Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:10

АКШнын Орусиядагы элчиси Майкл Макфол “Азаттыктын” орус кызматына эксклюзив маек курду. Анда элчи АКШ-Орусия ич ара алакаларынан тарта Сочи Олимпиадасы, Украинадагы саясий кризис тууралуу да суроолорго жооп берди.

“Азаттыктын” Москвадагы кеңсесинде болгон интервьюда Макфол кышында өтө турган Сочи Олимпиадасына “Америка бойкот жарыялайт имиш” деген сөздөрдү четке какты. Ал февралда боло турган Олимп оюндарынын ачылышына АКШдан президенттик делегация катышаарын айтты.

"Президенттик делегация келет. Биздин өкмөт тараптан эч кандай бойкот болбойт, - деди элчи. - Башка өлкөлөрдүн чечими ар кандай болушу мүмкүн, бирок бизден расмий делегация катышат. Аны ким жетектей турганын азырынча чече элекпиз".

Ушул айдын башында Франциянын президенти Франсуа Олланд менен Германиянын президенти Иоахим Гаук Сочидеги Олимпиаданын ачылышына барбай тургандыктарын билдиришкен. Алардын чечими Орусиядагы адам укуктарынын начар абалына жана быйыл “гомосексуализмди жаш балдарга үгүттөөгө” тыюу салган мыйзамдын кабыл алынышына нааразылык катары таржымалданган эле. Аны гейлер өздөрүн дискриминациялаган мыйзам деп эсептешет.

Украинада президент Виктор Януковичтин Евробиримдик менен тыгыз кызматташтык жөнүндөгү келишимге кол коюудан баш тартканына он миңдеген эл нааразы болгон. Бул маселеге токтолгон Макфол “ким менен мамиле курууну украин эли өзү чечиши керек” деп билдирди.

"Биздин ишенимибизде, бул жерде жалпы кызыкчылыктарыбыз бар. Биринчиден, бул тынч жараян. Экинчиден, демократиялык процесс. Аны кантип башкарып, кантип ишке ашырууну украиндер өздөрү чечиши зарыл. Бирок биз ал принциптерди колдой бергенибиз оң, - деди Макфол. - Украинада, маселен, дефолт же башка экономикалык кризис болушу Европанын да, Американын да, Орусиянын да кызыкчылыгына туура келбейт. Бул жагынан да кызыкчылыктарыбыз бир".

Америкалык элчи АКШ-Орусия мамилелериндеги азыркы кырдаалга да токтолуп, Европада ракетадан коргонуу системасын орнотуудан тарта америкалыктарга орус балдарын багып алууга тыюу салган мыйзам, Орусияда адвокаттын өлүмүнө тиешеси бар делген 18 чиновник АКШда “кара тизмеге” киргизилгени өңдүү ортодогу мамилени ириткен көптөгөн маселелерге токтолду.

Ушунун баарына карабай, Макфол эки тараптуу алаканы негизинен позитивдүү нукта өнүгүп жатат деп белгиледи.

"Менимче, азыркы АКШ-Орусия алакалары ич ара түшүнүүчүлүктүн жакшы деңгээлине жетти. Биз ушул эле жерде айрым маселелер боюнча кескин талашып, бирок кайра эле бирге ушул жерде иштешип кете алабыз. Балким, мурдараак мындай болушу мүмкүн эмес эле, бирок азыр сүйлөшө алабыз, - деп ишенет элчи. - Анткени биз бири-бирибизди өтө жакшы билебиз. Мен өзгөчө оптимист болуп жаткан болушум мүмкүн – мен чындап эле оптимистмин – бирок мен азыр ушуну сезип жатам".

Орусиядан америкалыктарга бала асыроого тыюу салган мыйзам тууралуу сүйлөгөн элчи муну АКШдагы Магнитский актысына Москванын “адекваттуу эмес жообу” деп атады.

"Бул жерде элчи катары иштеген эки жылдан бери мага дал ушул суроо эң татаал бойдон турат. Бирок бул маселеде биздин позициябыз так: бири-бирине тиешеси жок маселелерди аралаштырбоо керек. Жаш балдардын Магнитский тизмеси менен эч кандай байланышы жок. Бул такыр адекватсыз жооп", - дейт ал.

АКШда Сенат "Магнитский актысы" деп аталып калган мыйзамды былтыр декабрда кабыл алган. Анын негизги мааниси – Орусияда адам укугун бузган чиновниктерге санкция жарыяланат.

Орусияда бир топ чиновниктердин коррупциялык схемаларын ачкан адвокат Сергей Магнитский 2009-жылы түрмөдө зордук-зобунга кабылып көз жумган. АКШда кабыл алынган мыйзам анын өлүмү менен байланышкан чиновниктерге гана эмес, жалпы эле адам укугун бузгандарга таркатылат. Орусия америкалыктарга орус балдарын багып алууга тыюу салган мыйзамды күчүнө киргизгени Магнитский актысына жооп катары таанылган эле.
Элчи Макфолдун “Азаттыктын” орус кызматына эксклюзив маеги (орус тилинде):
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG