Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:10

Түркия - Сирия мамилеси курчууда


Түркия куралдуу күчтөрү Сирия менен чек аралаш Акчакале аймагында. 4-октябрь, 2012.
Түркия куралдуу күчтөрү Сирия менен чек аралаш Акчакале аймагында. 4-октябрь, 2012.

Түркия парламенти куралдуу күчтөргө кошуна Сирияда аскердик операция өткөрүүгө уруксат берди.

Анадолу агенттигинин маалыматына караганда, бул сунушту 320 депутат колдоп, 129у каршы добуш беришти. Эми өкмөт бир жылдык мандаттын алкагында аскерлерди Сирияга жиберип, же аба соккуларын ишке ашыра алат.

Анын алдында Түрк куралдуу күчтөрү Сириянын кечээки ракета атуусуна жооп иретинде кошуна өлкөдөгү буталарга артиллериядан сокку урганы кабарланган. Шаршембидеги чабуулдан түркиялык 5 жайкын тургун мерт кеткен

Түркиянын NTV телеканалынын кабарлоосуна караганда, түрк армиясы Сириянын чек арадагы Тел Абияд чөлкөмүн бомбалады. Сириянын өзүндөгү активисттер болсо соккудан президент Башар Асадга лоялдуу күчтөрдүн бир нече жоокери окко учканын айтышууда. Шаршембиде Түркиянын Сирия менен чектеш Акчакале шаарчасына Тел Абияддан атылган ракета тийип, 2 аял жана 3 бала мүрт кеткен.

Өкмөт парламенттен аскердик операцияга уруксат алганы менен, премьер-министр Режеп Таип Эрдогандын кеңешчиси Ибрагим Калын буга чейин билдиргендей, Түркиянын Сирияга каршы согуш жарыялоо ниети жок. Анкара кризисти жөнгө салуу боюнча эл аралык коомчулуктун демилгелерине буга чейинкидей эле катыша берет, - деп кошумчалады Калын. Буга чейин түрк аскерлери күрт согушкерлерин ооздуктоо максатында Ирактын түндүгүнө кирип барган учурлар болгон.

БУУ жана НАТО Дамаскты кошуна мамлекеттердин аймактык бүтүндүгүн урматтоого чакырды. Түркия Түндүк Альянстын мүчөсү.

Шаршембиде БУУнун баш катчысы Пан Ги Мундун маалымат катчысы Мартин Несирки Түркияны да Сирия менен диалогду улантууга үндөдү:

- Баш катчы адам өмүрлөрү кыйылгандыгына байланыштуу терең көңүл айтат. Жана Түрк өкмөтүн чыңалууну андан ары ырбатпоо үчүн Сирия бийлиги менен сүйлөшүүнүн бардык жолдорун ачык бойдон калтырууга үндөйт.

Исламабадда сапарда жүргөн орус тышкы иштер министри Сергей Лавров Сирия бийлигин аткылоо кокустук болгонун жана андай окуя мындан ары кайталанбасын расмий билдирүүгө үндөдү:

- Сириялыктар эл аралык чабарман Лахдар Брахими аркылуу ал кайгылуу, аянычтуу капыстык болгонун кабарлап, андай окуянын мындан ары кайталанбасына аракет көрүлөөрүнө ишендиришти. Дамаск бул билдирүүсүн бүтүндөй коомчулукка расмий шардана кылышы керек деп ойлойбуз.

Лавровдун айтымында, эки тарап тең кырдаалдын начарлашын алдын алуу үчүн чара көрүүгө тийиш:

- Сирия жана түрк бийликтери, алардын тиешелүү органдары орток чек арадагы чыңалууну эске алуу менен диалог куруунун жолдорун табышат деп үмүттөнөм.

Европа Биримдигинин тышкы саясатын жетектеген Кэтрин Эштон соңку окуя Сириядагы кризис кошуна өлкөлөргө да терс таасир этип жаткнын айкын көргөздү деп белдирди:

- АКШ Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон дагы Сирия армиясынын кошуна өлкөгө ракета атуусун катуу айыптады.

Анкаранын өтүнүчү менен маселе БУУнун Коопсуздук кеңешинде каралмай болду.
Сирия окуя иликтенип жатканын айтып, курман болгондордун жакындарына көңүл айтты.

Акчакале шаарынын Сирия тараптан аткыланышы буга чейин да болуп келген.

XS
SM
MD
LG