Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:04

Обама Кытайды экономикада эрежени сактоого чакырды


Кытайдын вице-президенти Си Цзинпин (солдо) жана АКШ президенти Барак Обама (оңдо) Ак үйдөгү сүйлөшүүдө. Вашингтон, 14-февраль, 2012
Кытайдын вице-президенти Си Цзинпин (солдо) жана АКШ президенти Барак Обама (оңдо) Ак үйдөгү сүйлөшүүдө. Вашингтон, 14-февраль, 2012

Кытай дүйнөлүк экономикада жана адам укуктарында бир эле эрежени карманыш керек.

Бул жөнүндө президент Барак Обама Кытайдын вице-президенти
Си Цзинпинге шейшемби күнү Вашингтондо болгон кездешүүдө айтты. Цзинпин өз кезегинде Кытай өкмөтү АКШ менен ортодогу “түшүнбөстүктөрдү жөндөө” боюнча иштешкенге макул экенин билдирди.

АКШ президенти Барак Обама Кытайдын вице-президенти Си Цзинпин менен 14-февралда Ак Үйдө жолукту. Обама Кытай экономикасынын акыркы он жылдыктагы кубаты артып, таасири өскөнү - өлкөнүн эл аралык коомчулук алдындагы жоопкерчилигин да арттырарын мартабалуу конокко баса белгиледи.

- Кубаттын артышы жана дөөлөттүн өсүшү менен кошо жоопкерчилик да күчөйт. Биз баарыбыз дүйнөлүк экономикалык системада бир эле принцип менен иштеп жатканыбызга ишенүү үчүн Кытай менен кызматташканды каалайбыз. Бул АКШ жана Кытай аралык эмес, бүтүн дүйнөлүк соодадагы балансты да өзүнө камтыйт.

Обама өнүккөн жана байдөөлөт Кытай региондогу түгүл, дүйнөдөгү стабилдүүлүккө жакшы жардам кылса болорун кошумчалай кетти.

Кытайдын Шанхай портунан тыш өлкөлөргө жөнөтүлүп жаткан товар жүктөлгөн контейнерлер. 19-январь 2011
Кытайдын Шанхай портунан тыш өлкөлөргө жөнөтүлүп жаткан товар жүктөлгөн контейнерлер. 19-январь 2011
58 жаштагы Си Цзинпин 2013-жылы Кытайдын лидери болору айтылып жүрөт. Ошондуктан Синин сапарын Вашингтондо дүйнөнүн эки бакубат өлкөсүнүн жетекчилеринин бири биринин тамырын тартып, жакындан таанышуу мүмкүнчүлүгү жана болочок кызматташууга негиз түзүү ирети карашууда.

АКШ-Кытай ортосундагы кызматташуу, Обаманын айтымында, дүйнөнүн кызыкчылыгына да ылайыктуу. Соңку жылдары эки өлкө аралык соода жигердүү жүрүүдө. Ага карабай Кошмо Штаттар Бээжинди соода эрежелерин бузууда, интеллектуалдык дөөлөттөрдү уурдоодо, улуттук акча - юандын наркын атайылап төмөн кармоодо деп сындап жүрөт. Арзан юань Кытайга тышкы соодада артыкчылып берип, өлкөгө импорттолчу товарларды кымбат кылат.

Си мырза вице-президент Жо Байден менен мамкатчы Хиллари Клинтон берген сый тамакта Кытай ортодогу пикир келишпестиктерди жөндөө үчүн АКШ менен иштешээрин астейдил эске салды:

- Президент Обама, вице-президент Байден жана мен биздин талкуубуздун көбүн экономикалык жана соода маселелерине арнадык. Глобалдык экономика менен финансыдагы абал катаал деген көз карашка биз да кошулабыз; өсүш, реструкташтыруу жана жумуш орундарын түзүү эки өлкөнүн күн тартибиндеги үлкөн маселе. Биз кыйынчылыктарды жеңилдетүүгө, кеңири масштабдуу жана эки жакка пайдалуу экономикалык өнөктөштүктү курууну тездетүү аракетибизди токтотпошубуз абзел; экономиканы ырааттуу калыпка салууну жана эки өлкөдөгү, ошондой эле жалпы дүйнөдөгү өсүүнү туруктуу кармашыбыз керек.

Вашингтон менен Бээжин эзелтен адам укугу маселесинде элдеше албай жүрөт. АКШ бийликтери Кытай өкмөтүн жарандардын эркиндигин чектейт, улуттук азчылыктардын, өзгөчө тибеттиктер менен уйгурлардын укуктарын сыйлабайт деп күнөөлөп келет.

Си Цзинпин Ак үйдөгү жолугушууда Кытай акыркы отуз жылда адам укугу жаатында “эбегейсиз секирик” жасаганына көңүл буруу менен анын өкмөтү бул багытта дагы “конкреттүү кадамдарды жасайт” деп сөз берди. Бул теманы “калыс жана конструктивдүү” талкуулаганга Кытай жак даяр экенин да кошумчалады.

АКШ-Кытай арасындагы мамиле ургаалдуу жүрүп жатканы менен Бээжин Бириккен Улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңешинин Сирия боюнча резолюциясын Орусия менен чогуу колдобой койгон. Бул Вашингтонго жакпаганын Жо Байден кездешүүдө Кытай вице-президентине жашырбай айтты.

Көңүл бурчу дагы бир жагдай: Лондондогу Jane’s изилдөө борборунун акыркы изилдөөсүнө караганда, былтыр Кытай аскерий иштерге 120 миллиард доллар сарптаган. 2015-жылы Кытайдын аскерий чыгыма эки эсеге көбөйүп, 240 миллиард долларга жетиши ыктымал. Ушул эле борбордун эсебинче, келерки төрт жылда Кытай экономикасы орточо 8-9 процентке өссө, аскердик чыгымдары жылына 19 процентке көбөйүп турат.

XS
SM
MD
LG