Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:47

Түркия: оору менен алышкан үй-бүлө


Жахонгир Асланов апасы Зулфия менен.
Жахонгир Асланов апасы Зулфия менен.

2015-жылы Зулфия Асланова уулун дарылатуу үчүн үй-бүлөсү менен Түркияга көчүп барган.

Улуту мезхет түрк бул үй-бүлө Кыргызстанда Чүйдөгү Военно-Антоновка айылында жашачу. Ортончу баласы бир жашында энцефалит илдетине чалдыгып, кийинчерээк Кыргызстанда догдурлар аны көп жашабайт деп бүтүм чыгарышкан. Ошондон кийин 2015-жылы бул үй-бүлө Түркияга көчүп барышкан.

Зулфия Анталияда баласына мамлекеттик медициналык камсыздандырууну жаңы эле алды.

Энцефалит - мээнин сезгенүүсүнөн пайда болгон илдет. Ал өтүшүп кеткенде бүтүндөй организмди шал кылып койот. Жахонгир Асланов 11 жашта болгону менен салмагы 18 гана килограмм. Зулфия баласын дарылатуу үчүн Анталиядагы мамлекеттик ооруканага алып барган. Өткөн жайда Жахонгирдин оорусу күчөп реанимацияга жатып калган жана сегиз килограммга чейин арыктаган. Жахонгир учурда өзү дем ала албайт, тамак жебейт:

- Доктурлар бул оору баланы караганга жараша болот дешет. Балам 11 жашына чейин өзү дем алчу, бирок басып сүйлөй алчу эмес. Бирок денесин, колун, бутун көтөргөнгө аракет кылчу. Азыр оорусунун акыркы баскычыбы билбейм, такыр эле кыймылдабай калды. Мен жанынан беш мүнөт да жылалбай калдым.

Түрк бийлигинин жардамы

Зулфиянын күйөөсү болсо бир жылдан бери эки баласы менен Түркиянын Бурса шаарында жашайт. Зулфия болсо оорукчан баласы менен Анталия шаарындагы курбусунун үйүндө убактылуу баш калкалап келет. Түркияда алар визаларын узартышкан эмес.

Визасы болбогондуктан медициналык камсыздандыруучу кагаздары да жок эле. Бирок кыргызстандык аялга кайдыгер карабай, Анталия шаардык ооруканалар бирикмеси жардам көрсөтүп, дем алуу аппаратын жана анын жабдыктарын жашаган жерине алып келип туташтырып беришкен.

Бирикменин өкүлү мамлекеттик медициналык камсыздандыруусу бар чет өлкөлүктөр түрктөрдөй эле дарыланса болорун айтат доктор Нежат Йылмаз:

- Анталиянын губернатору бул үй-бүлөнүн визасын жасатып берди. Визасы бүткөн соң Жахонгирге медициналык камсыздандырууну дагы бердик. Дем алуу аппаратын жашаган жерине алып барып коюп бердик. Физиотерапия жана дарыларын бекер ала алат. Дарылар менен катар баланын суюк тамагын дагы камсыздандыруу төлөйт. Эгерде ал болбосо Жахонгирдин оорусу көп акчаны талап кылат.

Жахонгирге жардам көрсөткөн дарыгерлер.
Жахонгирге жардам көрсөткөн дарыгерлер.

Кендирди кескен каражат

Баласынын оорусу күчөй электе Зулфия уулун үйдө жаткырып, ар кандай жумуш жасап тыйын таба койсо, эми минтип беш мүнөт да анын жанынан чыга албай калганына кейийт:

- Жайында жок дегенде талаага чыгып иштеп, күнүмдүк акча таап алар элем. Бурсада фабрикалар бар, бирок биздин визабыз жок деп жумушка алчу эмес. Жолдошум азыр фабрикаларда күнүмдүк кара жумуштарда иштеп, эки баламды мектепте окутуп жатат. Акча тартыш болуп батирге чыкканга да кыйын болуп турат. Тапканыбыздын баары ушул баламдын памперсине, дарысына эле кетет.

Зулфия ушул жумада дем алдырчу аппаратка туташтырылган баласын алып Бурса шаарына - жолдошунун, эки баласынын жанына кетет. Анталиядагы ооруканалар бирикмеси Бурса шаарындагы саламаттыкты сактоо мекемесине кайрылып, Жахонгирдин медициналык камсыздандыруусун жана дарылануусун ошол жактан улантууну чечкен.

Түрк мыйзамдарына ылайык, визасы бар жана туруктуу жумуш иштеп, салык төлөгөн чет өлкөлүктөр түрк жарандарындай эле медициналык кызматтардан пайдалана алышат. Ал эми майып балдары бар ата-энелерге ишке кирүүдө кээ бир жеңилдиктер каралган. Бирок ошол эле маалда түрк жарандарындай жөлөкпул алууга укуктары жок.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG