Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:26

Америкада деле акча жерде жаткан жок


Марат Гаипов, кыргыз блогчусу жана интернет дизайнери. Ушул тапта АКШнын Калифорния штатындагы Лос Анжелес шаарында жашайт. 2011-жылдын 2-майында тартылган сүрөт.
Марат Гаипов, кыргыз блогчусу жана интернет дизайнери. Ушул тапта АКШнын Калифорния штатындагы Лос Анжелес шаарында жашайт. 2011-жылдын 2-майында тартылган сүрөт.

Учурда АКШда жашап жаткан журтташыбыз, блогчу жана интернет адиси Марат Гаипов мырза “Окурмандын кат куржунуна” жолдогон бул блогунда Америкадагы турмуштун айрым көмүскө жактарына токтолот.

Эң башкысынан баштайын анда. Дүйнөнүн 4 бурчунда Америкага келүү үчүн аракет кылган элдер толтура. Көпчүлүктүн көзүндө “Америка түш көрүүсү” бар. Америкага барса эле баары оңолуп, аэропортко келгенде Обама өзү кызыл килем салып тосуп алчудай сезилет.

Бир досума айтышыптыр, жердеги акчаларды топтосоң деле бай болуп кетесиң деп. Ошол кыял менен аэропортко келип түшөөрдө $100 таап алып, алгачкы күндөн эле жумушка баштабайын деп албай коюптур. Андан бери $100 эмес $1 да таба элек. Андыктан, бул туура эмес, кыргызда жакшы сөз бар “болоор бала бешикте булкунат” деген.

Иштеген Кыргызстанда деле, Нарында, Баткенде деле иштеп атышат. Иштей албаган Америкада деле жүрөт “саясий кыймыл кылыш керек” деп. Келем десеңиз, анда максатыңыз болсун. Эмне үчүн барам, пландар кандай? 3-6 ай окуп кайра келесизби? Америкага кирип эле алайын, калганын өзүп бүтүрөм дейсизби?

Америкада иштеп кетем дейсиздир, кандай жумушта иштейин деп атасыз, же кандай жумуш болсо да иштей бересизби, акчалуу болгончо. Өзүңүз келесизби? Үй-бүлө мененби? Гриин карт (Green Card) алып келе жатасызбы же келген соң Гриин карт алайын деген оюңуз барбы. Баса, Гриин карт алганга лотереядан башка да жолдор бар экенин айта кетейин.

Американын деле “социализм” доору өтүп кетиптир, туугандар. Мурдагыдай акча жок, жумуш жок. Азыркы иммигранттар эмес, жети атасынан бери америкалык болуп деле иш таппай жүрүшкөндөр бар. Иштеп аткан америкалыктар деле иштен чыгарышпасын деп “босстун” айтканын кылып калышкан.

Биз арзанга деле иштей беребиз дегендер болсо, бизден да арзанга иштегендер көп, Америкада. Филиппин, кытай, индус, мексикалык деген “балээлер” бар, аларга тең келе албайбыз кара жумушта. Булардын курсагын араң тойгузсаң деле иштеп жүрө беришет. Анан алардын ишмердиги биздин көпчүлүгүбүздү, чын айтканда, “жөн эле басат”.

А бирок кыргыздардын арасында да иштерман, колуна эмне алса заматта бүтүрө салган, колунан көөрү төгүлгөн ишкерлер көп. Бизден колу буту көп иштеген калктардан башыбыз көп иштээрин да айта кетейин. Элибизде потенсиал бар, ошону колдонуу керек. Кыргыздардын Америкадагы тарыхы көп терең эмес, 10-15 жылга барат көп болсо. Бирок ошондой болгон кезде да бутуна турган, иштин сазайын берген кыргыздар аз эмес.

Марат Гаипов, кыргыз блогчусу жана интернет дизайнери, Лос Анжелес шаарында турат. 2010-жылдын 25-апрелинде тартылган белек сүрөт.
50 жашында диплом алган байкелердин ичинен билбеген нерсени бул жактан үйрөнүп, азыр америкалыктардын өздөрүнө үйрөтүп аткандары бар.
Келгенине көп боло элек, бирок тың иштеп аткан жаштар жок эмес. Америкага келип иш табуудан мурун өлкөгө кирүү кыйын азыр.

Эң жакшы жолу – “Ворк энд Травел” (Work and Travel USA – чет өлкөлүк студенттер үчүн “АКШда жумуш иштөө жана жер кезүү” деп аталган атайын программанын) мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу.

“Келгенден кийин анан кантип калып калса болот?” деген суроого жооп тапсаңар болот.

Бирок легалдуу (мыйзамдуу) эле жолдор менен каласың, эч проблема болбойт. Университетте окуймун, мастердик иш кылам, докторантурада калам дегендер деле келип бул жагын изилдеп кетишсе болот.

Алар жөнүндө жакында сайтыбыз ачылганда ошол жерде жазылаар. Азыр бирөөгө жардам берейин десең да кээде күнөөлүү болуп каласың.

Биринчи келгенде эле баштагам, бөлөктөргө жардам берейин, бул жакка келген жолдоруму айтайын деп, албетте, минтип жардам берем деп жүргөндөрү көп эле, бирок азайып бараткандай.

Бирөөгө жардам берейин деп кайра бушайман болгондор аз эмес. Андыктан ар ким өз тамагын ичип, өз жолунда жүрүп калган. Эмне болсо да “билбейм” деген бир сөз “билем” деген миң сөз эмеспи.

Менин деле башымдан өттү. Интерншип менен кел, ушундай жумуштар бар десең, мага $4000-$5000 берсе барам десе, чын эле жаның кашаят экен. Ал акчаны деле табасың, албетте, бирок дароо келгениңде эле документиң жок туруп андай акчаны эч ким бере койбойт эмеспи. Анан эң маанилүүсү - окууга келгенде иштегенге уруксат берилбейт.

Кампуста (студенттик жатаканалар жана окуу имараттары шаарчасында) иш тапсаң иштей аласың, башка жерлерде иштей албайсың.

АКШда иштөө үчүн Саушл Секурити (Social Security – “Социалдык коргоо” камсыздандыруу системасы) деген картача керек, аны “Ворк энд Травел” (Work and Travel) программасынын кеңсесинен берет, окуу жайдан эмес. Андыктан дароо эле оңой-олтоң иштей албайсыңар.

“Социалдык коргоо” камсыздандыруу системасы сунуштаган окуулар да бар, алар кымбат, бул курс менен келип аларга өтүп кетсеңер болот.

Кошумча маалымат алуу үчүн мени менен интернет барагым аркылуу байланышсаңар болот.

Марат Гаипов,
“Азаттыктын” АКШдагы окурманы, блогчу.
www.maratgaipov.com
XS
SM
MD
LG