Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:57

АКШ: Орусиянын Украинадагы аракеттери "күтүүсүз" болду


Украин жоокерлери
Украин жоокерлери

Донбасста ок атууларды токтотуу боюнча февралда Минск шаарында кол коюлган келишимге карабай, Орусия Украинадагы “жаңжалды тутандырууну улантууда”.

Мындай билдирүүнү АКШнын Киевдеги элчиси Жеффри Паятт 28-июлда журналисттер менен кездешүүдө жасады. Элчи Москваны жана Донбасстагы орусиячыл жикчилдерди Минск келишиминин шартын аткарууга да чакырды.

Элчи Жеффи Паятт Киевде журналисттер менен өткөн кездешүүдө Вашингтон жана Батыш соңку бир жылда айтып келаткан талапты Москванын эсине кайра салды. Ошондой эле былтыр мартта Орусиянын Крымды аннексиялап алуусу жана Донбассты Украинадан бөлүп кетүүнү көздөгөн жикчилдерди Москванын колдоосу эч ойлобогон жана эл аралык мыйзамдарды көзгө илбеген окуя болгонун баса айтты:

- Украинадагы жаңжал биздин принциптерибиз менен трансатлантикалык баалуулуктарыбызга коркунуч жаратууда. Эл аралык чек араларды жана территориялык бүтүндүктү урматтоо боюнча маанилүү принцип тобокелге салынды. Украина Европадагы эркиндиктин согуш линиясында турат.

Элчи Паятт Москваны жана донбасстык жикчилдерди Минск келишимин аткарууга, аскерлер менен курал-жарагын Чыгыш Украинадан чыгарып кетүүгө, бардык туткундарды, анын ичинде учкуч Надя Шевченкону бошотууну, Киевге өлкөнүн жалпы чек арасын көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берүүгө үндөдү.

АКШ жана НАТО Орусияны донбасстык жикчилдерди машыктырып, аларга аскерден жана куралдан жардам берүүдө деп күнөөлөп жүрөт. Андай айыптоолорду демейде Кремль куруу доомат катары четке кагат.

Жеффи Паятт Евробиримдиктин элчиси Ян Томбински менен чогуу өткөргөн пресс-конференцияда Украинанын чыгышындагы окуялар Орусия жикчилдерди өз каалаган жерин басып алуу үчүн пайдаланганын көрсөтөт деди:

- Биз көрүп жаткан бардык нерселер, анын ичинде жикчилдер менен орустар бирге өткөргөн машыгуулар, жикчилдерди куралдандыруу, машыктыруу - Кремль жана анын кол балдары Кремль тандаган жерди каалаган убакта ээлегенге жарагандай абалда турат деп бүтүм жасаганга негиз берет.

Элчи Украинанын үстүнөн Орусиянын пилотсуз чалгынчы учактары-дрондор күн сайын тынбай айланып жүргөнүнө да көңүл бурду:

- Согуш уланууда. Орусиянын дрондору Украинанын үстүндө күн сайын учуп жүрөт. Украинанын территориясында орустардын зениттик-ракеталык системаларын тейлеген командалары бар. Ушу жумада орусиялык жоокердин жана Орусияда жасалган ок-дарылардын колго түшүрүлгөнү Орусия Украинанын суверендүү, эл аралык чек арасына согуш шаймандарын жиберип, жаңжалды тутандырып жатканын эсибизге салды.

26-июлда Украин армиясы Донецк шаарынан 45 чакырым түштүк-батышта ок дары жүктөлгөн машинени айдап бараткан орус офицери кармалганын жарыя кылган.

Америкалык элчи Ирандын ядролук программасы боюнча 15-июлда кол коюлган келишимди Орусия колдогону үчүн Батыш Украина маселесинде Москвага кандайдыр бир жеңилдиктерди жасайбы деген маанидеги суроого “жок” деп жооп берди.

- Биздин Иран боюнча саясатыбыз менен Украинадагы саясатыбызда эч кандай байланыш жок. Орусия Иран маселеси боюнча абдан маанилүү келишиимди түзүүдө биз менен өз кызыкчылыгына ылайык кызматташты. Орусия Украинанын территориялык бүтүндүгүн бузууну токтотпогондон улам биз менен Орусия ортосунда чоң келишпестик бар. Ошон үчүн буга байланыштуу тынчсыздануубузду саясый маселеге тиешеси жок кандайдыр бир нерсеге алмашпайбыз.

Жеффи Паятт 2014-жылы Крымды басып алуудан башталган Москванын агрессиясына карабай, Украина полицияны, энергетика секторун, армияны реформалоодо, коррупцияга каршы күрөшүүдө оң кадамдарды жасаганын айтты. Бул багыттагы иштерди расмий Киев үчүн “экинчи фронт” болду деди АКШ элчиси.

XS
SM
MD
LG