Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:10

Х.Клинтон: АКШнын Латын Америкасына карата саясаты өзгөрөт


АКШнын Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон. 2009-жылдын 20-апрели.
АКШнын Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон. 2009-жылдын 20-апрели.

АКШнын Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон жума күнү (1-майда) чыгып сүйлөп, Латын Америкасында Кытай менен Ирандын таасири күчөп жатканына тынчсыздануусун билдирди жана вашингтондук дипломаттарды Ак Үйдүн бул аймакка карата саясатын кайра карап чыгууга чакырды.

АКШнын тышкы иштер министрлиги болгон Мамлекеттик департаменттин кызматкерлери менен жума күнү (1-майда) жыйын өткөргөн АКШнын Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон соңку кезеңде Латын Америкасында коммунисттик Кытай менен эскичил исламчылар өкүм жүргүзүп жаткан Иран өз таасирин улам тереңдетип жатканын өзгөчө кабатырлануу менен белгиледи.

Бул эки өлкө Латын Америкасынын бир катар өлкөлөрү менен тыгыз экономикалык жана саясий кызматташтыгын арттырууда, деди ал.

Клинтон айымдын айтымында, мурдагы президент Жорж Буштун өкмөтү Латын Америкасындагы Вашингтонго каршы маанайда болгон мамлекет башчыларды обочодо калтыруу саясатын жүргүзөм деп жатып, континенттеги америкалык кызыкчылыктарга доо кетирип алды.

6-майда Иран президенти Махмуд Ахмадинежад Бразилияга иш сапар менен келип, эки тараптуу соода алакаларын чыңдоо жаатында сүйлөшүү жүргүзмөкчү. Ахмадинежад, ошондой эле, Венесуэлага келип, расмий Вашингтонго сыртын салып келген солчул президент Уго Чавес менен да жолукмакчы.

Хиллари Клинтон азыркы таптагы дүйнө жүзүн “көп уюлдук” деп сыпаттады жана Кошмо Штаттар Орусия, Кытай жана Иран сыяктуу өлкөлөр менен атаандашып жатканын эске салды:

- Өзүбүзгө көңүл бурдуруу жана карым-катнаш жүргүзүү жаатында орустар, кытайлыктар жана ирандыктар менен Вашингтон атаандашып жаткан ушул көп уюлдуу дүйнөдө Жердин өз өлкөбүз орун алган шарым шарындагы мамлекеттерге кылчайуу – биздин эле кызыкчылыгыбызга жатат. Демек, бул жаатта биз мурдагыдан айырмалуу дипломатиялык мамиле иштеп чыгуу үчүн киришүүдөбүз.


АКШнын Мамлекеттик катчысы Латын Америкасындагы буга чейин ачыктан-ачык анти-вашингтондук саясат жүргүзүп келген мамлекеттер менен да жылуу карым-катнаш жүргүзүү үчүн жаңы дипломатиялык кадамдарды жүзөгө ашыруу керектигин баса белгиледи.

АКШга карата сыртын салган маанайда болгон латын америкалык мамлекет башчылардын арасында солчул маанайы менен айырмаланган венесуэлалык Уго Чавес, никарагуалык Хосе Даниэл Ортега, эквадордук Рафаэл Корреа жана боливиялык Хуан Эво Моралес Айма мырзалар бар.

Ушул тапта АКШ менен Венесуэла күзгө маал өз ара элчи жиберүү деңгээлинде эки тараптуу карым-катнашын калыбына келтирүү жагдайларын иликтеп жатат.

Хиллари Клинтон айым коммунисттик Кубага карата катаал саясатты жумшартууга кезек келгенине да ишаара кылып, Вашингтондун буга чейинки Гавананы обочолонтуу саясаты майнапсыз болгонун мойнуна алды:

- Биз Куба жаатында Кошмо Штаттарга каршы түзүлгөн дээрлик бирдиктүү майдан менен беттешүүгө кириптер болдук. Ар бир өлкө, ал түгүл бизге өтө жакын делген мамлекеттер да: “Силер Кубага карата мамилеңерди өзгөртүүгө тийишсиңер. Буга чейинки жасап жаткан ишиңерди өзгөрүүсүз улантып кала бере албайсыңар” деп билдиришүүдө. Демек, биз Кастролор бийлеген өкмөттөн саясий туткундар, адам укуктары, жана башка маселелер жаатында өз ара түшүнүшүүнүн кандайдыр бир жагымдуу ишаарасын көргүбүз келет.

АКШ президенти Барак Обама да соңку учурларда Латын Америкасындагы өлкөлөр менен Вашингтондун карым-катнашын чыңдоо ниетин байма-бай билдирип келет.

Венесуэла мамлекет башчысы Чавес да жакында Обамага: “Мен силерге дос болууну каалайм” деп айткан.

XS
SM
MD
LG