Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:49

Түркиянын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча жылына өлкөгө 300 миңге жакын чет өлкөлүк бейтап дарылануу үчүн келет. Анын ичинде кыргызстандыктар да бар.

Саламаттыкты сактоо келишимине ылайык, ар жылы Кыргызстандан Түркияга мамлекеттик квота боюнча 100 бейтап келет. Алардын бардык чыгымдарын түрк тарап каржылайт. Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Кубатбек Садырбековдун айтымында, Түркияга дарыланууга бара тургандар кылдаттык менен тандалат.

- Макулдашуу боюнча жүз квота бар, анын ичинен элүүсүн Саламаттыкты сактоо министрлиги тандаса, элүүсүн түрк элчилиги тандайт. Атайын эксперттик комиссия карайт, эгер кыргыз догдурлары дарылай албаса гана Түркияга жиберебиз. Былтыр шашылыш түрдө 30 оорулууну жибергенбиз, андан кийин калгандарын тандадык, быйыл да кеткендер көп болуп жатат.

Түркияда медициналык туризм багытында иш алып барган “Глобус Саякат” фирмасынын жетекчиси Ибрагим Долапчыоглу Кыргызстандан оор абалдагы бейтаптар келип жатканына токтолду.

- Көбү онкология дартына чалдыккандар жана жасалма уруктандыруу боюнча да кайрылат. Мындан тышкары тери оорулары, бөйрөк алмаштыруу үчүн келгендер көп. Көбүнесе операция жасоого туура келет. Илдети өтүшүп кеткен болот. Андыктан дарылануу кымбатка түшүп, узакка созулуп жатат. Күнүнө жаткан жерине, догдуруна, дарысына, анализине эле далай акча коройт.

Туура бир жыл мурун Сайнаш Алканова Анкара шаарындагы мамлекеттик ооруканада бир тууган инисинин бир бөйрөгүн алган. Мамлекеттик квота менен операция болгон 54 жаштагы аял бул жылы дагы ооруп калган. Абалы оорлогондо Анкарага жетпей, Стамбулдагы жеке менчик ооруканага жатууга туура келген. Дарылануу акысынын кымбаттыгы Сайнаштын дартына дарт кошкон.

- Бул жакка келгенде баалар өтө кымбат болуп кетет экен. Же менин ошондогу акыбалыма жарашабы, билбейм, айтор бир жумада эле көп акча короттук. Мен өзүм мамлекеттик кызматкермин, жолдошум пенсионер, уулум да кызматкер. Дарыларым өтө кымбат. Үзбөй ичкендиктен айына көп эле сумма чыгып жатат. Кызым Стамбулда мен үчүн эле иштеп жатат.

Бишкекте Түркиядагы менчик ооруканалардын атайын өкүлчүлүктөрү бар. Алар кыргыз бейтаптарга Түркиядагы ооруканалар жөнүндө маалымат берет. Бул система саламаттыкты сактоо туризминин бир менеджменти катары эсептелет. Бирок бөйрөгүн алмаштырган Сайнаш Алканованын айтымында, Стамбулдагы оорукана менен Бишкектеги кеңсесинин берген баалары башкача болуп чыккан.

- Бааларын кымбат айтышат экен. Биз эң аягында эмнеге кымбат болгонун сурай баштадык. Кызым да өзү лабораторияларга чалып, сурай баштаганда гана баасын түшүрө баштады. Мисалы, 1000 лира болсо, 800 лира деди. Башка жардамын деле көргөн жокпуз.

Дарыларым өтө кымбат. Үзбөй ичкендиктен айына көп эле сумма чыгып жатат. Кызым Стамбулда мен үчүн эле иштеп жатат.

Кыйналып турган бейтаптар Түркиянын ооруканалары тууралуу бир аз маалымат алып, ортомчу фирмаларга ишенип жолго чыгат. Түркиядагы жеке менчик ооруканалардын жетишкендиги жана шарттары жогорку деңгээлде болгондуктан, ошого жараша баасы да жогору.

Саламаттыкты сактоо туризми жаатында иш алып барган Ибрагим Долапчыоглу кыргыз бейтаптары ооруканалар жана догдурлар жөнүндө толук маалымат алгандан кийин гана келүүсүн сунуштайт.

- Чет өлкөлүк бейтаптар менен ооруканаларды тааныштырган ортомчу фирмалар кайсы өлкөдө болбосун расмий иштеши керек. Эң негизгиси бейтапка каалаган тилинде оорукана тууралуу маалымат бериши зарыл. Анализдерин Түркияга жиберип, ошого жараша дарылануусун пландаштырат. Муну менен чектелбестен интернеттен түрк догдурлары тууралуу да изилдешсин. Тааныш-билиш деп эле келе бербестен баарын тактап сураштырсын. Түркияга келгенде кыйналып калбашы үчүн мунун баарын билүү керек. Мен да ортомчулук кылам, бирок адамдын ден соолугу болгондуктан кылдаттык менен иштөөгө аракеттенем.

Жыл сайын мамлекеттик каражат эсебинен дарыланган 100 бейтаптан тышкары Кыргызстандан көптөгөн адамдар Түркияга дартына даба издеп келет.

Сайнаш Алканова

Сайнаш Алканова

Каарманыбыз Сайнаш мамлекеттик каражат менен келип операция болсо да, кайра ооруганда ал каражаттан пайдалана албасына нааразы. Кыргызстанда адистердин жетишсиздиги бул маселени дагы да курчутуп жатканын айтууда:

- Кыргызстанда адистерди даярдаса жакшы болот эле. Бизде жакшы врачтар бар, бирок саналуу эле. Бир догдур кээде 200 кишини карап калат. Же министрлик окууга жибербейт. Өзүнүн каражаты менен догдурлар бара албайт. Анын кесепетин биз да тартып жатабыз,- деген Сайнаш бир жарым айдан кийин гана Кыргызстанга кетерин айтты.

Ал эми 2015-жылда Түркияга саламаттыкты сактоо туризми аркылуу Ливия, Германия жана Орусиядан бейтаптар көп келген. Министрлик 2023-жылына чейин чет өлкөдөн эки миллион бейтап күтүп, 2 миллиард доллар киреше көрөбүз деп план түзүүдө.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG