чыгышка карай жол” жыйнагымдагы “Учуп кетип бараткан шаар” аттуу макала себеп болгон. Бирок маекти одоно бурмаланган аталыш менен чыгарып жиберишти. Мен минтип түз мааниде айткан эмесмин.

Эми айрымдардын безине тийген “мырк” деген сөзгө өтсөк. Мырк ким? Эне сүтү менен келген улуттук өзгөчөлүктү чанып, ошол эле маалда чоң шаардын маданиятын кабыл албаган ара жолдогу люмпен. Ар-намысты, уят-сыйтты уруп ойнобогон, бүгүнкү күн менен жашаган кара курсактын кулу. Жеке кызыкчылыкты бийик коюп, атуулдук ариетин унуткан бечара. Бизде “мырк” десе эле базарда араба түрткөн адам көзгө элестейт. Кечирип коюңуз, биздин люмпендер эчак байып, алды бийлик бутактарында отурат.

Депутаттардын басымдуу бөлүгү ушул катмарды түзөт. Булар толук кандуу шаардык боло алган жок, ошол эле маалда мамлекеттин беделин бузуп бүтүштү. Дал ушулардын айынан коомдогу маданият деградацияга учурап жатат.

Дүйнөдө шаарлар миң түркүн. Чоң шаарларда деле жакыр, көйгөйү башынан ашкан райондор бар. Бирок Кыргызстанда шаар түшүнүгү советтик аң-сезим бойдон калган. Албетте Ош байыркы шаар, өткөн кылымдарда ар кандай чептер, коргондор болгон. Бирок биз үчүн шаардын модели бул - советтик Фрунзе.

Советтер Союзу жөн гана мамлекет эмес, идеологиялык долбоор да болгон, бийлик СССРдеги элдердин өнүгүүсү үчүн калың каражат жумшаган. Кыргыздын чыныгы интеллигенциясы мына ошол кезде пайда болгон. Алар азыркы шаардыктардан жүрүм-туруму, жада калса кийими, учурашканы менен да кескин айырмаланып турган.

Бир жагынан алганда азыр интеллигенция катары бизде эле эмес, бүт дүйнөдө суюлуп баратат. Булар кимдер? Биринчиден, акылы, чыгармачылыгы менен күн көргөндөр. Экинчиден, бул чөйрөгө болгон өзгөчө мамиле. Философиянын өңүтүнөн айтсак, дүйнө азыр өнүгүүнүн модерн (интеллигенция дал ушул доордо пайда болгон) багытынан тайып, постмодернизмге кетип баратат. Натыйжада интеллигенцияга дүйнөдө талап азайды. Тамыры тереңге кеткени үчүн гана айрым мамлекеттерде араң сакталып турат. Бизде анын кыртышы башынан жука болчу. Ал да жылдан-жылга жоголуу үстүндө.

Дагы бир белгилей кетчү нерсе: бизде интеллигенция десе эле серепчилерди, журналисттерди, белгилүү адамдарды, чыгармачыл чөйрө менен шоу-бизнес өкүлдөрүн элестетишет. Бирок булар интеллигенцияга кирбейт, азыраагы гана интеллектуалдар. Кезинде доктурлар да, инженерлер да, жумушчулар да интеллигент болгон. Демек интеллигенция түшүнүгүн диплом, кесип же коомдук даражасы менен өлчөөгө болбойт.

“Азаттык”: Сиз кыргыздар өткөн кылымдын 60-жылдары шаар курууну өздөштүрүп, евроазиялык моделге бат эле жуурулушуп кеткенин айттыңыз. Багыбыз жок экен, урбанизация кесепетинен Совет доорунда курулган моделди наадан жарандар кыйратып бүтүштү деген ойдо экенсиз. Бирок андагы Фрунзе шаарынын калкын орустар менен орус тилдүү жарандар түзгөнүн унутууга болбойт го. Азыр эми алардын көбү өлкөдөн чыгып кетти дечи. Ошондон кийин биздин, кыргыздардын шаар маданиятын түптөөгө кудуретибиз жетпейби?

Жумабаев: Ар бир элдин өзүнүн улуттук каада-салты, үрп-адаты бар. Бир жагынан алганда бул өтө күчтүү курал. Тилекке каршы, бизде улуттук өзгөчөлүктү фольклор жана кол өнөрчүлүк менен чектеп коюшкан. Улуттук каада-салт дагы дүйнөгө болгон көз карашка кирет.

Биз шаарда жашап, урбанизациянын бардык жыргалчылыгын көрүп жатсак да көчмөн бойдон калдык. Сырт келбетибиз шаардык болгону менен жан дүйнөбүздө көчмөн отурат. Көчмөн ким? Ал өзү отурган укум жерди аздектебейт, анткени ага байланбасын, кайсыл маал болбосун көчөрүн билет. Ошол укум жерди көздүн карегиндей сактап, гүлдөтүп небере-чөбөрөлөрүнө мураска калтыруу кан-жанга сиңген эмес. Ошол себептүү шаарда туулуп-өссөк да көчмөндүк аң-сезим менен жашайбыз. Ошол себептүү бизде инерция күчтүү. Албетте заманбап шаар маданиятын түзүү колубуздан келет, бирок ал бир же он жылдыкта ишке ашпайт. Анын үстүнө биз аң-сезимди аңтар-теңтер кылган ааламдашуу доорунда жашап атабыз.

