Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:11

АКШ: Курал зомбулугуна каршы айкын план жок


Ак Үй курал менен кыргын салууга бөгөт койчу даяр конкреттүү сунушу жок экендигин билдирүүдө. Ошол эле убакта өткөн жума күнү Коннектикут штатындагы мектепте атып өлтүрүлгөн 26 адамды эскерүүгө барган президент Обама мындай трагедияларды болтурбоо үчүн бардык күч-аракетин жумшоого сөз берди.

Шейшембиде Ньютаун шаарындагы мектептерде сабактар кайра башталууда. Бирок жума күнү 26 киши атып өлтүрүлгөн мектептин эшиги дагы деле жабык.

14-декабрда болгон кыргында алгач энесин, кийин өзүн аткан Адам Ланзаны кошкондо жалпы жонунан 28 кишинин каны төгүлдү. Бул окуя 2007-жылы 32 киши өлтүрүлгөн Виржиниядагы трагедиядан кийинки эле АКШнын тарыхындагы эң кандуу кыргын болуп калды. Быйыл эле өлкөдө курал менен бир нече жолу кол салуу болгон, анын ичинде июлда Колорадо штатындагы кинотеатрда бир киши 12 адамды атып салган.

Дүйшөмбүдө курман болгондордун айрымдары жерге берилген күнү Ак үйдүн өкүлдөрү экинчи кызмат мөөнөтүндө президент Обама куралга байланышкан зомбулук менен күрөшкө артыкчылык берээрин айтып чыгышты.

Бул күнү Обама вице-президент Жо Байден жана башка саналуу кабинет мүчөлөрү менен жолугуп, Ньютаундагы кыргындан кийин өлкө кандай иш-аракеттерди көрүшү керектигин талкуулады.

Ал америкалык балдарды куралга байланышкан зомбулуктан коргоо үчүн президент катары колдон келген аракетин көрөөрүн билдирди. Мындан 8 жыл мурда күчүнөн кеткен куралга тыюу салуу тууралуу мыйзамды калыбына келтирүүнү Обама эбактан колдоп келет, бирок биринчи кызмат мөөнөтүндө буга ашыкча көңүл бурган эмес.

Обаманын Демпартиясынын мүчөлөрү, алардын ичинде Коннектикуттун акими курал көзөмөлү боюнча улуттук мыйзамды күч алдырууга чакырышууда.

Коннектикуттун акими Даннел Маллой ок атуучу куралдарга ээлик кылууга федералдык чектөө зарылдыгын айтат:

– Мындай курал көп таркап, аны сатып алуу өтө жеңил болуп калды. Коннектикутта аны чектеген мыйзам бар, бирок буга федералдык чектөө жок. Ансыз бир да штат өздүк мыйзамы менен ийгиликтүү күрөш жүргүзө албайт.

Каргашада окко учкандардан 6 жаштагы Моа Познер менен Жэк Пинтонун сөөгү 17-декабрда жерге берилди. Калгандарынын тажиясы шейшембиде жана андан кийинки күндөрү өткөрүлөт.

АКШдагы эң таанымал Курал ээлеринин улуттук биримдиги Коннектикут кыргынынан кийин эч кандай билдирүү жасай элек. АКШда куралга ээлик кылуу укугу Конституцияга киргизилген "Экинчи толуктоо" менен корголот. Мындай мыйзамдарды өзгөртүү жолу өтө татаал жана узак убакытты талап кылат.

Кабарчыларга жолукканда Ак үйдүн маалымат катчысы Жей Карни куралга байланышкан зомбулук менен күрөшүүдө куралды тескеген мыйзамдарды күч алдыруу жетишсиз экендигин белгиледи:

– Бул көп кырдуу аракеттерди талап кылган татаал көйгөй. Бир эле мыйзам же бир эле иш-чара менен аны чечип коюу мүмкүн эмес.

Коннектикуттагы кыргында колдонулгандай куралдарга тыюу 2004-жылы күчүнөн кеткен эле.

Курал боюнча мыйзамдарды күч алдыруу АКШда коомчулукту бөлүп-жарган талаштуу маселе бойдон калууда. Ньютаундагы ок атуу да көпчүлүктүн пикирин кескин өзгөртө алгандай.

"Вашингтон пост" гезити ЭйБиСи Ньюс телеканалы менен чогуу апта соңунда жүргүзгөн сурамжылоо калктын 54% мыйзамдарды күч алдырууну жактай тургандыгын айгинеледи. Жыл башында бул көрсөткүч 51% болчу. Ошондой эле тартип коргоочулардан башкаларга тапанча сатууга тыюу салууга 10 кишинин жетөө каршы экен. Бул 1999-жылдан берки эң жогорку көрсөткүч болуп саналат.

XS
SM
MD
LG