Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:22

Сюзан Райс Пакистанга эмнеге барды?


АКШнын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Сюзан Райс.
АКШнын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Сюзан Райс.

АКШ Пакистанды Ооган өкмөтүнүн талиптер менен сүйлөшүүсүн кайра улантуусуна көмөк көрсөтүүгө үндөдү.

Бул маселе АКШнын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Сюзан Райстын Пакистан жетекчилери менен 30-августта Исламабадда болгон сүйлөшүүлөрүндө талкууланды. Райс АКШ президенти Обаманын атынан Пакистан өкмөт башчысы Наваз Шарифти 22-октябрда Вашингтонго конокко чакырды.

АКШнын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Сюзан Райс жекшемби күнү Пакистандын премьер-министри Наваз Шариф, коргоо министри Рахил Шариф менен сүйлөштү. Кошмо Штаттардын Улуттук коопсуздук кеңешинин билдиришинче, Райс айым Ооган өкмөтү менен талиптердин июндагы сүйлөшүүсүн колдогону үчүн Пакистанга ыраазылык айтып, Вашингтон Ооганстандагы тынчтык жараянын колдогонун баса белгилеген. Ал Пакистанды кыжаалатка салган террорчулардын коңшу өлкөлөргө чабуул жасоосун токтотууга, Ооганстан, Индия менен мамилени жакшыртууга чакырган.

Жанкечтинин чабуулунан зыян тарткан имарат. Кабул. 22-август 2015
Жанкечтинин чабуулунан зыян тарткан имарат. Кабул. 22-август 2015

Премьер-министр Шарифтин кеңсеси жасаган билдирүүдө: “Кошмо Штаттар Пакистандын бардык тармактардагы, айрыкча, экономика, коргонуу жана терроризмге каршы көрүшүүдөгү маанилүү өнөктөшү” деп белгиленет.

Ооган өкмөтү жана талиптер акыркы жолу 7-июлда жолугушкан. Сүйлөшүүнүн экинчи айлампасы талиптердин лидери Молдо Омордун эки жыл мурда өлгөнү 29-июлда ырасмий тастыкталгандан кийин улантылбай калган.

Ооган тарап башынан эле Исламабадды талиптерди тынчтык сүйлөшүүгө баруусуна макул кыла албаса, алардын ишмердүүлүгүн токтотууну талап кылып келатат. Мындай талапты 10-августта президент Ашраф Гани кайра кайталаган.

- Пакистан талиптердин кеңсесин жабуу керек. Алар соттолуш керек. Алардын жарадарлары дарыланбаш керек. Мунун баарын мен документке жазгам.

Андан бери талиптер Ооганстандын апийим кенчи - Гилменд провинциясынын чоң бөлүгүн ээлеп, жапырыгын күчөтүүдө. Август айынын баш ченинде Кабулдагы бомба чабуулдарында 50дөн ашык адам, анын ичинде үч америкалык өлгөн. Ооган өкмөтү кандуу окуялар үчүн Пакистанды түнөк жай кылган Хаккани куралдуу тобун күнөөлөгөн.

Кашмирлик мусулман протестчилер "Ислам мамлекети" тобунун (солдон оңго), Пакистандын, "Лашкар-и-Тойба" группасынын желектерин жана ИМдин ана башы Абу Бакр Багдадинин сүрөтүн кармап турушат. Шринагар шаарындагы жаами мечит. 21-август
Кашмирлик мусулман протестчилер "Ислам мамлекети" тобунун (солдон оңго), Пакистандын, "Лашкар-и-Тойба" группасынын желектерин жана ИМдин ана башы Абу Бакр Багдадинин сүрөтүн кармап турушат. Шринагар шаарындагы жаами мечит. 21-август

АКШ ырасмий булактарынын билдиришинче, Сюзан Райс Пакистан жетекчилерине террорчулар менен согушчандардын чабуулдары Түштүк Азиядагы тирешүүнүн негизги булагына айланганын баса айтты.

Вашингтон Хаккани куралдуу тобунун желдеттери Пакистанда ээн-жайкын желип-жортуп жүрөт деп эсептейт. Жихадчыл топтун лидери июлдун аягында Кветта шаарында өткөн жыйында Пакистан талиптеринин жетекчи орун басары болуп дайындалган.

Сюзан Райстын иш сапарынын алдында Вашингтон Пакистанга хакканичилерге каршы аракетин күчөтпөсө, 300 миллион долларлык аскерий жардамды албай каларын эскерткен. Пакистан аскерлери былтыртан бери Ооганстанга чектеш Түндүк Вазирстанда талиптерге жана башка радикалдуу исламчыл топторго каршы операция жүргүзүүдө.

АКШ ырасмий чөйрөлөрдө Хаккани куралдуу тобу Пакистандын аскердик чалгындоо кызматы менен тыгыз байланышта деп билишет.

Маалымат булактарынын кабарлашынча, АКШ Пакистан аскерлери Хаккани куралдуу тобуна каршы катуу уруш салалбаса 300 миллион долларлык жардамды токтотуп салышы деле мүмкүн.

Пакистан-Индия ортосундагы абал да акыркы жумаларда талаштуу Кашмир провинциясындагы чек ара тилкесиндеги атышууларга байланыштуу кайра курчуп кетти. Өткөн жумада эки өлкөнүн коопсуздук маселеси боюнча кеңешчилеринин сүйлөшүүсү башталбай жатып токтогон.

XS
SM
MD
LG