Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:09

АКШ: Крым кайтарылмайынча санкция алынбайт


АКШнын БУУдагы жаңы элчиси Никки Хейли.
АКШнын БУУдагы жаңы элчиси Никки Хейли.

АКШнын БУУдагы жаңы элчиси Никки Хейли Украинанын чыгышындагы чыңалган кырдаал боюнча Орусияны кескин айыптап, Крым кайтарылмайынча санкциялар алынбасын ырастады. Анын сөзү Американын жаңы администрациясынын Крым боюнча позициясын айгинелеп койду.

Президент Дональд Трамп дайындаган жаңы элчи Никки Хейли Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин Украинадагы курчуган кырдаалды талкуулаган жыйынына биринчи жолу катышты. Ал алгачкы жыйында эле Орусияны айыптап жатканына өкүнөрүн, себеби мындай сөздөрдү АКШнын БУУдагы буга чейинки элчилери да бир нече ирет кайталап келгенин айтты.

Хейли Америка Орусия менен алакасын жакшыртууну кааларын, бирок Украинанын чыгышындагы чыңалган абал орус тарапты айыптоого негиз берип жатканын белгиледи:

- Чыгыш Украина - өлкөнүн Орусиянын агрессивдүү кадамдарынан жабыр тарткан жалгыз аймагы эмес. АКШ айыптоону уланта берет жана Орусияны Крымдагы оккупациясын тезинен токтотууга чакырат. Крым Украинанын бир бөлүгү. Орусия жарым аралды Украинага кайтарып бермейинче, Крымга байланыштуу санкцияларыбыз кала берет.

Кантсе да элчинин бул сөздөрү АКШнын кызматка киришкенине жарым айдай болуп калган президенти Дональд Трамптын Крымдын аннексиясына жана Москванын Чыгыш Украинадагы жикчилдерге аскердик, экономикалык жана саясий жактан колдоо көрсөткөнүнө болгон мамилесинен кабар бергендей болду.

Трамп буга чейин Москва менен мамилени жакшыртуу керек деп бир нече ирет белгилеген. Мындан улам Украина Американын жаңы президенти Орусияга киргизилген санкцияларды алып койбойбу деп тынчсызданып жаткан.

"Евромайдан" окуялары, 2013-жылдын декабрь айы.
"Евромайдан" окуялары, 2013-жылдын декабрь айы.

Орусия Украинадагы “Евромайдан” окуяларынан кийин 2014-жылдын март айында Крымда өз көзөмөлүн орноткон. Бириккен Улуттар Уюмунун Украина баштаган 99 өлкөсү бул кадамды мыйзамсыз деп айыптаган.

Крымдын аннексиясынан көп өтпөй өлкө чыгышында өкмөттүк күчтөр жана Орусиядан колдоо алган жикчилдердин ортосунда тутанган жаңжал алигиче токтой элек.

Орусиянын Улуттар уюмундагы элчиси Виталий Чуркин Крым элинин чечимин сыйлоого чакырды:

- АКШнын Конституциясында “биз, эл” деген керемет сөздөр бар. Анын сыңарындай, Крымдын эли референдумда өз эркин билдирди. Калктын 90 пайызы Орусияга кайра кошулууну колдоду. Крым Орусиядан адилетсиз жана мыйзамсыз бөлүнүп калган.

Авдеевканын тургуну 73 жаштагы Валентинанын үйүнө соңку кармаш учурунда снаряд тийген.
Авдеевканын тургуну 73 жаштагы Валентинанын үйүнө соңку кармаш учурунда снаряд тийген.

Коопсуздук кеңешиндеги мындай алым-сабак Украинанын чыгышындагы Авдеевка шаарчасында кармаш күчөгөн учурга туш келди. Соңку беш күндө өкмөттүк күчтөр менен жикчилдердин кармашы курчуп, кеминде 15 киши мерт болду.

Орусия менен Украина бул кармашка шыкак берди деп бири-бирин айыптап жатат. Президент Владимир Путин Киев АКШ администрациясынын көңүлүн буруу үчүн өлкө чыгышындагы кырдаалды курчутуп жатканын айткан. Бирок АКШ сенатору Жон Маккейн Орусия Украинадагы кармашты күчөтүп, президент Дональд Трампты сынап жана текшерип жатат деп айтты. Украин президенти Петро Порошенко эл аралык коомчулукту Орусияга кысым көрсөтүүгө үндөдү.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG