Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:54

БУУ Алеппо резолюциясын макулдашты


Алеппонун чыгышынан эвакуацияны күткөндөр. 16-декабрь, 2016 -жыл.
Алеппонун чыгышынан эвакуацияны күткөндөр. 16-декабрь, 2016 -жыл.

Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинде бүгүн Алеппо боюнча резолюция долбоору добушка салынмакчы. Эгер ал кабыл алынса БУУнун өкүлдөрү Алеппонун акыркы төрт жылдан бери президент Башар Ассаддын режимине каршы козголоңчулардын карамагында турган бөлүгүнүн жашоочуларын башка жакка көчүрүү ишине байкоо жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк алуусу керек.

Алеппо боюнча Франция даярдаган резолюция долбооруна адегенде жекшемби күнү добуш берилмек, Бирок Сириядагы жарандык согушта президент Башар Асаддын режимин колдоп келе жаткан Орусия ага дагы бир долбоор даярдагандыктан кайрадан сүйлөшүүлөр талап кылынды.

Орусия өзү буга чейин БУУнун Коопсуздук кеңешинин Сирия боюнча кеминде алты резолюциясына вето салса, Кытай алардын бешөөнө кошулган.

Эми БУУдан түшкөн кабарларга караганда жана дипломаттардын айтымында, 18-декабрда бир нече саатка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин Коопсуздук кеңештин мүчөлөрү соңку резолюция долбоорун макулдашууга жетишти.

Даярдалган текст мунаса долбоор экенин кабарчылар менен маектеринде АКШнын БУУдагы элчиси Саманта Пауэр жана Орусиянын элчиси Виталий Чуркин да ырасташты. Документ эми, дүйшөмбү 19-декабрда колго салынат жана кабыл алынат деп күтүлүүдө:

- Текстте (резолюциянын) эвакуацияны коопсуз, ишенимдүү жана кемсинтпестен жүргүзүүнүн, Алеппонун чыгышында калгысы келгендерге гуманитардык жардам жетишинин бардык элементтери камтылган. Орусиянын көп сандаган ветолору боюнча биздин буга чейинки тажрыйбаны эске алганда сиз толук ишенимде боло албайсыз. Орусиянын өкүлү менен текст боюнча конструктивдүү иштедик, - деди АКШнын БУУдагы элчиси Саманта Пауэр.

Резолюцияда БУУнун баш катчысынан “Алеппо шаарынын чыгыш райондорунун ичиндеги жайкын тургундардын абалына Улуттар уюму жана башка институттар байкоо жүргүзүүсүнө мүмкүндүк берилүүсү үчүн чукул чараларды, анын ичинде ошол байкоонун коопсуздугун да камсыздоо үчүн кызыкдар тараптар менен консультацияларды өткөрүү” жагы суралган.

Алеппонун чыгышынан эвакуацияны күткөндөр. 17-декабрь, 2016-жыл.
Алеппонун чыгышынан эвакуацияны күткөндөр. 17-декабрь, 2016-жыл.

Сириянын Орусия жана Иран колдогон өкмөтү азыр Алеппо шаарынын акыркы төрт жылдан бери президент Башар Асаддын режимине каршы козголоңчулардын карамагында турган бөлүгүн бошотуп, толук көзөмөлгө алуу аракетин көрүүдө.

Муну утурлай Алеппонун 250 миңдей тургун бар деп эсептелген бул бөлүгүнө Сириянын жана Орусиянын аскерий учактары тарабынан акыркы бир нече ай ичинде жасалган аба соккулар көп учурларда Батыш өлкөлөрүнүн жана БУУнун өкүлдөрү тарабынан аскерий кылмышка тете иш катары да бааланып келди:

- Сириядагы кыргын - глобалдык абийирде аңырайып турган боштук. Алеппо азыр азаптын символу. Мен үч күн мурда БУУнун Коопсуздук кеңешинде айткандай, Сирия элинин алдындагы вазийпабызды биз баарыбыз аткара алган жокпуз. Тынчтык ал качан гана боорукерлик, адилеттик, биз күбө болгон, жийиркеничтүү кылмыштар үчүн жоопкерчилик менен коштолгондо гана үстөмдүк кылат,- деген эле өткөн аптада Нью-Йорктогу басма сөз жыйында БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун.

Алеппонун чыгыш ыптасында азыр да миңдеген жайкын тургундар, президент Башар Асаддын режимине каршы козголоңчулар бар.

15-декабрдан тарта аларды козголоңчулар карамагындагы Идлиб провинциясына эвакуациялоо иши башталып, бирок ал маал-маалы менен үзгүлүтүккө учурап, каршылашкан тараптар эвакуация планына жол берген ок атышууну токтотуу макулдашуусу бузулганы үчүн бири-бирин күнөөлөштү.

Ушул жекшембиде Алеппонун четиндеги эки кыштактан жайкын тургундарды жана жаракат алгандарды Идлиб провинциясына алып барчу беш автобус куралчан адамдар тарабынан өрттөлгөн.

Алеппонун тургундарына тилектештик билдирген демонстрация. Анкара, 16-декабрь.
Алеппонун тургундарына тилектештик билдирген демонстрация. Анкара, 16-декабрь.

Сириядагы жарандык согушка башынан байкоо салып келе жаткан уюм - Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы бул ишти “ал-Каида” менен байланышы бар согушкерлерден көрдү.

Бул аралыкта ушул дем алыш күндөрү Лондон, Берлин шаарларында, Иорданияда, Түркияда Алеппонун тургундарына тилектештик билдирген, аларды камалоодон коопсуз чыгарууга чакырган демонстрациялар өттү.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG