Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:05

Роухани: мунаса табылат деп ишенем


Ирандын президенти 24-сентябрда БУУнун Башкы ассамблеясында сөз сүйлөгөн.
Ирандын президенти 24-сентябрда БУУнун Башкы ассамблеясында сөз сүйлөгөн.

Президент Хасан Роухани Ирандын атомдук программасы боюнча мунаса жакынкы айларда табылат деп ишенээрин билдирди.

Мындай оюн ал “Вашингтон пост” гезитине курган маегинде ортого салды. "Дүйнө державалары менен сүйлөшүп, чечим кабыл алууга 3-6 ай кетсе жакшы болоор эле", - деди Иран президенти.

Роухани жогорку руханий лидер аятолла Али Хаменеиден бул маселени чечүүгө толук ыйгарым алганын кошумчалады.

26-сентябрда Нью-Йоркто Тегерандын атомдук программасы боюнча көп тараптуу сүйлөшүүлөр башталууда. Ага Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф менен АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри катышат деп күтүлүүдө.

1979-жылкы Ислам революциясынан кийин дипломатиялык мамилелери үзүлүп калган эки өлкөнүн мындай жогорку даражалуу өкүлдөрү көптөн бери жолугуша элек болчу.

Буга чейин 2007-жылы АКШнын ошол кездеги мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс Египеттин Шарм эл-Шейх курортунда Ирандын экс-тышкы иштер министри Манучехр Моттаки менен кездешкен.

Бул жолку сүйлөшүүлөргө БУУнун Коопсзудук кеңешинин туруктуу 5 мүчөсү – Британия, Кытай, Франция, Орусия, АКШ жана Германия катышат.

Жыйындан эмнелерди күтөсүз деген суроого Зариф “кыска мөөнөттүн ичинде келишимге жетишүү максатын көздөгөн диалогго старт берилет” деп үмүттөнөөрүн айтты.

24-сентябрда БУУнун Башкы ассамблеясына кайрылганда президент Роухани АКШ менен өнөктөштөрү жана Улуттар уюму киргизген санкциялар Иран экономикасына чоң залака тийгизүүдө деп айткан. Андай жазалоочу чаралар Тегеран бийлиги уран байытуу иштерин токтотпой койгондуктан кабыл алынган. Уран байытуу суюк отун менен катар ядролук курал жасоо үчүн да керектелет.

Иран өкмөтү ал процессти жүргүзүүгө укуктуу экенин айтып, ядролук курал чыгарууну көздөгөнүн четке кагып келатат. Ал эми АКШ президенти Барак Обама Башкы ассамблеяда сүйлөгөндө Вашингтон Тегерандын дипломатиялык аракеттерди улантуу мүдөөсүн сыноону каалайт деген.

Обама Башкы ассамблеяда болгон кезде Роухани менен жолугушууга даярдыгын билдирген. Бирок америкалык расмий адамдар айткандай, Иран айрым проблемаларга шилтеп, ал кадамды четке какты.

Быйыл жайында шайланган Роухани Ирандын саясий системасында байистүү адам катары каралып келет.

Нью-Йорктогу сапары учурунда Роухани Холокосттогу кылмыштарды айыптап, ошол эле кезде Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда жөөттөрдү кыруунун масштабы боюнча суроого тарыхчылар жооп бериши керек деди.

Мурдагы президент Махмуд Ахмадинежад 6 миллиондой кишинин өмүрүн алып кеткен Холокостту танып келген.

XS
SM
MD
LG