20 жыл ичинде биздин шаардык маданият жукарып эле тим болбой, түп-тамыры менен жулунуп, Бишкекке жапайычылык кулач жайды. Жаңы имараттар, жаңы машиналар булар тышкы гана көрүнүш. Эң маанилүүсү анда жашаган калк. Бирок алар этика менен эсептешпейт, бой-аягына карабайт, баскан-турганы мажирөө, сөгүнөт, кайда караба түкүрүк жана таштанды. Мындай кырдаалда билим берүү менен аздыр-көптүр сакталып калган маданият деңгээлин көтөрүү керек. Тарыхка кайрылсак, 1913-жылга чейин бизде кинематография да, көркөм сүрөт өнөрү да, театр да, опера да болгон эмес. Бирок Совет доорунда биз дүйнөгө эмнени гана бербедик? Орто Азиядагы эң мыкты көркөм өнөр менен кинематография, алп жазуучу Чыңгыз Айтматов бизден чыкканы калппы?! Демек колубуздан келет турбайбы.

Деградацияга алдырбай, өзүн-өзү тарбиялап, билим менен маданият деңгээлин түшүрбөй жүрүүгө ар бир адамдын алы жетет жана мунун башаты үй-бүлөдө. Мен болгону карапайым адаммын, мамлекеттик кызматкер эмесмин, анын талабы менен эмне кылуу керектигин да билбейм. Биздеги интеллигенция калдыктары - мамлекеттеги күчтүү маданий ресурс. Алар болбосо кургуйга кулайбыз.

“Азаттык”: Сиз өкүт менен айтып жаткан шаардык интеллигенция өткөн доор менен кошо кетти. “Советтик такшалуудан” чыккандарды көтөрө чалып, Фрунзени түптөгөн адамдар гана чыныгы шаардыктар деп гана эсептейт экенсиз да. Ал эми советтик доорду көрбөй-билбей калган жаштарчы, алар шаардык интеллигенция боло албайбы?

Жумабаев: Бизде “мырк” десе эле элеттен келген адамды ойлошот. Ошондой түшүнүк калыптанган. Бул туура эмес. Элеттик болсо эмне экен? Ал киндик каны тамган айылда жашап атат. Шаардыктар тууралуу да ошону айткым келет. Бирок шаардыктар менен шаарда жашап аткандардын айырмасы бар. Азыр баары шаарда жашап атат дечи. Жанараак шаардык деген түшүнүк бул чөйрөгө мамиле экенин айтпадымбы, ал жүрүм-турумдан байкалып турат, болгону ошол. Бирок шаардыктарды жогорку сорттогу адамдар дегенден алысмын, алардын арасында деле келесоо, наадандар толтура.

Мурас-Ордо жаңы конушу

Мурас-Ордо жаңы конушу

Бишкек азыр провинциядан келгендерге шыкалды. Ошол эле Баткендин тургуну борборго келгенде Бишкек бул болгону чоңураак Баткен экенин көрөт. Айылдагыдай эле тууган-туушканын табат, айылдагыдай эле жашайт. Совет маалында деле Фрунзеге провинциядан келишчү, бирок алар шаардыктарга түздөнүп көп окучу, өзүн-өзү өркүндөтүп тартиптүү, маданияттуу болууга умтулчу. Азыр келгендер кимге теңелет? Ким менен атаандашат? Маселе ошондо...

“Азаттык”: Акыркы кезде элетте туулуп, чет элде окуп келген кыргыз жаштары Бишкекте көбөйө баштады. Алар Ата Мекенине цивилизациялуу калаалардын маданиятынын бир бөлүгүн ала келип, шаар жашоочуларын тазалыкка үндөп, маданий иш-чараларды уюштуруп, бир топ оозго аларлык иштерди жасап атышат. Жаңы муундун Бишкектин жаңы маданий жүзүн жаратууга күчү жетет деп ойлойсузбу?

Жумабаев: Менимче колдорунан келет. Бирок мен алардын таасирин жана аткарган ишин көтөрө чалуудан алысмын. Мен үчүн америкалык маданиятка сугарылгандар менен бул жактагы “мырктардын” айырмасы жок. Европалык көз караш менен алганда экөө тең жапайылар. Алардын алып келгенине чоң шаардын тургунунун жашоо тажрыйбасы катары гана карашыбыз керек. Нукура билим башкада да. Флешмоб жана башка быкы-чыкылар бул сырткы кабыктай эле нерсе. Чындап келгенде алар деле терең маданиятка ээ эмес. Эгер алар шаарды өнүктүрүүгө жана камсыздоого салым кошсо, кош колдоп колдойм. Бирок мен чынын айтсам, азыр бизди бул абалдан эмне куткарарын билбей турам.

“Азаттык”: Жаңы конуш тургундарына же бишкектиктерге автобуска аялдамадан гана олтуруу, көрүнгөн жерге түкүрбөө, коомдук жерде кыйкырып же мас абалында теңселип жүрбөө сыяктуу эң жөнөкөй эрежелерди кантип түшүндүрүү керек?

Жумабаев: Башта айткандай бул үй-бүлөдөн берилчү тарбия. Көчмөндүк кулк-мүнөз тууралуу дагы айтайын. Кыргыздар уруучулук түшүнүк менен жашаган, ал эми мындай элдин аң-сезиминде - мен ага-туугандар арасында кудай момунмун, алар жок жерде өзүмдү чочкодой алып жүрсөм болот деген сезим жашайт. Бул көчмөндүктүн бизге калтырган абдан жаман мурасы десек жарашат. Муну токтотуп, шаардык болууга умтулуубуз керек. 21-кылымда жашап атабыз го акыры, 10-кылым эчак өткөн.

Биз мындайча айтканда жапайы бойдон калып дүйнөлүк атаандаштыкта эл, мамлекет катары утулуп атабыз. Дүйнөнү карайлычы: эмнелер гана болуп жатат, керек болсо килейген мамлекеттер жок болууда. Ирак менен Ливия тууралуу азыр эмне угабыз? Асманында кара булут айланып турат. Андай күн биздин башка келе электе билим берүү менен маданиятты өстүрөлү.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG