Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:56

Кыргызстанда бөйрөк оорусуна кабылгандардын саны көбөйүүдө. Бүгүнкү күндө оорунун айынан жүздөгөн адамдар бөйрөгүн алмаштырууга муктаж.


Бирок Кыргызстандын өзүндө бул оор операцияны жасоого мүмкүнчүлүк жок. Ал эми чет өлкөдө анын баасы 20 миңден 70 миң долларга чейин турат.

Атай операцияга муктаж

Бишкек шаарынын тургуну, 21 жаштагы Атай Абдакапаровдун бөйрөгүн операция жолу менен чукулунан алмаштыруу зарыл.

Атайдын апасы Саалай Стамованын айтымында, таежеси Атай үчүн бир бөйрөгүн берүүгө макул болгон. Бирок Кыргызстанда мындай операцияны жасоого мүмкүнчүлүк жок болгондуктан, Түркияда жасатуу аракетин көрүшүүдө. Карапайым бул үй-бүлө алдыдагы оор жана кымбат операция үчүн кайрымдуу адамдардан жардам сурап турган чагы.

Атай Абдакапаров

Атай Абдакапаров

- Эки бөйрөгү тең иштебей калды. Жок дегенде бирөөсүн алмаштырыш керек болуп жатат, алмаштырбасак болбойт.

Азыр Түркиядан жасатуу тууралуу сүйлөшүп жатабыз. Баасы 35 миң доллар деп жатат. Донор өзүңөрдүн тукумдан болсо гана жасайбыз, ошондо гана кепилдик беребиз, болбосо жасабайбыз деген болчу. Азыр эми сиңдимдин бөйрөгүн салдырганы жатабыз.


Бөйрөктүн өтүшкөн ооруларын дарылоо үчүн аны алмаштырууга же өмүр бою гемодиализ, башкача айтканда, жасалма бөйрөктөр менен жашоого туура келет.

Бүгүн Кыгызстанда жүздөгөн адамдар дал ушул бөйрөк аткаруучу функцияны жасалма жол менен аппарат аркылуу жасатып, эки үч күндө бир жолу канын тазалатып турат. Бул мамлекеттин эсебинен бекер жасалат. Бирок мамлекеттик эсепке алынганга чейин ал үчүн төлөөгө туура келет жана бөйрөктү бир жолу жуудуруунун баасы 5 миң сомго чейин турат.

“Ар бир адамдын жашагысы келет”

Ал эми республикалык оорукананын бөйрөк дарылоо-нефрология бөлүмүнө дарылануу үчүн жумалап кезек күткөндөр арбын. Аталган оорукананын нефрология бөлүмүндө дарыланып жаткан Орозбек:

- Бөйрөктүн оорубашын, чың болушун ким каалабасын. Бул жерде дарыгерлерден угуп жатабыз да, “бөйрөгүң бүтүп баратат, аягына жетип калды” дегенин. Ар бир эле адам жашагысы келет, жашоодон үмүттөнөт да. Ошондуктан бөйрөгү ооругандарды мамлекеттик корукка алып, көңүл бурса жакшы болот эле. Кыргызстандын эли жакырчылыкта жашап жатса, бөйрөгүн каякка барып алмаштырмак эле...

2003-жылы Бишкекте Жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу боюнча илим изилдөө институту түзүлүп, жылына мамлекеттин эсебинен 5 адамдын бөйрөгүн бекер алмаштырып туруу пландалган. Бирок аталган институттун дарыгери Калдарбек Абдрахманов ушул күнгө чейин Кыргызстанда бөйрөктү алмаштыруу боюнча бир да операция жасала электигин белгиледи.

Анын айтымында, дүйнөлүк статистика боюнча 5 миллион калкы бар Кыргызстанда жылына бөйрөк алмаштыруу боюнча 250 операция жасалып турушу керек эле.

- Азыркы учурда расмий 400гө жакын адам гемодиализден өтүп, бөйрөктүн канын тазалатып турат. Ошонун баары акыры келип эле бөйрөгүн алмаштырганга муктаж болгондор. Мындан тышкары эсепке алынбагандардын саны жок эле дегенде миңдей адамды түзөт. Статистика боюнча, жылына 1 миллион адамдын ичинен болбоду дегенде 50 адамга бөйрөктү алмаштыруу боюнча операция жасалып туруш керек болчу. Кыргызстан боюнча 250 адамга жасалышы керек болчу. Биз болсо бир адамга да жасай элекпиз. Ал эми гемодиализге болсо, статистика боюнча жылына 3 миңдей адам муктаж болот.

Кайдыгер бийлик

Анткен менен адамдар ар кандай жолдор менен Кытай, Пакистан, Орусия, Түркия жана Европага барып, баасы 20 миң доллардан 70 миң долларга чейин турган операцияларды жасатууга мажбур. Бирок буга бардык эле жарандардын каражаты жете бербеси белгилүү.

Дарыгерлердин айтымында, бөйрөктү алмаштыруу боюнча операцияны жасоого мамлекет шарт түзүп берсе, анын баасы Кыргызстанда 6-7 миң доллар гана болмок. Медицина илимдеринин доктору, профессор, Түркияда эмгектенип жаткан Талантбек Батыралиев бийлик өкүлдөрү бул проблемага кол шилтеп келатканын сынга алды.

- Совет мезгилинде политбюронун бирөө ооруп калгандан кийин гана органдарды алмаштырууга уруксат берген. Эми биздин депутаттар, аткаминерлер, өкмөт жетекчилери оорубасын. Бирок өздөрү оорубаганы менен ооруп жаткан адамдардын абалын жакшылап түшүнүшү керек да. Алардын ар бири күн батып, кайра таң атса, “тирүү экем” деп жашап жатат. Бул өкмөттүк иш, ошолордун проблемасы болуш керек.

Кыргызстанда чет өлкөдөн бөйрөгүн алмаштырып келгендердин саны расмий 40ка чукул адамды түзөрүн айтышууда. 2008-жылы Кыргызстанда бөйрөк ооруларынан 493 адам көз жумган экен.

Атайдын атасы 1-топтогу майып, апасы иштебейт. Операцияны жасатууга акча жок болгондуктан, Атайдын туугандары жардам сурап коомчулукка кайрылышат.

(+996)770785952 (Билайн) топтоо номери жана атайын банк эсеби:
ЗАО « Демир Кыргыз Интернэшнл Банк»
KGS счет 1180000035213836
USD счет 1180000035213937
EUR счет 1180000035214038


"Азаттыктын" тасмасы: Курулай талкуу адам өмүрүн сактап калбайт

Тажикстанда жүздөгөн адамдар дартка чалдыккан тиешелүү дене мүчөсүнүн алмаштырылышын чыдамсыздык менен күтүп жатышат.


пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG