Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:40

Эрдоган шайлоонун "шайтан оюнун" баштады


Босфор кысыгындагы үчүнчү көпүрөнүн ташын койуу салтанатында Түркиянын 1-президенти Мустафа Кемел Ататүрктүн (солдо), президент Абдулла Гүлдүн (ортодо) жана премьер-министр Режеп Тайып Эрдогандын сүрөттөрү илинип турду. 29-май, 2013.

Босфор кысыгындагы үчүнчү көпүрөнүн ташын койуу салтанатында Түркиянын 1-президенти Мустафа Кемел Ататүрктүн (солдо), президент Абдулла Гүлдүн (ортодо) жана премьер-министр Режеп Тайып Эрдогандын сүрөттөрү илинип турду. 29-май, 2013.

10-август - Түркияда президентик шайлоо күнү. Бул күнү биринчи жолу президентти жалпы эл шайлайт.

Түркияда болчу президенттик шайлоого “Биз жана дүйнө” программасы арналды. Ага “Азаттык” радиосунун мурдакы директору Аким Өзгөн, мюнхендик ишкер-журналист Арун Өзгөн, Анкара университетинин докторанты, теолог Медербек Кадыров, Түркиянын юстиция министрлигинин кызматкери, социология илимдеринин доктору Кудрет Артыкпаев катышты.

Президенттикке талапкерлерден кимиси күчтүү?

“Азаттык”: Азыр үч талапкер маалым: премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган, Ислам кызматташтыгы уюмунун мурдагы башкатчысы Экмеледдин Ихсаноглу жана күртчүл Тынчык жана демократия партиясынын төрагасы Селяхаттин Демирташ. Эрдоган башкаруучу Адилеттик жана өнүгүү партиясынан, ал-Асхар университетинин бүтүрүүчүсү Ихсаноглуну Республикалык элдик партия башындагы Улуттук аракет партиясы, демократиячыл солчул партия жана көз карандысыз партиясы өз талапкери катары көрсөттү. Көпчүлүк байкоочулар 2002-жылдан бери өкмөт башында отурган 60тын кырындагы Эрдоган биринчи эле турда 50 процент+ 1 добушту алып, президенттике шайланат дешет. Мындай жоромол канчалык негиздүү? Чындап эле курч атаандаштык, күрөш болбойбу?

Аким Өзгөн: Президент 10-августта эле шайланат деген “мифти” премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган жана анын чөйрөсү жаратууда. Анын биринчи айлампада жеңерине ишенбеген адамдар Түркияда аз эмес. Эгер мартта болгон жергиликтүү шайлоонун жыйынтыгын карасак, өлкө жиктешип бөлүнгөн.

Премьер-министр Эрдоган жана президент Путин. Москва.18-июль 2012

Премьер-министр Эрдоган жана президент Путин. Москва.18-июль 2012

Кудрет Артыкпаев: Ихсаноглунун өмүр таржымалына карасак, динге жакындыгы менен башка талапкерлерден айырмаланат. Ал Республикалык элдик партия менен Улуттук аракет партиясынын орток талапкери. Ихсаноглу динге жакын болгондуктан, саясый серепчилердин боолгошунча, ал бийликтеги АК партиянын добуштарын алып кетиши мүмкүн. Андыктан шайлоонун 1-турунда жеңүүчү белгилүү болот деген ойго анча кошулбаймын.

Медербек Кадыров: Марттагы муниципалдык шайлоодо башкаруучу Адилеттик жана өнүгүү партиясы 45 %, Элдик республикалык партия 26%, Улуттук кыймыл партиясы 18% чамалуу добуш алды. Үчүнчү талапкер Селяхиддин Демирташтын партиясы 6 % добушка жеткен. Ушул добуштарды кошчу болсок, 1-айлампада президент тандалбай калышы ыктымал. Себеби, АК партиясынан кийин көп добушка ээ болгон эки партиянын жактоочулары бир талапкерге добуш беришет. Ошого 2-айлампада чечүүчү ролду Демирташтын партиясы ойноп калышы мүмкүн. Парламентке кирбей калган майда партиялар да добуш беришет.

“Азаттык”: Германиядагы түркиялык жарандар кимге добуш бериши этимал?

Арун Өзгөн: Германияда жашаган Түркиянын букараларынын көбү Режеп Тайып Эрдоганды колдошот. Анткени алар АК партия жасап жаткан иштерди жакшы деп санашат. Бүгүнгө чейин Германияга бул партиянын өкүлдөрү гана келишти жана алар шайлоо өнөктүгүн жигердүү жүргүзүүдө. Өлкөдө 5 млн. го жакын түркиялык болсо, алардын 2 млн. дон көбүрөөгү шайлоо курагындагылар.

“Кызматтын” добушу канчалык маанилүү?

“Азаттык”: “Кызмат”(Хизмет) коомдук кыймылынын түптөөчүсү, акыркы чейрек кылымда АКШда жашаган Фетхулла Гүлен жана анын үмөттөрү Эрдоганды колдошобу же айрым партиялар шарияттан гана билими бар деп талапкерлигин колдобой койгон Экмеледдин Ихсаноглу үчүн добуш беришеби?

Медербек Кадыров: Алар Адилеттик жана өнүгүү партиясына добуш бербей коюшу мүмкүн. Себеби, 2013-жылдын декабрь айындагы окуялардан кийин “Кызмат” менен башкаруучу АК партиянын арасынан “кара мышык” өттү. Алар чечүүчү добушка ээ эмес экенин быйыл жаздагы жергиликтүү шайлоо да көрсөтпөдүбү.

Аким Өзгөн: Акыркы муниципалдык шайлоодо “Кызмат” чоң деле роль ойной албады. Бирок ал кичине, чакан партиялар менен кошулуп кетсе, Эрдоган 1-турда шайланбай калышы ыктымал. Күрттөрдүн партиясынын теңтөрайымы эгер 1-айлампада өз талапкерибизди президент шайлай албай калсак, 2-турда Режеп Тайып Эрдоганды колдойбуз деди. Кудрет мырза айткандай, шайлоодо күрттөрдүн добуштары чечүүчү ролду ойнойт. Германияда саясый өнөктүк башталды, Режеп Тайип Эрдоган келип митингдерди өткөрдү. Бирок Ихсаноглунун жардамчылары азырынча келе элек.

Кудрет Артыкпаев: Жакында болгон шайлоодо чоң тирешүүлөр болду. Эрдоган жана Ихсаноглунун ортосундагы атаандаштык өтө курч болот деген ойдомун.

Эрдоган мыйзам буздубу...

“Азаттык”: Талапкерлерди колдогон гезиттер, маалымат каражатары каралоону же кара технологияны колдонушуудабы же өнөктүктү мыйзам чегинде жүргүзүшүүдөбү?

Аким Өзгөн: Азырынча медиабулактар өнөктүктү мыйзам чегинде жүргүзүшүүдө. Бирок Ихсаноглу жана Эрдогандын шайлоо өнөктүгү, көпчүлүк байкооочулардын пикиринде, адилеттүү жүрбөй жатат. Байкоочулардын айтуусу боюнча, премьер-министр президенттикке талапкерлигин койгондон кийин кызматынан отставкага кетиш керек эле. Ал кеткен жок. Ошондон улам саясый өнөктүктү жүргүзүүдө бүтүн мамлекеттик мүмкүнчүлүктөрдөн пайдаланып жатат. Ал эми Ихсаноглунун колунда каражаты жок. Анын добушу көп деле угулбайт. Экинчиден, Эрдоган бүтүн медианы өзүнүн көзөмөлүнө алгандыгы айтылууда. Ихсаноглуда андай мүмкүнчүлүгү жок. Ошондуктан көпчүлүк өнөктүк адилетсиз өтүп жатат дешүүдө.

Абдулла Гүлдүн болочогу

“Азаттык”: Түркиянын азыркы президенти Абдуллах Гүлдүн 7 жылдык бийлик мөөнөтү 27-августта аяктайт. Билимдүү, тажрыйбалуу саясатчы эми эмне кылат: Адилеттик жана өнүгүү паритясынын лидери болобу же премьер-министр болуп калышы ыктымалбы?

Президент Абдулла Гүл Азребайжан президенти Илхам Алиев менен Түркиянын авиа өнөр жай корпорациясында. 12-ноябрь 2013.

Президент Абдулла Гүл Азребайжан президенти Илхам Алиев менен Түркиянын авиа өнөр жай корпорациясында. 12-ноябрь 2013.

Медербек Кадыров: Ар түрдүү сөздөр айтылып жатат. Абдулла Гүл шайлоодон кийин саясатта активдүү роль аткарат деп ойлобойм. Себеби, президенттердин кийинки карьерасын карап көрсөк, көбү эс алууга чыгышат. Абдулла Гүл кайрадан саясатта чоң кызматты алат деп эсептебейм.

Арун Өзгөн: Абдулла Гүл болочокто саясатта чоң роль ойнойт. Бирок Эрдоган менен экөөнүн ортосунда ич ара талаш-тартыштар чыгат деп ойлойм. Анткени Гүл саясый дымагы күчтүү инсан болгондуктан, Эрдоганга моюн сунбайт го...

Кудрет Артыкпаев: АК партиянын ичинде Абдулла Гүлдүн премьер-министр болушун каалаган саясатчылар бар. Ошого ал АК партиянын башына келип калышы же премьер-министр болуп калышы да мүмкүн. Бул жерде конституцияда берилген укуктарын карап көрүү керек. Түркия парламенттик – унитардык мамлекет. Ошондуктан премьер-министр аткаруучу бийлик катары көп иштерди аткарат. Эгерде Абдулла Гүлгө окшогон күчтүү саясатчы АК партиянын башына келбесе, партия ыдырап кетиши мүмкүн деген пикирлер да айтылууда. Илгертен бери АК партияга кызмат кылып келгендердин көбү Гүлдү колдойт деген ойдомун.

Эрдоган Путиндин “чарыгын кийеби”?

“Азаттык”: Күчтүү саясатчы, 10 жылда Түркиянын тышкы саясатынын калыптанышында чоң роль ойногон тышкы иштер министри Ахмет Давутоглунун тагдыры кандай болот?

Аким Өзгөн: Эрдоган символикалуу президент болбойм, мен чуркаган, иштеген президент болом деген кептин четин чыгарган болчу. Өкмөт башчысы боло турган киши сөзсүз түрдө президентке моюн сунушу керек. Анын айткандарын аткарып турушу зарыл. Абдулла Гүл ошондой ролго макул болоруна мен ишенбейм. Эгер президент күчтүү болсо, Ахмет Давутоглу премьер-министрликке (башбакан) макул болушу ыктымал.

“Азаттык”: Талдоочулар арасында Режеп Тайип Эрдоган перзидент болуп шайланса, конституцияны өзгөртүп, бардык бийликти президент Путиндей өз колуна топтойт; Түркияда авторитардык жана күчтүү борборлоштурулган бийликти орнотот деген көз караштар айтылууда. Мисалы, Стамбулдагы Сабанчи университетинин профессору Эрсин Калайчыоглу: “Эгерде Эрдоган жеңсе, колундагы эбегейсиз бийликти дагы кеңейтет, себеби Түркиянын саясий системасы президентте эмес, премьер-министрдин колунда топтолгон. Эгер Эрдоган президент болуп калса, анын кеңсеси чоочун территорияга: премьер-министрдин да территориясына кол салат”, дейт “Таймс” журналына берген интервьюда. Ушундай чочулоо канчалык негиздүү?

