Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:10

Киев Орусияны "куралдуу кол салуу" үчүн айыптады


Симферополдогу аба майданынын айланасын "белгисиз куралчан жоокерлер" кайтарып турушат. Крым, Украина. 28-февраль, 2014.
Симферополдогу аба майданынын айланасын "белгисиз куралчан жоокерлер" кайтарып турушат. Крым, Украина. 28-февраль, 2014.

Жумага караган түнү Украинанын Крым автономиясынын борбору Симферополдун эл аралык аба майданына куралчан жоокерлер чабуул жасашты.

Түн ортосунда 50гө жакын куралчан киши машинелер менен келип, эл аралык аба майданын толук көзөмөлгө алганын күбөлөр айтышты. Азыр аэропорттун иши тууралуу карама-каршы кабарлар түшүп жатат. Украинанын учурдагы бийлиги муну “Орусиянын куралдуу чабуулу” катары сыпаттады.

Украинанын Крым автоном аймагындагы эл аралык аба майданына чабуул жасалардан бир күн мурун Крымдын борборундагы парламент менен жергиликтүү өкмөт үйүн да ушундай эле беткап тагынган белгисиз куралчандар басып алышкан. Алар ким экенин, кандай талаптары бар экенин маалымдашкан эмес, журналисттер менен да эч баарлашкан эмес болчу.

Бирок эл аралык аба майданынын сыртында аны коргоп тургандардын катарында ошол куралчан топко жардам берип жүргөнүн билдирген ыктыярчылардын бири - өзүн "Владимир" деп тааныштырган жигит - Рейтер кабар агенттигине орусча мындай деп айтты:

- Биз бул жерде коомдук тартипти коргош үчүн турабыз. Киевден келчү учак каттамдары менен украин радикал -улутчулдары келип алып, бул жерде ойго келгенин жасашына жол бербөө үчүн турабыз.

Украин ички иштер министринин милдетин аткаруучу Арсен Аваков Симферополдогу эл аралык аба майданындагы окуяны “Орусиянын куралдуу чабуулу жана баскынчылыгы” деп баалады.

Бүгүн Киевдеги парламентте сүйлөгөн сөзүндө утурумдук президент Александр Турчинов мындайча билдирди:

- Биз Орусияга кайрылып, Украинанын улуттук эгемендигине жана аймактык бүтүндүгүнө шек келтире турган ишарадан оолак болууга чакырабыз. Ошондой эле, аны Украинадагы жикчилдик (сепаратизм) аракетин колдоону токтотууга үндөйбүз.

Ал эми Украинада президенттиктен кулатылган Виктор Янукович бир нече күндөн бери дайынсыз жүрүп, бүгүн алгачкы жолу Орусиядагы Ростов-на-Дону шаарынан маалымат жыйынын өткөрө турганы айтылууда.

Симферополдун аэропортундагы орус аскери.
Симферополдун аэропортундагы орус аскери.
Кечээги билдирүүсүндө Янукович Орусияга кайрылып, өзүн “экстремисттерден” коргоону өтүнгөн. Ал өзүн дагы эле "мыйзамдуу (легитимдүү) президент" деп эсептей турганын, ага издөө жарыялаган Жогорку Раданын чечимин мыйзамсыз деп билерин да айтты.

Януковичтин режимине каршы чыккан элдик толкунду башкаргандардын бири - Арсений Яценюк кечээ парламент жактырган жаңы өкмөттүн курамын башкара турган болчу.

АКШнын вице-президенти Жо Байден кечээ Украинанын жаңы премьерине телефон чалып, расмий Вашингтон Яценюктун өкмөтүн колдой турганын билдирди.

Яценюк болсо Януковичтин президенттиги учурунда 37 млрд. доллар насыя каякка жана кантип коротулганы белгисиз экенин, Украинанын каржы системасынан чет өлкөлөрдөгү оффшордук банктарга дээрлик 70 млрд. доллар акча которулганын айтты.

Эл аралык валюта кору да Киевдеги жаңы бийликтерге миллиарддаган доллар каржылык колдоо көрсөтүү жолдорун караштыруу үчүн Украинага өзүнүн адистер тобун жөнөтүп жатканын айтты.

Украинанын жаңы бийликтери Эл аралык валюта корунан 15 млрд. доллардан ашуун акча керек болорун айтышты. Айрымдардын пикиринде, Валюта кору Украинага калайыкка кыйла оор болушу мүмкүн болгон экономиканы реформалоо боюнча талаптарды коюшу ажеп эмес.

Парламентте сүйлөгөн сөзүндө Яценюк “мамлекеттик казына бош экенин, акча уурдалганын” айткан.

Ошон үчүн кызматка расмий киришпей жатып, жаңы премьер алдыда өзү жүргүзө турган экономикалык реформа калайыкка жакпай калышынын ыктымалдыгын да эскертти. Бирок жаңы өкмөттүн максаты - эл каалагандай нукту тутуу, Европага интеграциялануу экенин да Яценюк мырза баса белгиледи.

Швейцариянын өкмөтү Украинадагы окуяларга жооп иретинде билдирүү жасап, швейцариялык банктарда Януковичке байланыштуу кандай гана акча болбосун, баары камакка алынарын айтты.

Европарламент да Януковичтин мүлктөрүн толугу менен камакка алууга үндөдү.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG