Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:59

Бишкектеги Спорт ордосунун жанында жардыруу болду


Жардыруудан кийин иликтөө иштери башталды.
Жардыруудан кийин иликтөө иштери башталды.

Бишкектеги Спорт ордосунун түндүк ыптасында бүгүн эртең мененки саат 9да жардыруу болду. Жардыруудан 6 киши жаракат алганын Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов "Азаттыкка" тастыктады.

Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкуловдун "Азаттык үналгысына" билдиргенине караганда, жардыруу учурунда алты адам жеңил жаракат алды. Алар дароо ооруканага жеткирилген.

Иманкуловдун айтымында, колго жасалган күчү анча чоң эмес жардыруучу зат сарайдын жанындагы люкка жекшемби күнү орнотулган болушу мүмкүн.

М.Иманкулов жардырууну Кыргызстанда бейстабилдүүлүктү орноткусу келген, апрель окуялары боюнча сотту үзгүлтүккө учуратууну каалаган күчтөр уюштурушу мүмкүн экенин айтты.

Ошондой эле бул жардырууну кечээги (29-ноябрдагы) Оштогу атышууларга байланыштырган версия да каралып жатканын маалымдады. Азырынча окуя боюнча шектелгендер кармала элек.

Коопсуздук кеңешинин катчысынын болжолдогонуна караганда, жардырылган зат өзгөчө талкалоочу күчкө ээ болбогон элементтерден жасалышы ыктымал.

Учурда жардыруунун себептерин жана башка жагдайларын атайын адистер, кинологдор иликтеп жатышат.

Ички иштер министрлиги шаар тургундарын үйлөрүнүн же короолорунун жанында шектүү заттарды, баштыкчаларды байкаса кармалап жибербей, тез аранын ичинде тартип коргоо органдарына кайрылууга чакырды.

Бүгүн саат 10до Спорт ордосунда 7-апрелдеги окуяларга байланыштуу кезектеги сот жараяны башталмак.

Ал аралыкта Ош шаарында жана облусунда күч органдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөй баштады.

Ушул тапта Ош шаарына кирүүчү жолдордун бардыгына куралчан милициялар жана аскерлер коюлуп, паспорттук көзөмөл киргизилди.

Мындай өзгөчө абал кечээ Ош шаарында террордук уюмдарга тиешеси бар делген адамдарды кармоо иш-чарасынан кийин болууда.

Ош шаарындагы автобекетке жакын аймактагы үйлөрдүн бириндеги дүйшөмбү күнкү иш-чара маалында куралдуу каршылык көрсөткөн үч адам жок кылынып, дагы бир жоочу өзүн жардырып жиберген.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматынын атайын бөлүгүнүн үч жоокери жаракат алган.

Учурда бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, оперативдүү тергөө-иликтөө иштери аткарылууда.

Тасма.

Спорт ордосунун жанындагы жардыруу
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:27 0:00

XS
SM
MD
LG