Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:31

Өзбекстан: Каримовдон кийин ким?..


Президент Каримов кызы Гүлнара менен. (Сүрөт качан тартылганы белгисиз.)
Президент Каримов кызы Гүлнара менен. (Сүрөт качан тартылганы белгисиз.)

Гүлнара Каримованын бийлик, бизнес жана маданий олимптен кулашы президент Ислам Каримов кызына каршы чара көрүүгө аргасыз болгонун ачыкка чыгарды.

Айрым талдоочулар бул окуяларга лидери картайып бара жаткан өлкөдөгү элиталык топтор да таасир берди жана алардын Каримовдон кийинки бийлик үчүн ич ара күрөшү эми тымызын күчөй берет деп боолгошот. “Азаттыктын” “Өңүт” апталык берүүсүндө коңшу өлкөдөгү кландык топтордун ички саясаттагы ролун өзбекстандык талдоочулардын жардамы менен билгенге аркет кылдык.

ГҮЛНАРА КАРИМОВА КАРА БУЛУТКА КАНТИП КАБЫЛДЫ?

Бир учурда атасынын саясий мураскери болот деп болжолдонгон Гүлнара Каримова тыш коомчулуктун көңүлүн азыр улам бир жаңылыгы менен бурдуруп турган кез. Мурдараак өзү үй камагында отурганын англис тилинде жалооруп айтып, аудиосун жөнөтсө, кечээ жакында үй камагында отурганын күбөлөндүргөн сүрөттөрдү чет элдик өкүлүнүн жардамы аркылуу сыртка таратты.

please wait

No media source currently available

0:00 0:13:29 0:00
Түз линк

Бирок ал чындап эле бийликтин каарына калып куугунтукка түштүбү же Каримованы чет элдик аудиторияга куугунтукталган адам катары көргөзүп, Батыштагы кылмыш иштеринен куткаруу үчүн атайын пиар өнөктүк жүрүп жатабы, бул толук айкын боло элек.

Өзү Гүлнаранын үстүнөн кара туман 2011-жылдын сентябрынан тарта алгач Батышта айлана баштаган эле.

Мекенинде болсо көйгөйлөр 2013-жылдын күзүнөн тарта чыгып, акыры үй камагына алынып, Башкы прокуратура тарабынан кылмышка шектүү катары аталышы өзбек кландарынын президент кызынын ишмердигине катуу нааразылыгынын натыйжасы, дейт “Азаттык” менен маегинде саясат таануучу жана мурдагы дипломат Алишер Таксанов:

- Каримов иш жүзүндө кландардын үстүндө туруп келген. Азыр мындай болбой жатат. Бул нерсе акыркы окуялардан, ал өз кызын тизгиндөөгө мажбур болгонунан да көрүнүүдө. Анткени, Гүлнара Каримова ал башпакпоосу керек болгон чөйрөлөргө да кирип кеткен. Кландар атайын кызматтын жардамы менен курган бизнеске жолтоо кыла баштаган. Ал мына ушундан күйүп калды. Атасына таянып алып башкалардын бизнесин, байланыштарын талкалап, өз долбоорлору үчүн бюджеттен акча талап кыла баштаганда бул ресурстарды көзөмөлдөгөн адамдар болду жетишет дешти да. Гүлнарага вице-премьер Рустам Азимов, Улуттук коопсуздук кызматынын башчысы Рустам Иноятов, премьер-министр Шавкат Мирзияев каршы чыкты. Башка регионалдык элиталар да каршы болду. Анткени Гүлнара алтын, пахта, жез, газ соодасына да кийлигише баштаган. Буга тушташ Гүлнаранын “Тела Сонера” менен байланышкан чыры тутанып, пара берүүнүн, откат алуунун механизмдери ачыкка чыгып кетти. Швейцарияда 800 миллион доллар акча тоңдурулду. Бул өз кезегинде дагы кайсыл топтор капиталды сыртка алып чыгууга катышып жатат деген шек саноолорду жаратты. Бул жагдайлар Өзбекстандагы кландардын кызыкчылыгына каршы келет. Мындан улам алар "президентке кызыңыз бизге тоскоолдук кылып жатат" деген дооматтарын түз болбосо да башка формада жеткиришкен болуш керек. Кландардын колдоосусуз эч нерсе жасай албасын Каримов да түшүндү болуш керек.

Алишер Таксанов кезинде Өзбекстандын тышкы иштер министрлигинде, Стратегиялык изилдөөлөр боюнча институтунда иштеген.

2008-жылы “Өзбекстандагы көмүскө экономика жана коррупция: Кландар менен укук коргоо органдары саясий ишмердикте” деген аталышта китеп чыгарган.

Ал “Азаттык” менен маегинде белгилегендей, кландардын Өзбекстандын ички турмушундагы таасирин кезинде өз китебинде президент Ислам Каримов да моюнга алган болчу:

- Ал китебинде Өзбекстанда коомдун структурасында кландар бардыгын, алар коркунуч туудурарын, мамлекеттин кландарга бөлүнүшү саясий жана экономикалык дестабилдешүүгө алып барарын, жана башкаларды белгилеген, бирок конкреттүү эч нерсе айткан эмес.

Алишер Таксанов Өзбекстандын тарыхый жагын алганда жердешчиликке негизделген кландык топтору 2000-жылдардын орто ченинен тарта бизнес жана башка кызыкчылыктардын негизинде бейрасмий каржы өндүрүш топторуна айланып калганын кошумчалайт.

Каримованын үй камагында олтурганын күбөлөндүргөн сүрөттү 16-сентябрда анын өкүлү тараткан.
Каримованын үй камагында олтурганын күбөлөндүргөн сүрөттү 16-сентябрда анын өкүлү тараткан.

Саясат таануучу жана мурдагы дипломат Ташпулат Юлдашев “Азаттык” менен маегинде президент Ислам Каримов ички –тышкы басымдын натыйжасында кызынын тизгинин тартууга аргасыз болгону менен азыр да кайсыл бир топтун бийликте үстөмдүк кылып кетишине жол бере электигине, кырдаалды көзөмөлдөп жатканына токтолду:

- Өзбекстандын шартында кайсыл бир топту бөлүп көргөзүү кыйын. Анткени, Каримов кырдаалды толугу менен көзөмөлдөп турат. Анын үй-бүлөсүнө байланыштуу чуулгандуу окуя чыкканда, мен да балким Өзбекстандын Улуттук коопсуздук мекемеси бүткүл бийликти колго ала баштадыбы деп ойлогом. Бирок Ташкенттен алган соңку маалыматтарыбызга караганда, Каримов кырдаалды толугу менен көзөмөлдөөдө. Ал эми кызы менен байланышкан жаңжал албетте, Каримовдун өзүнө да абдан эле жагымсыз болду. Атасы кызынын мындай ири масштабдагы коррупциялык аферасын билбей коюшу мүмкүн эмес эле да. Адамдар муну түшүнөт. Тиешелүү маалыматтарды Каримовдун жардамчылары да ага бербей коюшу мүмкүн эмес эле. Өзбекстанда телефон сүйлөшүүлөрдүн баары угулуп, баары көзөмөлдөнөт. Мындай шартта Каримов кызынын кылгандарын билмексенге сала алмак эмес. Анын чара көрүүдөн башка аргасы калбады.

БИЙЛИКТЕГИ НЕГИЗГИ ОЮНЧУЛАР

Өзбекстанда саясат ачык жүргүзүлбөгөндүктөн, парламент мүчөлөрү жана төрагалары эч нерсени чечпегендиктен, бийликтин жогорку тепкичтерине жаңы кишилер абдан эле сейрек киргизилгендиктен байкоочулардын баары президент Каримовдон кийинки таасирлүү адамдар катары үч -төрт гана ысымды аташат.

Негизинен Өзбекстандын бийлигиндеги негизги оюнчулар ташкендиктер менен самаркандыктар.

Рустам Азимов (оңдо) жана Шавкат Мирзяев
Рустам Азимов (оңдо) жана Шавкат Мирзяев

2003-жылдан премьер-министрдин кызматында турган Шавкат Мирзияев самаркандыктардын жогорку бийликтеги өкүлү саналат. Премьер-министрдин биринчи орун басары катары Өзбекстандын бүткүл тышкы экономикалык байланыштарын тейлеген жана 1998-жылдан бери каржы министринин кызматын аркалаган Рустам Азимов ташкендиктердин өкүлү.

1995-жылдан бери Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматын үзгүлтүксүз башкарып келе жаткан Рустам Иноятов Сурхандарыя облусунан чыкканы менен аны байкоочулар Ташкент кланына жакын адам катары санашат. 2000-жылдан бери Башкы прокурордун кызматын аркалаган Рашитжон Кадыров анжияндыктардын өкүлү.

Чечүүчү кызмат орундарынан Өзбекстандын ички иштер министри акыркы ирет былтыр алмашты. Ички иштер министрлигин былтыр декабрдан бери башкарып жаткан Адхам Ахмедбаев ташкенттик экенин эске алган байкоочулар бул дайындоону Самарканд-Жизак тандеминин утулушу катары баалашкан. Анткени акыркы жыйырма жыл бою Өзбекстандын ички иштер министрлиги Самарканд тараптан чыккандардын колунда болчу.

Өзбекстанда быйыл декабрда кезектеги парламенттик шайлоо, андан токсон күндөн кийин 2015-жылдын март айына барып, президенттик шайлоо өтүшү керек.

please wait

No media source currently available

0:00 0:09:55 0:00
Түз линк

Алдыдагы шайлоолорду утурлай быйыл жыл башында Өзбекстанда Конституцияга айрым бир өзгөртүүлөр киргизилип, парламенттин жана премьер-министрдин ыйгарым укутары мурдагыдан кеңейтилген болчу.

Бирок Конституция Өзбекстанда башкаруучу режимдин кызыкчылыгы үчүн каалагандай өзгөртүлө берерин эске алган талдоочулар муну алдыдагы шайлоону көздөй олуттуу даярдык катары санашкан эмес.

Болгону улгайып бара жаткан Каримовдун бийликти көзөмөлдөөдө анча чечүүчү эмес ыйгарым укуктардан баш тартуусу катары баалашкан.

Президент Каримовдун үй-бүлөсү.
Президент Каримовдун үй-бүлөсү.

“Азаттыктын” маектеши, саясат таануучу жана мурдагы дипломат Алишер Таксанов кызынын айланасындагы окуялар президент Каримовдун бийликтен кетпөө оюн мурдагыдан да бекемдеди деп эсептейт:

- Менимче, Каримов шайлоого кайра барат, башка аргасы жок. Анткени үй-бүлөсү менен байланышкан кырдаалды жөнгөрүп, алардын коопсуздугун камсыз кылыш керек. Бирок шайлоого катышуунун укуктук жагын кантип негиздешет, мен билбейм. 2007-жылкы акыркы шайлоодо Каримов ага эмне үчүн кайра катышып жатканын эч негиздеген эмес. Анткени ага чейин Конституцияда каралган эки мөөнөт гана иштебестен, өз бийлигин референдумдар аркылуу узарткан да. Эми быйыл Конституция өзгөртүлгөнүн жүйө тартып коюшу мүмкүн. Бирок Конституция өзгөртүлдүбү же жокпу Каримов президенттикте канча мөөнөт отурганы белгилүү да. Алдыдагы шайлоонун үстүнөн азыр атайын топ иштеп, президентти кантип жана эмненин эсебинен өткөрүү жагын, мунун укуктук булактарын издеп жатса керек.

КАРИМОВДОН КИЙИН...

Атасы кызына каршы чара көрүүсүнө элиталык топтор да кийлигишти жана президент улгайып бара жатканын эске алганда алардын бийлик үчүн тымызын күрөшү эми күчөй берет деп болжолдонгондуктан Каримовдон кийинки мөрөйдү ээлөөгө кимдин жана кайсыл топтун мүмкүнчүлүгү жогорку деген да суроолор жаралбай койбойт.

“Азаттыктын” маектештеринин баары өзбек президенти бийликте өмүрүнүн аягына чейин олтурушу мүмкүн жана көзү тирүүсүндө мамлекет башчылыкты эч кимге өз эрки менен өткөрүп бербейт деп санашат.

Бирок саясат таануучу жана мурдагы дипломат Ташпулат Юлдашев Каримовдон кийин президенттин тегерегиндеги азыркы саясий топтордун жалгыз бири дароо эле үстөмдүк кылып кетиши кыйын экенин айтат:

-Рустам Иноятовдун, Шавкат Мирзияевдин, Рустам Азимовдун ичинен мунусу үстөмдүк кылып кетет деп айта албас элем. Тескерисинче баарынын кызыкчылыгындагы иш - мунаса табуу. Бийлик алмашуусу Өзбекстанда ири мүлктү кошо тартып алуу дегенди да туюндурат. Бийликтеги элита, Каримовдун тегерегиндегилер мунасага келбесе, кан төгүү болот. Муну баары жакшы билишет. Анткени, ал адамдардын өздөрү жана жакындары абдан бай кишилер. Андыктан жок дегенде өзүн-өзү сактоо, башаламандыкка, элдик толкундоого жол бербөө үчүн бийликти бөлүшүп, кимдир бирөөнүн талапкерлигине шарт менен макул болууга аргасыз. Бийлик толугу менен Каримов сыяктуу бир адамга тийбейт. Бизде Түркмөнстандын тарыхы кайталанбайт.

Ташпулат Юлдашев бийликтин биринчи эшалонунан буга чейин Каримовдун мураскери катары айтылып келе жаткан эки-үч адамдын ичинен биринчи вице-премьер Рустам Азимовдун туруму бекемирээктигин кошумчалады:

- Рустам Азимов принцибинде кылдат иш жүргүзүүдө. Конфликтүү кырдаалдарга аралашпайт. Өзүн коомчулукка көргөзбөөгө да аркеттенет. Бирок аны да чоң коррупционер деп айтышат. Гүлнара өзү Твиттердеги баракчасында Азимовдун 4 миллиард доллары бар деп жазган. Балким мындан аздыр, бирок Гүлнара бир нерсени билсе керек. Булардын ичинен азыр өзүн көргөзүүгө аракеттенип жатканы премьер министр Шавкат Мирзияев. Бирок Ташкенттеги кырдаалга байкоо салгандар арасына Мирзияевге карата мамиле анча жакшы эмес. Адамдарды кагып-силкүү, кордоо жагынан ал өзүн Каримовдон да жаман кылып көргөзүп жүрөт. Аны Өзбекстанда жакшы көрүшпөйт. Менимче, Каримовдон кийин анын бийликте калыш мүмкүнчүлүгү абдан эле аз. Азыр Каримов менен Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Иноятовдун мамилеси сууганы да айтылып жатат. Бирок аны Каримов иштен дароо эле алып сала албайт. Мындай шартта атайын кызматтын генералдары, офицерлери арабызда репрессия башталбайбы деп чоочуп кетиши мүмкүн.

Өзбекстандын кландары бийликтин тынч алмашуусуна кызыкдар экендигин “Азаттык” менен маегинде мурдагы дипломат жана саясат таануучу Алишер Таксанов да белгилеп, Каримовдун болочок мураскеринен талап кылынчу сапаттарга токтолду:

- Кландар аларга олку-солкулуктун кереги жоктугун, мындайда жоготууга учураарын билет. Алар кирешелеринин стабилдүүлүгүнө, кырдаалдын стабилдүүлүгүнө кызыкдар. Бул үчүн консенсус жана президенттик кызматка түртүлгөн адамдын авторитети бардык кландар жана аймактар менен тең мамиле түзүүсү, колдоо ала алышы талап кылынат. Кландар болсо бул адам калыптанган түзүлүштү, кызыкчылыктарды сындырбастан, тескерисинче ошол топтук кызыкчылыктарды колдой турганын билиши керек. Менимче, мындай адам бар. Сырттан, белгисиз кишини бийликке эч ким киргизбейт. Бизде саясатчы жок да, ал бирөө жалгыз Каримов гана. Кийинки президент саясатчы катары бийлике келгенден кийин гана калыптанат. Жаңы жүздөрдөн маселен кызматка былтыр эле дайындалган ички иштер министри Адхам Ахмедбаевди айтышат. Кесиби боюнча юрист, экономист, кандуу иштер менен колун азырынча булгай элек. Бийликтин ичинен ушундай азырынча көп белгисиз адамдар чыгып калышы мүмкүн. Буга чейин мураскер катары айтылып ккелгендердин арасынан көп жылдан бери каржы тармагын көзөмөлдөгөндүктөн Рустам Азимовдо бардык региондордун өкүлдөрү менен байланыш бар. Көп жылдан бери бюджетти көзөмөлдөп, колунда экономикалык таасир көргөзүүнүн аспабы тургандыктан, мененджер катары калыптанды. Өткөн мезгил аралыгында ал эч ким менен жаңжалдашкан жок, бир гана Гүлнара Каримова менен. Тескерисинче Гүлнара Каримова аны менен жаңжалдашты.

Өзбекстандык дагы бир саясий талдоочу Алишер Илхамов болсо “Азаттык” менен маегинде Каримовдон кийинки саясий мурасты ээлөө анын көздөгөндөр үчүн “шахматтык оюн” сыяктуу экенин айтат:

- Баары бир жагынан бийлик бөлүүдөн кечигип калбоодон, ошол кезде учурунан мурда чыгып албоодон чочулап турат. Анткени учурунан мурда чыгып алуу бул чоң тобокелчилик жаратат. Маселе алар кадам жасоо үчүн кайсыл мезгилди тандаарында. Андыктан бир нерсе айтыш кыйын. Баары президент өзү эмне кыларына, негизги оюнчулар үчүн кандайдыр бир чегинүүгө барар-барбасына көз каранды. Бирок ошол оюнчулардын өздөрү үчүн да чоң тобокелчилик бар. Ким кандай план же формула түзбөсүн, система жалпысынан болжоп болгус, өзүнө бейстабилдүүлүктүн булагын камтып турат.

2015-жылы Ислам Каримовдун жаш курагы 76га карайт, мамлекет башчылыкка келгенине 25 жыл толот.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG