Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:29

Украинада пахта өстүргөн тың кыргыздар


Скадовский райондук олимпиадасына катышкан Чалбасыдагы кыргыз мектептин окуучулары. 1936

Скадовский райондук олимпиадасына катышкан Чалбасыдагы кыргыз мектептин окуучулары. 1936

Совет өкмөтү 1931-жылы Ысык-Көл бою жана Чүйдөн ондогон үй-бүлөлөрдү “кулак”, “бай-манаптын тукуму” деп айыптап, Украинага сүргүнгө айдаган.

Алардын ичинде кыргыздарга катар падыша заманында жакшы турмуштан үмүт этип келип, бутуна бекем туруп алган орустар да бар эле.

Украинага айдалгандардын баары эле короо-короо кою, үйүр-үйүр жылкысы бар бай болушкан эмес. Бирок алардын арасында Чүй боорундагы атактуу Жангарач манаптын небереси, 1915-жылы Жангарач волостунун старшинасы болуп шайланган Сатаркул Жангарачев, лениндик жаңы экономикалык саясат кезде күнү-түнү эмгектенип байып кеткен көлдүк (Челпек айылынан) Шаргаев Садык, 1919-жылкы Караколдогу көтөрүлүштүн катышуучусу Семён Бодягин, сокулуктук тегирменчи Коробов Артём сыяктуу чарбага тың, мүлк-дөөлөттүү адамдарга катар болочокку атактуу дирижер, СССР Эл артисти Асанкан Жумакматовдун апасы Артык Чокоева да болгон.

Кыргызстандык кулактардын чоң тобу Украин ССРинин ошол кездеги Одесса облусунун Скадовский районундагы Чалбасы кыштагына жайгаштырылат (азыр Херсон облусуна карайт).

Кум-чөлдүү Таврия талаасынан орун алган Чалбасы азыр бак-шактуу жашыл кыштак - Виноградово деп аталат. Эзелки татар кыштагы Чалбасынын падышалык бийлик кезиндеги турмушу жөнүндө жергиликтүү өкмөттүн катчысы Наталия Корнейчуктун аңгемеси:

- Бул жерде суу аябай тереңде жатат. Суу жер бетинен 16 метр тереңде гана кездешет. Артезиандык сууларга чейин 120 метр терең бургулоо керек. Бул жер эрме чөл болгон. Сүргүнгө айдалып келгендерге кудук казганга уруксат берилбеген. Кыштактан алыс жерде суу каптама шалбаа бар. Алар ошол жакка суу алганы барышкан. Эл суу алуу үчүн түнкүсүн кыштакка чукул жердеги суу чыкчу тилкелерди жашыруун казышып, үйлөрүнө арык менен суу байлашкан. Андай адам колго түшсө, ордон башын чыгарып, кумдап көмүп коюшкан. Ал башы кумдан куудай аппак болуп жатып өлгөн. Жер казып, суу чыгармак болгондорду бийлик ушинтип жазалаган. Себеби сүргүнгө айдалып келгендер баарына чыдаш керек болчу.

Жергиликтүү кеңештин мурдагы төрагасы Филенко В. И. жана Кеңештин катчысы Корнейчук Н.И. 3.04.2013

Жергиликтүү кеңештин мурдагы төрагасы Филенко В. И. жана Кеңештин катчысы Корнейчук Н.И. 3.04.2013

​Падышалык бийлик чалбасылыктарга 19-кылымдын башында гана кудук казганга уруксат берет. Ошондуктан кыштакта бир кесе суу бир сындырым нандан кымбат бааланып, жергиликтүү салт боюнча, өлүм оозундагы адамга бир чөйчөк таза суу берилген.

Совет бийлигинин саясаты боюнча, жергиликтүүлөргө кыргыздар пахта өстүргөндү үйрөткөнү келди деп түшүндүрүлгөн. Мындай түшүнүктөн Виноградовонун калкы али айрыла элек. Наталия Корнейчуктун айтымында:

- Алар бул жакка жергиликтүү элди пахта өстүргөнгө үйрөтүү үчүн келген деп ишендиришкен. Кыргыздарды жана башкаларды көчүрүп келүүнүн идеясы чын эле ушундай болгонбу, аны ким билет? Ырас, алар чалбасылыктарга пахта өстүргөндү үйрөтүшүптүр. Жергиликтүү адамдар пахта бригадасында иштешкен. Бизден пахта өстүрүп жүрүп, эки аял Социалисттик Эмгектин баатыры болгон экен. Алардын бири эбак көз жумган.

1941-жылы Чалбасы кыштагында туулган Владимир Иванович Филенко 15 жыл Виноградово айылдык кеңешинде төрагалык кылган. Али да кыргыз коңшулары элес-булас эсинде. Бирок карыя кыргыздар эмне себептен украин жерине келип калганын так билбесин эскертип, алар Чалбасыда пахта өстүргөнүн кеп салды:

- Кыргыздар бул жакка жөнөтүлгөнбү же сүргүнгө айдалганбы, анысын мен так билбейм. Алар биздин чарбада негизинен пахта өстүрүштү. Анткени биздин адамдарда пахта кандай өскөнүнөн такыр түшүнүгү жок болгон. Кыргыздар бизге коңшу турушкан. Үй-бүлөбүз менен достошконбуз. Мурда Чалбасынын калкы көчө-көчөгө бөлүнгөн эмес. Ошон үчүн кыргыздар квартал-квартал болуп жашаган. Алар 1, 2, 3, 4, 5 жана 6-кварталда турушкан. Кыштак өзү экиге бөлүнгөн. Бирок согушка чейин кыштакта беш колхоз болгон. Ар бир колхоздун жигиттери бири-бири менен кыздар үчүн мушташкан. Кийин колхоз ирилештирип, эки сельсовет болуп калды. 1965-жылы болсо керек, Чалбасыдагы бардык чарбалар бириктирилди.


Владимир Ивановичтин кыргыздар эмне себептен бул жакка келгенин билбейм дегенине таң калбаңыздар. Себеби Виноградово өкмөтүнүн төрагасы, жергиликтүү китепкананын башчысы жана башка мен кездешкен улуу жаштагы жергиликтүүлөр “кыргыздар пахта өстүргөндү үйрөткөнү” келишкен деп укканбыз дешти. Муну 1930-жылдардагы кулакка тартууларды жаап-жашырган советтик идеология жана ата-энелеринин “эл душманы”, “кулак”, “спецпереселенец”, ОГПУ, НКВД деген сөздөрдөн жүрөкзаада болуп, балдарына “укпадым, көрбөдүм, билбейм” дегенди кичинекей кезинен кулакка куюп үйрөткөнү менен түшүндүрсө болот.

Мисалы, мурдагы Украина ССР Илимдер Академиясынын тарых институту 1983-жылы Украинанын шаар-кыштактары жөнүндө көлөмдүү эмгек чыгарган. Анда Чалбасыдагы менчик чарбаларды коллективдештирүүгө каршы чыккан кулактар жөнүндө, жергиликтүү беш чарбада пахта өстүрүлгөнү тууралуу кенен жазылып, ал жерге айдалып келген кыргыздар жөнүндө сөз жок.

Чалбасы - Виноградово тууралуу 2008-жылы Херсондо чыккан китепте да сүргүнгө айдалып келген кыргыздар жөнүндө маалымат таппайсыз. Бирок Чалбасыдагы жети жылдык мектепте 40 чакты жетим кыргыз бала окугандыктан – “кыргыз мектеп” деп аталган деп айтылат.

Чалбасыдагы кыргыз мектеп. 3-апрель 2013

Чалбасыдагы кыргыз мектеп. 3-апрель 2013

​89 жаштагы Фёдор Николаевич менен Виноградовонун четиндеги үйүнөн кездештик. Аксакал кыргыздар жөнүндөгү аңгемесин Чалбасыда алардын өз мектеби болгонун айтып баштады:

- Алардын бул жерде өздөрүнүн мектеби бар эле. Детдом – балдар үйү деп аталчу. Кыргыздар мына бул жерде жашачу. Ары Каланчактагы совхоздо өзбектер иштечү. Кыргыздар Чалбасыда согушка чейин жана согуштан кийин жашады. Алардын ичинен армияга кетип, согушта өлгөндөр да болду. Биздин кыштакта согушка чейин беш мектеп бар эле. Чалбасыда урушка чейин 11 миң эл жашачу жана Херсонду кой, Украинадагы эң чоң кыштак болчу. Алар биз менен эмес, өздөрүнүн кыргыз мектебинде окушкан. Мектепте биздин мугалимдер иштечү. Андан тышкары Кыргызстандан келген мугалимдер бар эле. Согуштан кийин айрымдары тирүү экен, Чалбасыга келип кетишти. Иван Митрофановичте Силя деген кызы кыргыз мектепте тарбиячы болуп иштеген. Ошого жолугушкан.

Чалбасыдагы кыргыз мектептин музыкалык ийриминин музыканттар тобу Скадовский району боюнча 1934-36-жылдардагы олимпиадага катышкан. 1934-жылы олимпиадага кыякчы-балалайкачы, мандолинчи, чылдырманчысы болуп, сегиз окуучу катышса, 1936-жылы өнөрпоздор тобунда 22 бала-кыз барганын эски сүрөттөн көрөсүз.

Жергиликтүү изилдөөчү Александра Васильевна Кравченконун жазганына караганда, Чалбасыдагы кыргыз мектептин бүтүрүүчүлөрү жана балдар үйү- детдомдо тарбиялангандар мугалими Людмила Федоровна Леш менен 1969-жылга чейин кат жазышып туруптур. Алардын бири Эсенгул Аксамаев 1972-жылы Чалбасыга келип кетет. Ал биринчи мугалимине белекке берген “Кыргыз сувенирлери” деген альбомду бетине кол тамгасын калтырган:

“Урматтуу Людмила Федоровна Лешке! Бала кездеги насаатчыма эстелик үчүн. Херсон облусундагы Чалбасы кыштагындагы балдар үйүнүн 1935-39-жылдардагы тарбиялануучусу Аксамаев Эсенгул Табалдыевичтен. 24-октябрь, 1972-жыл. Виноградово кыштагы, Цюрипинск району".

Чолбасыдагы кыргыз мектепте ошондой эле Кыргызстандын болочокку көрүнүктүү инсандары: Кыргыз телерадиосунун Симфониялык оркестринин түптөөчүсү Асанкан Жумакматов, педагогика илимдеринин доктору, профессор Магрифа Рахимова, “Эл агартуунун отличниги” Искакбай Исабеков, географ-тележурналист Бакас Шаршемби уулу жанга башкалар окушкан. Аларды окуткан мугалимдердин бири болочокку академик Бегималы Жамгырчинов болгон.

Cкадовскидеги райондук олимпиаданын катышуучулары, 1934-жыл. (О.В. Кравченконун китебинен)

Cкадовскидеги райондук олимпиаданын катышуучулары, 1934-жыл. (О.В. Кравченконун китебинен)

​89 жаштагы карыя Федор Николаевич да кыргыздар менен кошо Кыргызстандан орустар да айдалып келгенине токтолду:

- Кыргыздардын өз колхозу болуп, “Новый путь” деп аталчу. Алар буудай өстүрүшчү, пахтачылык кылышчу, кой кармашчу. Пахта бул жерде 1953-жылга чейин өстүрүлдү. Алар менен кошо биздин орустар да бар болчу. Алар кайтып кетишти. Кетпей калгандарынын көзү өтүп кетти. Клава деген бар эле. Селподо дүкөнчү болуп иштеген. Алардын акыркылары 1949 же 1950-жылы кайра кетти окшойт...

Карыядан балалыгы 1931-40-жылдары Чалбасыда өткөн Искакбай Исабековдон уккан бир окуя тууралуу сурадым. Искакбай карыя былтыр декабрда “Азаттыкка” берген интервьюда, согуш кезинде Чалбасыда немиске кызмат кылган Тыналиев Орозакун деген унтер-офицер болгонун, ал жергиликтүү чиркөөгө Султангазы деген тууганын поп кылып орнотуп, аман алып калганын айткан эле. Федор Николаевич немистер Чалбасыны ээлеп, бир жыл турган кезде Коваленко Карп деген адам поп болгонун, чиркөөдө кызматчы болуп бир кыргыз иштегени ырас деди.

Чалбасыны фашисттик аскерлер 1941-жылы басып алгандан кийин 130 улан-кызды Германияга алып кеткен. Алардын арасында кыргызстандыктар да болушу толук мүмкүн. Себеби Чалбасыдагы кыргызстандык жашаган алты кварталда 1944-жылкы каттоо боюнча 122 кожолук же үй-бүлө болгон. Алардын 360тан ашууну кыргыздар болгон.

Айта кетели, Асанкан Жумакматов, Бакас Шаршен уулу жана башка бир топ жаштарга согуштун алдында Кыргызстанга кайтканга мүмкүндүк берилген. Калган кыргыздар 1944-жылы Ата журтуна кайтышкан. Ал эми Кыргызстандан айдалып барган орустардын көпчүлүгү 1944-46-жылдар ортолугунда Ала-Тоону көздөй жол алышкан.
Урматтуу окурман, эгер жогорудагы эки сүрөттөгү адамдардын кимдир бирөөсү тууралуу маалымат билсеңиз, автор менен байланышыңыз: usmanova@rferl.org

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG