Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:33

Каримова: Мен дагы эле үй камактамын


Гүлнара Каримова.
Гүлнара Каримова.

Би-би-си кызматынын журналистинин колуна Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун тун кызы Гүлнараныкы делген үн жазылган жана видео тасма тийген. Аудиодо добушу Каримованыкына окшош аял көп айдан бери үй камакта отурганын, акыбалы начарлап кеткенин айтат.

Би-би-си маалымат кызматына курган маегинде журналист Наталья Антелава Ислам Каримовдун кызына таандык делген бул аудио анын колуна ортомчу адамдар аркылуу жеткенин айтат.

Антелава соңку эки жылда Каримова Твиттерде абдан активдүү болгонун, темирдей катуу режимдин коопсуздук күчтөрү менен кармашканын айтып келип, Өзбекстан Түндүк Кореядай эле дүйнөдөгү эң жабык өлкөлөрдүн бири деп угармандарга түшүндүрөт. Борбор Азиядагы бул өлкөдө маалымат каражаттары мамлекет тарабынан көзөмөлдөнөт. Ошол себептен бир кезде Каримованын Твиттер баракчасы Өзбекстандын медиа каражатындай эле болуп калганын баяндайт.

«Кокустан эле Гүлнара атасын жана анын коопсуздук кызматын сындаган чуулгандуу маалыматтарды жаза баштады. Андан соң бир жыл ичинде анын бизнеси бүтүндөй урап жатканын Твиттер аркылуу дүйнө коомчулугуна билдирип турду. Ушул жылдын мартында мен анын кол менен жазылган катын алгам. Анда ал үй камакта экенин жазган эле. Ошондон берки эки айда эч кабар болгон жок. Бир нече күн мурда аудио тасманы алдым”, – дейт Наталья Антелава.

Эфир маалында уктурулган аудиодо англисче сүйлөгөн Гүлнара “Биз азыр үй камактабыз. Сырткы дүйнө менен байланышыбыз жок. Досторубуз, жакын адамдарбыз менен кабарлаша албайбыз. Өмүрүмдө биринчи жолу жарым жылдан бери уулумду көрө элекмин. Кызым ушул абакта 16 жашка толду”, - деп кызы экөө дагы эле үй камакта экенин айткан.

Кийинки аудиодо болсо алардын башына мындай мүшкүл эмне үчүн түшкөнүн жана кимдин каалоосу менен болуп жатканын эч ким түшүндүрүп бербегенин аянычтуу баяндайт:

“Биз ушул күнгө чейин эмне себептен үй камакта, "түрмөдө" жатканыбыз тууралуу так жооп ала элекпиз. Кызым эч ким менен сүйлөшпөйт. 16 жаштагы бала мектепке барып, курбу-курдаштары менен жүрүшү керек эле да. Мен азыр өзүм жөнүндө айткан жокмун. Биз медициналык жардамга муктажбыз”.

Журналист Антелава өзбек президентинин тун кызы менен небересинин тагдыры тууралуу адам укуктарын коргоочу уюмдарга жеткиргенин, алар дагы Гүлнара Каримованын абалынан кабардар экенин айтат.

Би-би-си маалымат кызматына келип түшкөн видео
Гүлнара Каримованыкы делген видео
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:11 0:00

Бул видеотасма былтыр декабрь айында тартылган болушу мүмкүн. Себеби жыл сайын декабрда Гүлнара уулу Исламдын туулган күнүндө балдары менен гүл көтөрүп, атасын куттуктаганы резиденцияга барчу. Жазында орусиялык НТВ телеканалына берген интервьюсунда анын уулу Ислам кышында таятасы менен көрүшкөнү барганда аларды атайын кызмат киргизбей койгонун айтып берген болчу. Гүлнара Каримова кызы Иман менен ошондон кийин бир ай өтпөй үй камагына алынган.

Массалык маалымат каражаттары Гүлнара Каримова ушул жылдын башынан бери үй камакта деп жазышкан. Ага тиешелүү ишканалар, анын ичинде “Форум кору” өткөн жылы эле жабылган. Каримовага таандык телекомпаниянын башчыларына, жакын санаалаштарынын көбүнө кылмыш иштери козголуп, алды абакка камалды.

Өткөн айда Каримованын жарандык никедеги күйөөсү Рустам Мадуморов көз боемочулук кылган деген кине менен жети жылга эркинен ажыратылганы маалым болду.

Гүлнара алгач энеси Татьяна Каримова менен сиңдиси Лола Тилляева-Каримованын мыйзамсыз бизнестерин, андан тапкан кирешелерин ачыкка чыгарган. Байкоочулардын баамында, дал ошол себептен Гүлнара президент атасынын каарына калды.

Каримова энеси Татьяна Акбаровнаны президенттин бийлигинен кыянаттык менен пайдаланып, Өзбекстандагы бардык кирешелүү бизнести өз колуна алды деп айыптаган.

Бир жыл мурда өзбек лидеринин кичүү кызы Лола Тилляева-Каримова 12 жылдан бери эжеси Гүлнара менен сүйлөшпөй калганын ачыктаган.

Ал маалда Батышта өзбек президентинин тун кызы швециялык TeliaSonera уюлдук операторуна байланыштуу "кылмыш ишке катыштыгы бар" деп шектелип жаткандыгы маалымдалган. Швециянын прокуратурасы TeliaSonera Өзбекстанда үчүнчү муундагы уюлдук байланыш лицензиясын алуу үчүн Каримовага тиешелүү компанияга 358 миллион доллар пара бергени аныкталганын билдирген.

Швейцарияда мыйзамсыз акчаны адалдаштырган деген шек менен ачылган кылмыш иштин алкагында Гүлнара Каримованын аты аталган. Ушул тапта кызы менен үй түрмөдө отурган Каримованын ишмердүүлүгүнө байланыштуу иликтөөлөр АКШ жана Голландияда да жүрүп жатат.

XS
SM
MD
LG