Арун Өзгөн: Ушул пикирге толук кошулам. Эгерде Эрдоган конституцияны өзгөртчү болсо, Путин сыяктуу эмес, Американын же Франциянын президенти сыяктуу бийликти колго алат деп боолгойм. Ал бийликти колго алат.

Кудрет Артыкпаев: Эрдоган шайланып калса, азыркы президенттердей бюрократиялык символ катары турбайт. Буга чейинки саясий карьерасы өтө күчтүү болгондуктан символикалуу президент болбой тургандыгы чындык. Эрдоган Түркияны президенттик системага өткөрөт деген ойго мен да кошулам.

“Азаттык”: Оппозиция авторитардык бийликтин орношуна каршы тура албайбы?

Аким Өзгөн: Авторитардык бийликтин орношуна акыркы эки жылда оппозиция каршы тура алган жок. Эрдоган өзү каалаган мыйзамдарды кабыл алдырып жатат. Бүтүн сот бийлиги анын колуна өттү. Медиа дегендин баары анан көзөмөлүндө. Кудрет мырза айткандай, Эрдоган 50% аз эле өтүп жеңе турган болсо, балким максаты ишке ашпайт. 70-80% менен жеңсе, сөзсүз президенттик башкарууну алып келиши ыктымал.

Режеп тайып Эрдоган зайыбы Эмре менен тарапкерлери менен кездешүүдө. Бурса. 20-март 2014

Режеп тайып Эрдоган зайыбы Эмре менен тарапкерлери менен кездешүүдө. Бурса. 20-март 2014

“Азаттык”: Эрдоган акыркы мезгилде Түркиянын чалгындооо кызматын чыңдады. Соттордун үстүнөн өкмөттүн тескөөсүн күчөттү. Июнь айында бир күндүн ичинде 2224 сотту жана прокурорду кызматтан которду. Эл аралык мунапыс уюмунун маалыматы боюнча, Түркияда акыркы бир жылдын ортосунда антиөкмөттүк демонстрацияларга катышкан беш жарым миңдей адам куугунтукталган. Ошондуктан Эрдогандын ички жана тышкы саясаты кайда барат деген суроо пайда болот.

Кудрет Артыкпаев: Эрдоган президент болуп шайланып калса, биринчи орунга Сирия маселеси коюлат. Азыр өлкөдө Сириядан көчүп келгендер көп. Бул коомчулукта көптөгөн нааразычылыктарды жаратууда. Акыркы күндөрү Ирактагы ИЛИМ (Ирак жана Левант ислам мамлекети) террордук уюмунун иштери Эрдогандын карьерасына түздөн-түз таасирин тийгизиши мүмкүн. Ирак үчүн Күрдистан, ИЛИМ болуп бөлүнүп кетүү коркунучу бар. Жакында эле Күрдистан автономиясынын президенти Масуд Барзани эки-үч жумадан кийин референдум болушу мүмкүн деген пикирин айтты. Күрдистан эгемендүү болуп кете турган болсо, Түркияга бөлүнүү коркунучун жаратабы? Шайлоодон кийин Эрдоганды тышкы саясатта чоң проблемалар күтүп жатат. Эрдоган ушул маселелер менен алектенет го деп ойлойм.

Анкара Иракта күрт мамлекети түзүлсө, аны колдойбу?

“Азаттык”: Түркиянын Европа Биримдигине кирүү дымагы дале бар. Евробиримдик менен Түркиянын мамилеси кандай болчудай?

Арун Өзгөн: Азырынча Германиянын саясатчылары Түркиянын Европа Биримдигине киришине суук карап жатат. Түркия бул багытта соңку убакыттарга чейин аракет жасаган жок. Бирок Түркиянын Ирактагы саясатына кайрылсак, өлкө түндүгүндө күрт мамлекети курулса, Түркия аны өзүнүн көзөмөлүнө алуу үчүн күрттөрдү колдойт деп ойлойм... Анткени Күрдистандын мунайын Түркия арзан баада алууда жана карай май башка өлкөлөргө Түркия аркылуу кетип жатат. Ирак күрдистанындагы курулуш объекттеринин 90% түрк фирмалары тарабынан ишке ашырылууда. Ахмет Давутоглу эгер Күрдистан мамлекет катары түзүлсө, Түркиянын колдоосу менен курулсун деп ойлонуп жатат деп боолгойм.

Медербек Кадыров: Акыркы кездери Сирияда чыккан окуяларга чейин Түркиянын тышкы саясатына аябай жакшы баа берилип келген. Түрк жарандары же эл аралык уюмдар болсун 2010-жылга чейин Түркия аймакта өзүн көрсөткөн лидер өлкөгө айланды деп санашат. Акыркы окуялар Түркиянын сырткы саясатын кайрадан карап чыгууга түрткү берди. Жогоруда айтып өткөндөй, азыркы негизги маселелердин бири Ирактын бөлүнүп кетүүсү. Күрдистан мамлекети түзүлсө, ага Түркия сөзсүз түрдө колдоо берет. Түркиянын тышкы саясатында эң чечүүчү маселелердин бири. Андан кийин Сирия маселеси бар.

“Азаттык”: Режеп Тайип Эрдоган президент болуп шайланып калса, анын тышкы саясатынын багыты кандай болот?

Аким Өзгөн: Түркияда калк экиге бөлүнгөн. Биринчиси - Эрдоганды жактагандар, экинчиси - ага каршы чыккандар. Эрдоган атайлап элди экиге бөлүп, базасын күчтөндүрүп жатат дегендер да бар. Ирак жана Сирия боюнча тышкы саясаты оңунан чыкпады. Эгер Эрдоган президент болуп шайланса, өкмөттү чоң проблемалар күтүп жатат.

“Азаттык”: Эрдоган бийликке келе турган болсо, жиктешүү күчөйт турбайбы?

Медербек Кыдыров: Эрдоган президент болуп шайлангандан кийин жиктешүү күчөйт деген пикирге көп деле кошулбайм. Саясий же улуттар аралык, жамааттар аралык жиктешүүлөр Түркиянын тарыхында илгертен эле болуп келген.

Кудрет Артыкпаев: Саясий жиктешүү деп эсептейм, себеби Эрдоган өзү да бул жиктешүүгө тарап болуп жатпайбы. Себеби Ихсаноглунун талапкер болушу өтө чоң маниге ээ. Себеби Ихсаноглу динге жакын шайлоочулардан да добуш алышы мүмкүн. Ошондуктан Эрдоган шайлоочуларынын арасында биримдикти күчөтүү максатында башкаларды саясий душман катары жарыялап, өзүнүн шайлооочулары арасында саясий жиктешүүнү жүргүзүүдө деп ойлойм. Мен шайлоо бүткөндөн кийин жашоо өз нугуна түшөт деп ишенем.

Кошумча маалымат: Түркиянын экономикасы АК партиясы жана Эрдоган бийликке келген 2002-жылдан бери төрт эсеге жакын өстү. Эгер 2002-жылы ички дүң жыйым 230 миллиард доллар болсо, азыр 800 млрд долларга тете болот. Же жылдык экономикалык өсүш 13 процентке жакын болду. Анын 8 проценти күчтүү лиранын эсебинен болду, 5 проценти реалдуу өсүш болду, - дейт Түркиядагы эң чоң конгломерат Коч Холдингдин башчысы Рахми Коч. Эгер 2010-11-жылдары жылдык экономикалык өсүш 9 процентке жакын болсо, кийинки эки жылда 4 процентке чейин төмөндөдү. Азыр өсүш 5 проценттей болот.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG