Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:07

Жаӊы жыл: бири байыса, бири жакырланып


Австралияда ар бир үй-бүлө жаӊы жылдык майрам үчүн орто эсеп менен 939 доллар коротот. Англияда бул сумма 350 фунт стерлингдин тегерегинде болсо, Америкада жаӊы жылдык арзандатуулар октябрь айында эле башталган.

Кристмасс жана жаӊы жылдык майрамдар дүйнөдөгү бир топ өлкөлөрдүн соода тармагы үчүн өтө маанилүү. Дүкөн жана базардагы соода-сатык белек-бечкек, жаӊы кийим-кече жана тамак-аш алуу менен эбегейсиз ылдамдыкта өсөт дешет экономикалык аналитиктер.

Маселен, Америка Кошмо Штаттарында жаӊы жылдык арзандатуулар октябрь айынан тарта эле башталат. Канадада 1-ноябрдан тарта, Улуу Британияда болсо ноябрдын ортосунан тарта жаӊы жылдык арзандатуулардын жана белектердин соодасы башталат. Ар бир британиялык атуул жаӊы жылдык белек үчүн айлыгынын 17 процентин коротсо, румыниялыктар маянасынын төрттөн үч бөлүгүн Жаӊы жылды тоскону жумшайт деп билдирет The Guardian гезити.

Эл аралык иликтөөлөр боюнча, Франция жана Люксембургдагы ар бир үй-бүлө Кристмасс жана жаӊы жылдык майрамдарга орточо 300 евро жумшашат, ал эми Британияда бул сумма 350 фунт стерлингге барабар. Үй-бүлөлүк киреше менен белек-бечкек жана Жаӊы жылды тосууга кеткен каражаттын пропорциясына көӊүл бурсак, Европада румыниялыктар ашыкча чыгымга учурашат экен. Алардын ар бири 110 еврого майрамдайт. Былтыркы жылы румыниялыктар менен британиялыктардын көбү Европадагы башка элден айырмаланып, Жаӊы жылды тоскондон кийин 20 процентке чейин карыз болуп калганы катталган.

АКШнын Калкты каттоо бюросунун маалымдоосу боюнча, 2004-жылы америкалыктар ноябрь-декабрь айында эле 31,9 миллиард долларын жаӊы жылдык соода-сатыкка жумшашкан. Быйылкы жылы ар бир америкалык үй-бүлө майрамдар үчүн 765 доллардан коротору эсептелди. Бул өлкөдө чыныгы балатыларды сатып алууга кеткен каражаттын жалпы суммасы эле 1,6 миллион доллардан 1,8 миллион долларга чейин экени айтылууда. Ал эми жаӊы жылдык куттуктоолорду жазган баракчалар үчүн америкалыктар жылына 1,9 миллиард доллар сарпташат.

Интернет соодасы кызыды

Amazon - онлайн сооданын туу чокусунда
Amazon - онлайн сооданын туу чокусунда

Акыркы мезгилде Кристмасс жана жаӊы жылдык майрамдарда соота-сатык интернет аркылуу да жүргүзүлүп, Amazon, E-bay сыяктуу онлайн соода гиганттарына чоӊ пайда алып келүүдө. Маселен, Amazon компаниясынын жаӊы жылдык майрамдар учурунда айланган капиталы 2013-жылы 21 миллиард долларга чыккан. Майрамдар учурунда айрыкча китеп, кино-тасма, сыналгы жана электрондук жаӊы технологиянын соодасы өзгөчө кызыйт. Дүйнөдө 2013-жылдын декабрь айында кино, диск сыяктуу медиа каражаттарынын соодасы 8 процентке жогорулап, 6,5 миллиард долларга чыккан. Ал эми электрондук буюмдардын сатылуусу 28 процентке артып, 14 миллиард доллар каражат алып келген.

Үйүндө отурбаган бишкектиктер

Кыргызстанда да жаӊы жылдык арзандатуулар жана белек-бечкектердин соодасы ноябрдын аягында башталып, декабрь айы ичи кызуу өтөт. Баш калаабыздагы Бишкек-парк соода борборунун Маркетинг жана пиар боюнча директору Кундуз Мусина акыркы жылдары кыргызстандыктар 31-декабрда үйлөрүндө отуруп, мурдагыдай Жаӊы жыл тоспой, соода борборлорго барышып, бири-бирине кымбат белек-бечкек алган көрүнүш күч алганын айтат:

- Жаӊы жылдын алдында соода аябай жанданат. Анткени эл бири-бирине белек-бечкек алышат эмеспи. Былтыр 31-декабрда бизге эч ким келбейт го деп ойлогонбуз. Бирок ал күнү бизде эл аябай көп болду. Биздин соода борбордо дүйнөлүк брэнддердин көптөгөн дүкөндөрү бар. Алар да Жаӊы жыл майрамында жаӊы жана дайыма келип турган кардарларына ар кандай кызыктыруучу белектерди беришет.

Көптөгөн Батыш өлкөлөрдө 25-декабрь, же Крисмасс күн бир жылдык ишкердиктин эӊ эле активдүү күнү болуп саналат. Economist журналынын аналитиги Дерек Томсон жыл сайын жаӊы жылдык майрамдар учурунда дүйнөдө 400 миллиард доллардык капитал айланарын жазган. Көптөгөн дүйнөлүк бренддер так ушул мезгилде жарым жылдык кирешесине барабар каражат табышат дейт ал өз макаласында.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG