Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:49

Жакынкы Чыгыш менен Түндүк Африкада “Араб жазы” деп аталган окуялар башталгандан беш айдан кийин АКШ президенти бүгүн өз өлкөсүнүн бул аймактагы мындан аркы саясаты боюнча программалык сөз сүйлөгөн жатат.

Барак Обама Мамлекеттик департаменттеги бүгүнкү кайрылуусун АКШ администрациясы араб дүйнөсүндөгү толкундоолордо чечкинсиздигин, олку-солкулугун көргөздү деген сын айтылып жаткан учурда жасоодо.

“Араб жазы” АКШдан жаңы багытты талап кылат


2009-жылдын январында президенттикке киришип жатып, ант берген кезинде Барак Обама АКШ аны менен каршылаш өкмөттөргө кол сунарын, бирок алар сунулган колду четке какса тарыхтын тескери тарабында калып калуу тобокелчилиги бардыгын айткан эле.

Мурдагы президент Жорж Буштун доорунда Ирак менен Ооганстанда башталган согуш жана Иран менен тирешүү күчөгөндөн кийин бул АКШнын Жакынкы Чыгыштагы жаңы багыты үчүн калып сыяктуу көрүнгөн. Бирок эми эки жарым жылдан кийин Ак үй дүйнөнүн эң туруксуз жана стратегиялык жактан маанилүү аймагы үчүн мурда ойлонулган сценарийин бузууга мажбур болуп жаткандай.

Лондондогу Chatham House иликтөө уюмунун Жакынкы Чыгыш боюнча адиси Надим Шехадинин пикиринде, учурдагы жагдайдан улам Обама диктаторлор менен алака түзүү боюнча мурдагы президент Буш менен талашынын мааниси жоголгонун моюнга албай койо албайт:

Египеттеги толкундоолор, 8-февраль, 2011-жыл
- Президент өзүнүн алака орнотуу саясатынын капканында калып калды. Ал “мен бул диктаторлор менен байланыш түзөм” деп айтуудан баштаган жана бул карым-катнаш маселеси АКШнын ички маселесине айланган.

Президент Обама моюнга ала турган нерсе – анын Жорж Буш менен урушу бүткөнү.

Бул мындан ары ички маселе эмес. Бул адамдары айоосуз өлтүрүп жаткан режимдер маселеси. Кеңири чөлкөмдө орун алып жаткан нерселер АКШдан ачык-айкын саясатты талап кылат. Кошмо Штаттар диктаторлордун бири менен кызматташып, экинчисине каршы чыкпай өз баалуулуктарын карманарын көргөзүшү зарыл.


Президенттин сөзүн утурлай администрациянын өкүлдөрү анын айрым өңүттөрүн ачыктагансыды. Маалыматтарга караганда, Обама демократияга кадам таштаган Египетке менен Туниске миллиарддаган доллар жардам берилерин айтат. Демократия үчүн экономикалык реформа жана өнүгүү өтө зарылдыгына басып жасайт.

Ак үйдүн расмий өкүлү Жей Карни белгилегендей, АКШ президенти бүгүнкү сөзүндө аймактагы элдердин “демократияны эңсөөсүнө” жооп берүү үчүн конкреттүү идеяларды сунуш кылат. Президент “биздин пайдубал принциптерибиз: зордук-зомбулуктан баш тартууга, адам укуктарын коргоого жана саясий-экономикалык реформаларды колдоого таянуу менен биз бул аймакта оң өзгөрүүлөрдү кантип колдой аларыбыз жөнүндө конкреттүү айтат”,-деди Ак үйдүн өкүлү кабарчыларга.

Олку-солку мамиле

Барак Обама бүгүнкү кайрылуусун америкалык расмий өкүлдөрдүн Жакынкы Чыгышты каптаган толкундоолорго реакциясы ырааттуу эмес болду, чар-жайыттыктар байкалды деген сын кеңири айтылып жаткан учурда жасоодо.

Адеп башында, Египетте эл көчөгө чыкканда мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон Хосни Мубарактын режимин стабилдүү деп мүнөздөп алган. Кийин администрациянын дагы бир жогорку даражалуу өкүлү Египеттин президенти Мубарак бийлик тартип менен өткөрүлүп берилүүсү үчүн кызматында кала алат десе, нааразылыктар күчөгөндө АКШ аны бийликти таштоого чакырды.

Ливия
Ливияда полковник Муаммар Каддафи оппоненттеринин колу-бутун толгой баштаганда АКШ чечкиндүүлүгүн көрсөткөн жок жана ушундай абал БУУда НАТОнун аба соккуларына жол ачкан резолюция кабыл алынганга чейин өкүм сүрүп келди. Ал эми алакандай Бахрейн падышалыгында эл толкуганда АКШ унчукпады.

Вашингтондун жакынкы өнөктөшү Сауд Аравия калктын көпчүлүгүн түзгөн шийиттердин батышчыл суннит династиясына каршы козголоңун тынчтандыруу үчүн коңшусуна өз аскерлерин жиберди. Мындай сабырдуулук Сауд Аравия, Йордания, Марокко өңдүү өнөктөш өлкөлөрдөгү башаламандыктар учурунда да байкалып турду.

Сирия болсо АКШ менен Израилдин каршылашы, Ирандын өнөктөшү экендигине карабай көйгөй жаратты. Президент Башар ал-Ассадды “реформатор” деп мүнөздөгөн мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон айрым талдоочулар тарабынан бул өлкөнүн режимине ага каршы чыккандарды өлтүрө баштоого моралдык жүйө берген деп сынга алынууда. Адам укугун коргоочу топтордун ырастоосунда, Сирияда акыркы эки айда 800дөй демонстранттын өмүрү кыйылган.

“Чечкинсиздиктин өзү да саясат”

Лондондогу Chatham House иликтөө уюмунун Жакынкы Чыгыш боюнча адиси Надим Шехадинин көз-карашында, авторитардык өкмөттөр менен карым-катнаш түзүүгө даярдыгын жарыялап алган Обама администрациясы “Араб жазы” деген окуялар башталганда шашып калды. Жогорудагыдай прагматизм Обаманын президенттиги башталганда, көпчүлүк тарабынан кубаттоого алынгандай сезилген, бирок азыр Жакынкы Чыгыштын демократияны жана эркиндикти талап кылган кыймылына шайкеш келбегендей көрүнүүдө.

Сириядагы толкундоолор
Талдоочу Надим Шехади кошумчалагандай, Обама администрациясы Израиль менен тынчыкты сактап турганы үчүн кандайдыр бир деңээлде эркиндик алган Сирия президенти Башар Ассаддын режимине карата кош маанилүү саясатын токтотпосо, жогору кун төлөөгө туура келет:

- Менимче президент Обама же Евробиримдик кетенчиктеп, бейтараптыкка же олку-солкулукка барбашы керек. Анткени чечкинсиздик, бейтараптуулуктун өзү да позиция. Маселен Башар Ассадга карата олку-солку турумду кармануу азыркы учурда режимди колдогондуктун белгиси болот. Козголоңду басууну улантууга карт-бланш, адамдары өлтүрүүгө лицензия бергендик катары кабыл алынат.

АКШ Башар ал-Ассады санкциялар менен жазалаарын 18-майда гана жарыялады. Ал санкциялар Ассаддын дүйнө мүлкүн тоңдурууну да камтымакчы.

Ислам радикализминен кооптонуу

Бирок башка талдоочулардын пикиринде, Ассаддан жана Жакынкы Чыгыштын башка диктаторлорунан кол үзүүдө америкалык саясатты аныктоочулар андан кийин эмне болот деген жана кооптондурган белгисиздикке да тушугууда.

Нааразы кыймылдарды колдоо өзүн-өзү актаган күндө деле алардын артынан саясаты Вашингтондун кызыкчылыгына каршы келген өкмөттөрдүн бийликке келүү тобокелчилиги жок эмес.

Көбүнесе ачык айтылбаган, бирок америкалыктардын кетенчиктөөсүнүн жүрөк толтосунда турган дагы бир нерсе - өзгөрүүлөрдүн шарапаты менен Батышка каршы исламчыл өкмөттөр бийликке келип, алар шарият мыйзамын киргизбейби деген кооптонуу.


Тасма баян. Барак Обама Жакынкы Чыгыш ыңкылабы тууралуу. 19.5.11.




АКШ президенти Б.Обама:
“Алты ай ичинде биз Жакынкы Чыгыш менен Түндүк Африкада болуп көрбөгөндөй окуяларга күбө болдук. Аянттан аянтка, шаардан шаарга, өлкөдөн өлкөгө өтүп, элдер өздөрүнүн өзөккү укуктарын талап кылып көтөрүлүп жатышты. Эки мамлекет башчы кызматтан кетти. Дагы башка окуялар болушу ыктымал. Биз билебиз, бул өлкөлөр биздин жээгибизден алда канча алыс экенине карабастан, болочогубуз экономика жана коопсуздук, тарых жана диний ишеним жаатында бул чөлкөмгө тыгыз байланыштуу”
.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG