Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:39

Ади Атласи: Кыргыз тарыхын астейдил иликтеген аалым


Ади Атласи (Атласов; 1876—1938). Карл Булла тарткан фото. 1907-ж.
Ади Атласи (Атласов; 1876—1938). Карл Булла тарткан фото. 1907-ж.

Сталинизм доорунда жазыксыз жазаланган татар аалымы, тарыхчысы жана агартуучусу Ади Атласи (Атласов; 1876—1938) өз чыгармачылыгында байыркы кыргыз тарыхына да кайрылган.

Ади Атласинин өмүр жолунун башаттык мезгили

Кыргыздар Ади Атласи деп билген бул инсанды татарлар Мухаммадхади, Хади, Гадый, Һади Атласи деп аташса, анын ысымы орус адабиятында "Мухаммед-Хади Мифтахутдинович Атласов" деп катталган.

Ал 1876-жылы баш оона (август) айынын 29унда падышалык Орусиянын Симбирск губерниясына караштуу Буин үйөзүндөгү Төмөнкү Чекур (Эски Чеке деп да аталат) кыштагында туулган (азыр бул кыштак Татарстандын Дрожжан (Чүпрәлә) районуна карайт).

Атасы – Мифтахутдин татарлардын жергиликтүү молдосу болгон. Энеси Сарвижамал да татар тегинен болгон.

Ади Атласи эне тилинен башка арап, парсы, осмон түрк тилин жана орус, немис тилдерин өздөштүргөн.

1895-98-жылдары Ади Атласи Орунбордун (Оренбург) жанында татарлардын Каргалы кыштагында ачылган мугалимдер окуу жайында таалим алат. Аны Гани бай Хусаинов негиздеген.

Бул семинарийде диний сабактар менен гана чектелбестен, математика, табият таануу, немис тили ж.б. сабактар боюнча да дарстар окутулган “жаңы усул” (“усул-и жадид”) тарбиясын алат.

Кийинчерээк ал атайын сынактан өтүп, имам жана мударрис болууга жарактуу деп табылат. Ошондон тартып ал өзү да агартуучу катары “жаңы усул” мектептерин кеңейтүүгө салым кошкон. Бир эле учурда ал жаңыча окуу куралдарын жазууга киришп, андан ытшкары астрономия, табият таануу жаатында илимий-жамаагаттык чыгармалар жазып турган.

1906-жылы ал жашыруун уюшулган III Бүткүл орусиялык мусулмандар курултайынын ишине катышып, делегаттарды калайыкты агартуу ишине катышууга үндөгөн.

1907-жылы Ади Атласи падышалык Орусиянын Мамлекеттик думасынын экинчи чакырылыштагы курамына Самара губерниясынан депутат болуп шайланган.

Анын парламенттик ишмердиги “Мусулман эмгек тайпасы” («Мөселман хезмәт таифәсе») деген депутаттык топтун жигердүү мүчөсү катары иш-аракети менен коштолгон. Ал Мамдумадагы мусулмандар фракциясынын органы болгон “Дума” гезитин негиздөөгө жана чыгарууга да иштиктүү катышты. Алты гана номуру чыккан соң, андагы идеялардан үркүп, падышалык Орусия өкмөтү бул гезитти жаап салган.

Айтмакчы, 1906-жылы Ади Атласи “Жаңы мыйзам жана айдыңдарыбыз (интеллектуалдарыбыз)” («Йаңа низам вә голәмаларымыз») деген чакан китепчесин жарыялаган. Кийинчерээк, 1909-жылы, б.а. Ади Атласи депутат болбой калган чакта, падышалык Орусиядагы чакан этносторго карата расмий саясат курч сынга алынган бул китепчени жазгандыгы үчүн Саратов сот палатасы аны үч айга абакта кармоого өкүм кылган.

Ади Атласи сот чечими менен имам жана мударрис кызматтарынан, диниятчылык наамынан ажыратылган. Абактан чыккан соң да ал үзгүлтүксүз түрдө полициянын көзөмөлү астында жүргөн.

Жаңы кырдаалда ал илимий-агартуучулук ишмердигин күчөткөн. Көп тилдерди билген Ади Атласи татар элинин жана башка түрк калктарынын тарыхы боюнча маалыматтарды топтоого киришкен.

1911-жылы анын даңазалуу “Шибер тарыхы” («Себер тарихы») эмгеги жарык көргөн.

(Караңыз: Атласи Һ.М. Себер тарихы. Сөен-бикә. Казан ханлыгы (Тарихи әсәрләр) / Тарих фәннәре докторы С.Х.Алишев редакциясендә; төзүчесе, кереш сүз, искәрмәләр hәм белешмәләр авторы — тарих фәннәре докторы Сәлам Хатипович Алишев; текстны басмага әзерләүдә Раиф Мәрдәнов hәм Айдар Урманче катнашты; нәшрият редакторы Рим Шириязданов. — Казан: Татарстан китап нәшрияты, 1993. — 448 б. — Татар тарихы китапханәсе. — ISBN 5-298-00267-6. — Бул жыйнактын 31-35-беттеринде Ади Атласинин кыргыз тарыхына арналган кыскача маалыматы камтылган. — Мындан ары: Атласи, 1993.).

Булактар жана өз доорунун адабияты кеңири камтылган эмгеги үчүн ал 1913-жылы Казан университетине караштуу Археология, тарых жана этнография коомунун мүчөсү болуп шайланган.

Ади Атласи көөнө кыргыз тарыхы тууралуу

Албетте, кээде кыргыздар тууралуу жазылган эски китептердеги маалыматтын бардыгын көкүрөккө кысып кучактап, мактап-жактап калчу адат байкалат.

Ади Атласи өз китебинде кыргыздар тууралуу кандайдыр-бир олуттуу жаңылык боло турган кошумча маалымат берди беле?

Анын кыргыз тарыхы боюнча жазгандары, чынында, анын заманына чейин эле кеңири белгилүү болгон булактарга жана адабиятка негизделген. Албетте, Ади Атласи өзү да илимдеги өзүнө чейинки айрым так эместиктерди байкап, этнонимдик жана топонимдик баалуу тактоолорду киргизүүдө аалым катары өз салымын кошо алган деп баса белгилөөбүз зарыл.

Агартуучу Ади Атласи кыргыз тарыхы тууралуу өзү тастыктаган маалыматты падышалык Орусияга карап турган Эдил-Орол (Волга-Урал) жана ага чектеш башка аймактарга татар тилиндеги арап арибиндеги баалуу китеби аркылуу кеңири жайылткан жана кыргыз тарыхын сабаттуу татарлар менен башкырларга үзүрдүү пропагандалаган.

Бирок бул китептин таркалуу мейкиндигин жалаң гана татарлар менен башкырларга таяп чектеп салуу да натуура болоор эле.

Анткени, орто кылымдарда Эдилден Кырымга, Батыш Шиберге, Батыш Алтайга жана Чыгыш Теңир-Тоого, Чыгыш Памирге (Ак-Тоого) чейин арап арибинде таркалган орток адабиятты шарттуу түрдө “чагатай адабияты” деп койобуз. Мындагы айрым түрк калктарынын тилинде жазылган эмгектер да арап-парсы терминдерин орток усулда жазгандыктан, аларды ар бир сабаттуу мусулман түрк өз эне тилине жана диалектине жакындатып чечмелеп окуй алышкан.

Бул орток жазма салт XIX кылымдын акыры — XX кылымдын башында эдил-орол-кырымдык жана борбордук азиялык жадитчилер тарабынан да ийкемдүү колдонулган.

Демек, “Шибер тарыхы” китеби аркылуу Ади Атласи кыргыздардын түрк калктарынын ичинен көөнө тарыхта этностук аты чагылдырылган байыркы элдердин бири болгондугун татарлар менен башкырларга гана эмес, жалпы орток түрк арап арибиндеги адабиятты ээн-эркин окуй алган мүлдө адабий журтчулукка кеңири маалымдаган.

Илим-билимге жана жаңы китептерге суусап турган жадитчилер (“усул-и жадид" агартуу ыкмасын таркатуучулар) бул китепти Евразиянын учу-кыйырсыз аймактарына жайылтышкан. Ал түгүл бул китептин нускалары чыгышта — Чыгыш Теңир-Тоонун башкы агартуу чордону болгон Кашкар шаары менен соодагер татарлар да байырлаган Кулжа шаарына чейин, ал эми батышта — Осмон султандыгынын борбору Стамбулга чейин жеткен.

Ади Атласинин “Шибер тарыхы” эмгегинде Шибер аймагы жалпы түрк калктарынын тарыхый аймагына, байыркы Скифиянын бир бучкагына кирээри тууралуу ой ырааттуу камтылган. Ал “Скифия” сөзү түрк элдеринин мекени деген эле маанини берет деп эсептеген.

Ади Атласи Түштүк Шибер (“көньяк Сибирия”) жергесин байырлаган түрк калктарынын ичинен эң атактуусу, эч шексиз түрдө, кыргыздар болгон деп жазган. (Караңыз: Атласи, 1993. — Б. 31).

Ади Атласи борбордук азиялык тарыхчы, Шейбанийлер ханы Абу-л-Газы Бахадур-хандын (1603, Үргөнч — 1664, Хива) эмгегине шилтеме кылып, Огуз хандын Кыргыз аттуу бир небереси болгону тууралуу санжыралык маалыматты чагылдырган.

Абу-л-Газынын чагатай жазма тилинде жазылган “Тарих-и шажарайи-турк” чыгармасынын Казанда 1891-жылы чыккан басылышында кыргыздардын байырлаган жерлеринин бири "Селенгер" деп жазылып калганын айтып, Ади Атласи, бирок, бул топонимди Селенга (“Селенкә”) деп окуу туура болоорун атайын белгилейт. Ал Абу-л-Газынын “Тарих-и шажарайи-турк” чыгармасынын 1871-жылы барон д’Мейзон тарабынан Петербургда жарыяланган басылыш нускасында алиги топоним "Селенга" деп туура жазылганын эскерет. (Караңыз: Атласи, 1993. — Б. 31-32).

Бул салыштыруулар Ади Атласи кыргыз тарыхы тууралуу адабиятты жана булактарды сын көз менен салыштырып карап колдонгондугунан кабар берет.

Ади Атласи Абу-л-Газыда кыргыз вилайетине байланыштуу эскерилген "Анкрамурен" деген гидронимди орусиялык теги немис тарыхчы, академик Иоганн Эбергард Фишер (Johann Eberhard Fischer; 1697, Эслинген, Швабия — 1771, Санкт-Петербург) Шибер тарыхына арналган жана 1774-жылы чыккан эмгегинде Гуанг-Гу дарыясы деп (28-бетте) көрсөткөнүн жазат.

(Караңыз: Фишер И.Э. Сибирская история с самого открытия Сибири до завоевания сей земли Российским оружием. — СП., 1774. — Б. 28.).

Ал эми дагы бир орусташкан немис тарыхчысы, академик Герхард Фридрих Миллер (Мюллер; Gerhard Friedrich Müller; 1705, Херфорд, Вестфалия герцогдугу — 1783, Москва) болсо орус адабиятында Фёдор Иванович Миллер ысымы менен кеңири таанымал. Анын Шибер хандыгы жана Шибердин жалпы аймагынын Орусияга каратылышы тууралуу жазган эмгеги 1787-жылы жарык көргөн. Мында ал “Анкрамуран” гидронимин азыркы Амур дарыясы менен окшоштурганын Ади Атласи белгилейт.

(Караңыз: Миллер Г.Ф. Описание Сибирского царства и всех происшедших в нем дел от начала, а особенно от покорения его Российской державе по сии времена. — СПб., 1787. — Б. 13-15.)

...Энесай дарыясынын боюндагы жазуулар да байыркы кыргыздардын жазмасы деп саналат.
Ади Атласи

Татар тарыхчысы Ади Атласи өзү болсо Абу-л-Газы эмгегинде эскерген бул “Анкрамуран” гидроними азыркы орус адабиятында Ангара деп аталган дарыяны көрсөтөөрүн, “муран” сөзү монголчо “дарыя” (азыркы татарча “елга”) дегенди туюнтаарын тастыктап жазат. (Караңыз: Атласи, 1993. — Б. 32).

Б.з. VIII кылымда, ал түгүл VI-VII кылымдарда пайда болгон Орхон жазмалары байыркы түрк жазмалары катары каралса, ал эми Энесай дарыясынын боюнда табылган жазмалар болсо, Ади Атласинин пикиринде, байыркы кыргыздардын жазмалары деп саналат:

...Енисей елгасы буендагы язулар да борынгы кыргызларның язуы дип саналадыр”. (Караңыз: Атласи, 1993. — Б. 33).

Ади Атласи мусулман-түрк санжырасындагы маалыматты колдонуп, хижрадан 3400-жыл мурда туулгандыгы жоромол кылынган Огуз хандын урпактарынан болгон деп айтылгандыктан, кыргыздар эң байыркы улут (миллет) болгондугу маалым деп билдирет:

Кыргызлар hижрәттән 3400 ел мөкаддәм туганлыга фараз ителгән Угыз ханның оныклары нәселеннән булдыкларында, аларның бик борынгы милләт булучылыклары мәгълүмдер. Чынлап та алар Кытай тарихларында да бик борынгы заманнан бирле зикер ителеп килмәктәләр. Борынгылыкның бик тирән заманнарында кыргызларның Гаян-Гун аталган мөстәкыйл падишаһлыклары булганлыгын безгә тарих күрсәтә.

Ләкин алар миладидан 1—2 гасырлар мөкаддәм һуннар тарафыннан буйсындырылып, аларга итагать итәргә мәжбүр булдыкларыннан һун мәмләкәтенәң көнбатыш тарафын тәшкил иткәннәр”.

(Караңыз: Атласи, 1993. — Б. 33-34).

Жогорудагы шилтемеден көргөнүбүздөй, Ади Атласи орусиялык теги чуваш синолог Иакинф Бичуриндин (Никита Яковлевич Бичурин, 1777 — 1853) калемине таандык орусча котормолорду жакшы өздөштүрүп, байыркы кыргыздар тууралуу кытай тарыхчылары Сыма Чиен, Бан Гу жазган жана Тан сулалеси доорунда жаралган булактарда камтылган маалыматтарды дурус өздөштүрүп, алардын мазмунун да китебинде чагылдырган.

Ади Атласинин “хагас” этностук аталышы тек гана кыргыздарга кытайлар тарабынан берилген “гянгун” (аны ал "Гаян-Гун" деп берет) сыяктуу тышкаркы этностук аталыш (азыркы этнографтар айткандай, экзоэтноним) болгонун, бирок кыргыздар өздөрүн “кыргыз” деп гана атагандыгын айрыкча белгилегендиги да кызыктуу.

1923-жылы советтик айрым этнографтардын жаңылыш сунушунун айынан Энесайдагы кыргыздардын калып калган жана башка этносторду өзүнө жуурулуштурган урпактары “хакас” ысымын расмий кабыл алган. Бул чечимди академик Василий Владимирович Бартольд (1869—1930) да сынга алган, бирок “хакас” этноними ошол бойдон расмий бекемделип калды.

Тарыхчы Ади Атласинин “Шибер тарыхы” чыгармасы болсо XX кылымдын башында Орусиядагы мусулман түрк окумуштуулары “хагас” (ся-цзя-сы) этноними — “кыргыз” аталышынын эле ханзуча кезектеги варианты болгондугун дурус аңдашкандыгын дагы бир ирет тастыктайт.

Ади Атласи византиялык император Юстин II тарабынан Батыш Түрк каганы Дизабулга (б.а. Истеми каганга. — Т.Ч.) 569-жылы жөнөтүлгөн элчи Земарх кайра элине кайтканда, ага кыргыз күңү белекке берилгендигин, ал эми 1207-жылы Чыңгыз ханга баш ийүүгө аргасыз болгон кыргыз өкүмдарынын ысымы Урус Ынал (Урыс-Инал) болгонун да китебинде эскерген. (Караңыз: Атласи, 1993. — Б. 34-35).

Өз доорунун ири тарыхчысы Ади Атласи жазган бул маалыматтар Евразиядагы далай мусулман түрк аалымдарынын жана башка окурмандарынын кыргыз тарыхынын байыркы жана орто кылымдардын эрте мезгилиндеги барактары жаатында кыйла кеңири маалымат алышына огожо болгондугунда эч шек жок.

Сталинизм доорунун курмандыгы

Ади Атласинин тагдыры аянычтуу бүткөндүгүн да пост-советтик доордо ачык айта баштадык.

1917-жылы Февраль ыңкылабынан соң, Ади Атласи Бөгөлмө (татарча Бөгелмә, орусча Бугульма) үйөзүндө жергиликтүү бийликтин эл агартуу бөлүмүн жетектеген.

Ал Мусулмандардын Бүткүл орусиялык Биринчи (май, 1917-ж.) жана Экинчи (июль-август 1917-ж.) курултайларына делегат катары катышкан.

1918-жылы Бөгөлмө шаарында Кеңеш бийлиги орнотулганда жергиликтүү семинарийде сабак берип, окутуучулук кылган. Ал эми 1919-жылы Бөгөлмө шаарында А.В.Колчактын армиясына таандык ак гвардиячылардын үстөмдүгү орногондо, Ади Атласов Бөгөлмө үйөзүнүн жергиликтүү башкармалыгынын (земская управа) агартуу бөлүмүнүн төрагасы болуп дайындалган.

Ак гвардиячылар чегингенде ал өзү да түштүккө карай жер которуп, көз карандысыз Азербайжан Демократиялык Республикасынын борбору Бакы шаарына келет да, мында эл агартуу комиссариатынын түрк басма бөлүмүндө иштеп калат.

1920-жылы 1-8-сентябрда Чыгыш элдеринин Биринчи курултайынын ишине катышкан.

1920-жылы сентябрда Азербайжан Демократиялык Республикасын болшевиктер каратып алып, Ади Атласи камакка алынган жана Кеңеш бийлигинин Бириккен мамлекеттик саясий башкармалыгы (БМСБ, орусча ОГПУ) тарабынан 10 жылга абакка кесилген. Байыл абагында, андан соң Чистополь абагында кармалган. 1921-жылы 22-апрелде Бөгөлмө үйөздүк соту Ади Атласиге коюлган “Колчактын бийлиги менен кызматташкан” деген айыптарды негизсиз деп таап, аны толугу менен актаган.

1921-29-жылдары Бөгөлмө шаарындагы жана Шүгүр жана Зая-Каратай кыштактарындагы мектептерде тарых, география, немис тили сабактары боюнча мугалимдик кылган. Ал арап түрк жазмасын колдоп, латын арибине каршы чыккан.

1929-жылы 29-январда аны жазыксыз жерден “султангалиевщина иши” боюнча камакка алышып, 1930-жылы 28-июлда БМСБнын коллегиясы тарабынан эч кандай соттук териштирүүсүз эле 10 жылга сталиндик лагерге (ГУЛагга) кесишкен. Ага “эл аралык буржуазияга көмөк көрсөтүү жана контрреволюциячыл уюм уюштуруу” («оказание помощи международной буржуазии и организация контрреволюционной группы») аракетин жүргүзгөн деген айып эч далилсиз эле тагылган.

Ал оболу Мурманск шаарынын аймагындагы абакка жиберилген. 1930-жылы ноябрда Ак деңиздеги бир аралдагы түрмөгө жеткирилген. Ал эми 1921-жылы июнда Соловки жергесиндеги айтылуу катаал лагерге жеткирилген.

Архангельск облусуна караштуу Соловецк аралдары (карелче Solokka, саам тилинде Suollek — «аралдар» дегенди туюнтат) деп аталган жарым аралда жүрүп, саламаттыгы кескин начарлаганда, Ади Атласини 1933-жылы июнда ден соолугунун акыбалына байланыштуу абактан бошотушкан.

“Багы жокко дагы жок” дегендей, Бөгөлмө шаарына кайтып келип, ал эч жерде мугалимдик ишке орношо албай койгон.

1934-жылы Ади Атласи Татарстандын борбору Казан шаарына көчүп келип, бир аз убакытка немис тили мугалими болуп иштейт. Бирок ал 1935-жылы март айында “саясий жактан ишеничке татыбаган” инсан катары жумушунан айдалган.

1936-жылы 28-июлда Ади Атласи татар улуттук айдыңдарынын жашыруун улутчул уюмунун тымызын жетекчиси катары шектелип, кайрадан камакка алынган. Бул иш атайын “атласовчулук” деген кылмыш ишине негиз болуп, чекисттердин ырайымсыз уруп-согуусунун айынан 1937-жылы 2-майда Ади Атласи Кеңеш бийлигин кулатып, эгемен түрк-татар мамлекетин курууну мүдөө кылган атайын улутчулдардын көтөрүшчүл жана тыңчылык (“шпиондук”) уюмунун жетекчиси катары өзүнө таңууланган доолорду мойнуна алган.

Ади Атласиге (Атласовго) олуттуу доолорду таңуулаган соң, сталинчилердин соту 1937-жылы 28-октябрда аны өлүм жазасына өкүм кылган.

Соттогу акыркы сөзүндө ал: “Мен эч качан террорчу да болгон эмесмин, тыңчы да болгон эмесмин; эч кандай кутумга жана жашыруун уюмдарга катышкан эмесмин. Мен — азыркы замандын кишиси эмесмин, өткөн доорго таандык кишимин”, — деп айткан.

Ади Атласинин өмүрү 1938-жылы 15-февралда Казан шаарында атуу жолу менен кыйылган.

Эстутум

Татар улутунун даңазалуу тарыхчысы жана агартуучусу Ади Атласи 1958-жылы май айында СССР Жогорку сотунун Аскердик коллегиясынын чечими менен толук акталган.

1986-жылдан тартып, “Кайра куруулар” доорунда, анын ысымын актоо багытында бир катар макалалар жарыяланган. Алардын бирин айтылуу чыгыш таануучу, профессор Миркасым Усманов жазганы белгилүү.

Татар улутунун даңазалуу айдың уулу Ади Атласинин ысымын кыргыз таануучулар да терең урматтоо менен эскерип келишет.
Т.Чоротегин

Пост-советтик доордо анын ысымын түбөлүккө калтыруунун ар кыл усулдары жүзөгө ашырылды. Маселен, Казан шаарындагы көчөлөрдүн бири — Кирпично-Заводская көчөсүнө анын ысымы ыйгарылып, эми бул көчө “Ади Атласи” (татарча "Һади Атласи”) көчөсү деп аталып калды.

1996-жылы Бөгөлмө шаарында Ади Атласи атындагы коомдук кор негизделди. Бул кор негиздеген Ади Атласи сыйлыгына Р. Фахрутдинов (1996), М. Усманов (1997), Г. Даутов (1998), Ф. Иделле (1999), 3. Зайнуллин (2000), Р. Валеев (2003), Д. Сулейманов (2008), А. Бурханов (2014) сыяктуу аалымдар жана айдыңдар татыган.

Татар улутунун даңазалуу айдың уулу Ади Атласинин ысымын кыргыз таануучулар да терең урматтоо менен эскерип келишет.

XS
SM
MD
LG