Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:11

Обама: дрондордун чабуулдары чектелет


АКШ президенти Барак Обама Вашингтондогу Улуттук коргонуу университетинде сүйлөгөн сөзүндө өз өлкөсүнүн терроризмге каршы күрөштөгү жаңы багытын жарыялады.

Терроризмге каршы күрөштүн АКШ президенти бейшембиде жарыялаган жаңы багыты өлкө үчүн туулган коркунучтарга берилген аныктаманы мурдагыдан куушураак кылат жана учкучсуз башкаруудагы учактарды же Американын өзүндө айтылгандай дрондорду колдонуу стандарттарын мурдагыдан күчөтөт.

Ошол эле учурда Барак Обама учкучсуз башкаруудагы учактардын пайдаланылышын мыйзамдуу, эффективдүү чара катары коргоп, АКШ андан такыр баш тартып койбосун ачыктады:

- Биздин жоокерлер жана жергиликтүү жарандар үчүн өтө олуттуу тобокелчилик жараткан, террорчулардын лагери бизге эч кандай коркунуч туудурбаган жамааттар менен атышуусуз талкаланбай турган же АКШнын аскерлеринин кургактан киргизилиши ири эл аралык кризиске алып барышы мүмкүн болгон жерлер бар.

Барак Обама бир күн мурда атайын эрежелер камтылган жаңы документке кол койгонун кошумчалады. Ал жаңы эреже террорчу деп шектелгендерге каршы дрондордун колдонулушун чектейт.

- Акыркы төрт жылда менин администрациям террорчуларга каршы күч колдонууда жетекчиликке алынуучу так принциптерди, көзөмөлдү жана отчеттуулукту талап кылган эрежени түзүүнүн үстүндө жигердүү иштеди. Мунун баары президенттик колдонмодо бекитилди. Мен ага кечээ кол койдум.

Жаңы тартипке ылайык, учкучсуз башкаруудагы учак менен сокку урулуучу адам америкалыктарга “түздөн-түз жана токтоосуз” коркунуч жараткан болушу керек. Мурдагы стандарттарда бул “олуттуу коркунуч” туудурган деп көрсөтүлгөн эле.

Вашингтондогу Улуттук Коргонуу университетинде сүйлөгөн кезинде Обама террорчулукка шектелген чет элдиктер кармалган Гуантанамо түрмөсүн жабуу мүдөөсүн кайталады. Ошондой эле Гуантанамодо отургандарды Йемен өлкөсүнө которууга киргизилген мораторийди жоюу чечими кабыл алынганын да жарыялады.

Учкучсуз башкаруудагы учактардын соккусунан өзгөчө Пакистанда жөн-жай тургундардын мерт болушу көптөн бери АКШ бийлигинин алдында моралдык жана укуктук маселелерди коюп келген. Обама өз сөзүндө жөн-жай тургундар арасындагы жоготуулар ага “тынчтык бербей” койгонун белгиледи.

АКШ президентинин айтымында, жөн-жай адамдардын өмүрү кыйылбоосуна жана жаракат албай турганына дээрлик толук ынануу болгонго чейин учкучсуз башкаруудагы учак менен сокку урууга буйрук берилбейт:

- Американын соккулары жөн-жай тургундар арасында өлүм-житимге алып келгени оор факт. Мындай тобокелчилик бардык согуштарда бар. Ал жарандардын үй-бүлөлөрү үчүн жоготууну сөз да, мыйзам да актай албайт. Мени жана менин командамдагыларды Ооганстан менен Ирактагы кадимки уруштар учурунда болгон жарандык жоготуулардай бул өлүмдөр өмүрүбүздүн аягына чейин ээрчип жүрөт.

Барак Обама белгилегендей, анын жаңы саясаты АКШны террорго каршы согушту аяктатуучу жана тынчтык жашоого кайтуу нугуна салуу максатын көздөйт.

АКШнын террорго каршы согуштун алкагында учкучсуз башкаруудагы учактар жасаган соккулар жана андагы жоготуулар боюнча расмий маалыматы жашыруун деп эсептелинет. Бирок түрдүү санактарга караганда, 2004-жылдан бери мындай соккулардан 400дөй жасалган. Көпчүлүгү Пакистандын аймагында, ага катар Йеменде, Сомалиде, Түндүк Африка мамлекеттеринде болгон.

Айрым изилдөөлөр боюнча ал соккулардан согушкерлерди жана жөн-жай тургундарды кошкондо 3000дей кишинин өмүрү кыйылган.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG