Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:32

Өзбек саясатчысы 27 жылдан кийин акталды


Инамжон Усманхожаев
Инамжон Усманхожаев

Өзбекстан советтик лидер Инамжон Усманхожаевге 27 жыл мурда чыгарылган соттун өкүмүн жокко чыгарды.

86 жаштагы советтик лидер Инамжон Усманхожаев акыры кылмышкер деген атынан арылганына кубанып турганын “Азаттыкка” айтты. Ал 1983-1988-жылдар аралыгында Өзбек ССРинин Коммунисттик партиясынын биринчи катчысы болуп иштеген. 1989-жылы “Пахта иши” деген атка конгон коррупция жаңжалы боюнча 12 жылга эркинен ажыратылган.

Эми Өзбекстандын Жогорку Соту 27 жылдан кийин бул өкүмдү жокко чыгарып, Усманхожаевди кат аркылуу кабардар кылган. Бул чечим 18-ноябрда кабыл алынган экен.

“Мен бул күндү чейрек кылым күттүм. Эмне үчүн бул иш мынча создукту? Аны мурдагы жетекчилер эле билсе керек. Бул мага гана эмес, “пахта ишине” карата да акыйкат чечим болду. Чындыгында бул өтө туура эмес кылмыш иши болгон. Мен бул токтом үчүн азыркы жетекчиликке ыраазычылыгымды билдирем”,-деди Инамжон Усманхожаев.

СССРдин биринчи жана акыркы президенти Михаил Горбачевдун учурундагы коррупцияга каршы өнөктүктүн алкагында Өзбекстанда жана Орусияда жогорку кызматтагы аткаминерлерге карата 800гө чукул кылмыш иши ачылган. Натыйжада Инамжон Усманхожаев сыяктуу 4 миңдей киши эркинен ажыратылган.

Советтер Союзу ыдырагандан кийин алардын көбү акталганы менен Усманхожаевдин өкүмү жокко чыгарылган эмес. Болгону 1990-жылы аны Өзбекстанга алып келип, эркиндикке гана чыгарышкан. Ферганалык укук коргоочу Абдусалом Эргашев мындай кадамдын себебин сентябрь айында көз жумган президент Ислам Каримовдон башка эч ким билбестигин айтты.

Өзбекстандын жаңы президенти - Шавкат Мирзиёёв
Өзбекстандын жаңы президенти - Шавкат Мирзиёёв

Ноябрь айында Өзбекстанда саясий туткун катары чейрек кылымдай абакта отурган ишкер жана мурдагы депутат Самандар Куканов да эркиндикке чыккан. Айрымдар мындай бошотуулар үчүн 4-декабрда расмий түрдө президент болуп шайланган Шавкат Мирзиёевди даңазалашканы менен, ондогон жылдардан бери Түркияда баш калкалап жүргөн өзбек оппозиционери Мухаммед Салих бул шайлоо алдындагы “шоу” болгонун айтты:

“Мирзиёев келди, эми чоң өзгөрүү болушу ыктымал деген үмүттөр жаралды. Бирок, менин тажрыйбам көрсөткөндөй, бул адамдар коммунисттик тарбия алган лидерлердин шакирттери, Каримовдун жолун жолдоочулар. Булар эч качан элдин акыйкат-азаттыкка жетишин каалашпайт. Андай болчу болсо булар ал жерде отурбашы керек. Ошон үчүн шайлоо алдында уруш-талашсыз тактыга отуруу үчүн ушундай кадамдарга барды. Башка максаты жок. Ошондуктан мен булардын мындан кийинки иштеринде да жаңылык болот деп күтпөйм”.

Эл аралык “Хьюман Райтс Уотч” укук коргоо уюму да жаңы шайланган президент Шавкат Мирзиёевди Өзбекстандагы адам укуктары боюнча реформа жүргүзүүгө чакырды. Уюм президентти саясий туткундарды бошотууга, кыйноолорду токтотууга, коомго жана маалымат каражаттарына эркиндик берүүгө, мажбурлап ишке тартуу көрүнүшүнө чекит коюуга жана 2005-жылкы Анжиян окуяларына эл аралык иликтөө жүргүзүүгө үндөдү.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG